- Гезитти каттабай жатышы боюнча менин макалам жарык көргөндөн кийин мен кандайдыр бир натыйжа, алга жылуу болсо керек деп үмүттөндүм эле. Жок, баары тескерисинче болду. Макаланын түздөн түз каарманы, гезитти каттабай жаткан адам - Болот Саипов министрликтеги Каттоо иштери боюнча башкармалыктын жетекчисинин орун басары болчу. Макала жарык көргөндөн кийин ал кызматынан көтөрүлүп, ошол башкармалыктын башчысы болуп калды. Мунун баары бийликтин айтканын кың дебей аткарган адамдар мына ушундай алкоого арзый турганын көрсөттү.
Мен адилет министринин орун басары Касымбек Майкөзов менен жолуктум. Адилет министринин өзү Курмантай Абдиев менен да жолуктум. Алар албетте Ак үйдөн же дагы башка жактан кандайдыр бир көрсөтмө келгенин танып жатышат. Бул эми түшүнүктүү эле дечи. Башкача болушу мүмкүн эмес, анткени муну эч ким мойнуна албайт да.
“Катчылыктын сырлары” аттуу макалам жарык көргөндөн кийин мен бешинчи жолу арызым кайра кайтарылды. Мен анда да Болот Саипов менен жолуктум. Мен ага "карандаш менен кайсы жерде кандай ката кеткенин, кандай кылып оңдошум керек экенин көрсөт", дедим. Биз отурулуп алып талкууладык. Ал ар бир тамгага асылып атты. Башкача айтканда, “бул үтүр туура эмес коюлган, мааниси өзгөрүп калып жатат” деди. Бул эми бала бакча да. Эгер мен биринчи жолу газета каттатып жаткан болсом, анда ооба анын айткандары менен макул болмокмун. Анан бул биринчи гезитим болбогондон кийин, журналистикада биринчи эле жыл иштебегенден кийин мунун баары курулай асылуу экени түшүнүктүү.
Мен азыр алтынчы жолу арыз тапшырдым. Эми аларды бул ишти карата албай жатам. Алар “бизде бир айлык мөөнөт бар”, деп атышат. Муну менен эле катар алар ошол бир айлык мөөнөт бүткөндөн кийин каттоодон кайра эле баш тартып коюшат. Мен аларды бир айдын аралыгында дегенде бүгүн, эртең, болуптур бир жумадан кийин караса болоорун, бирок бир айдан кийин гана карайбыз деген туура эмес экенин түшүндүрө албай жатам.
- Эми мындан ары кандай кылайын деп жатасыз? Эгер алтынчы жолу арызыңызды алып гезитти каттабай койсо, ал ойдон баш тартасызбы?
- Жок. Мен баары бир каттатууга аракет жасайм. Майкөзовдун өзү соттошпойсуңбу деп айтып жатат. Мен айттым, “жакшы, соттошом, силер дагы каттабай койгула”, дедим. Майкөзовдун айтымы боюнча, мен өзүмдүн макалаларым менен Кыргызстанды уят кылып, өлкөнүн кадыр-баркына шек келтирип аткан мишмин. Мен Майкөзөвго, “болуптур, мени мындай макалаларды жазууга ким мажбурлап жатат”, дедим. “Өзүңөрдүн акылсыз жоруктарыңар, чечимдериңер менен силер уят кылып жаткан жоксунарбы”, дедим. “Силер Кыргызстанда мыйзам иштебей турганын, телефон укугу мыйзамдын тамгасына караганда жогору турарын силер көрсөтүп жатпайсыңарбы” деп айттым.
Мен эми алар менен соттошпойм деле го, алар, алардын иш-аракеттери тууралуу макалаларды жазууну токтотпойм.
- Демек эгер дагы арызыңызды каттабаса сотко кайрылбайсыз, бирок макалаларды жаза бересиз?
- Жок сотко деле кайрылам, макалаларды да жаза берем. Болгон нерсесин ача берем.
- Рахмат маегиңизге.
Эгер мен биринчи жолу газета каттатып жаткан болсом, анда ооба анын айткандары менен макул болмокмун