Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:30

Таласта бакиевчилер баркталды, атамбаевчилер "аркандалды"


Президент Курманбек Бакиев бүгүн Таласка барып, “Манас-Ордо” комплексинде шайлоочулар менен жолугушту. БЭКтин атынан президентикке талапкер болуп чыккан А. Атамбаевдин сүрөтү тартылган футболкаларды кийип жүргөн ондогон адамды милиция жолугушууга жолотпой, колдорун кайрып кармап кетишти.

Талас районуна караштуу Долоно айылындагы “Манас- Ордо” комплексине бараткан жолду тороп турган жергиликтүү милиция кызматкерлеринен президент менен жолугушууга өтө албай Бириккен элдик кыймылынын Таластагы өкүлдөрү саналган жоон топ адам турду. Эки тараптын ортосунда кайым айтышуу болуп жатты. БЭКтин Талас шаарындагы мүчөсү Камчыбек Түлөкулов милициянын жолду тосконунун өзү эле мыйзам бузуу деп сынга алды.

-Бакиев келди дегенинен сөзүн угалы деп “Манас Ордого” келгенбиз, бизди жолдон милициялар тосуп алып, күмбөзгө кире бериш жерде өткөзбөй жатат. Президен Бакиевдин өзүнүн сөзү бар эле бул мыйзамсыз деген. Эми муну эмне деген деп түшүнсөк болот, бизди жолдон өткөзбөй жолду тосуп. Ошону менен ушул жерде жүздөй киши чогулуп турабыз өтө албай.

Укук коргоо кызматкерлери эмне себептен жолду тосуп, шайлоочуларды өткүрбөй жатасыңар деген сурообузга жооп бербестен үн жазуучу аппаратты “Өчүр! өчүр!” деп оройлук менен талап кылышты.

Курманбек Бакиев “Манас-Ордо” комплексинин түндүк жагындагы аянтчага саат ондон өткөндөн кийин келди. Алты миңге жакын шайлоочулардын астында Курманбек Бакиев көбүн эсе мурда жасалган иштери жана долбоорлор тууралуу кеп кылды.

Президентти тосуп алуу үчүн жергиликтүү бийлик “Манас-Ордого” облустагы мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин жардамы менен ондон ашык боз үй тиктирип, Бишкектен ырчыларды чакырып, аксакалдарга тамак уюштурушкан. "Бардык талапкерлерге ушундай жолугушуу уюштурулабы?" деген сурообузга губернатордун орун басары Касым Чаргынов “аны убакыт көрсөтөт” деп кана жооп берди.

Курманбек Бакиев сахнада сүйлөп жаткан мезгилде элдердин арасында отурган Алмаз Атамбаевдин жактоочуларынан тогуз адамды милиция кызматкерлери кармап, аларды ички иштер бөлүмдөрүнө алып барып, түшүнүк жаздырып туруп кое беришти. Бул жөнүндө “Азаттыкка” милициянын колуна түшүп чыккан, аты жөнүн айтуудан баш тарткан жигит мындай деп билдирди:

-Бизди кармаган себеби эле ушул болду, түшүндүргөн жок. Эч кандай тартип бузган эмеспиз, жакшынакай кетип баратканбыз, болгондо да ичине кирип калган болчубуз “Манас Ордонун”. Төштү ачышты, төштү ачышканда эле көйнөктүн астында футболка бар болчу Атамбаевдин сүрөтү менен, ошол себептен кармап кетишти. Анан кийин мына зорго чыктык.

Курманбек Бакиев шайлоочулар менен жолугушуп кеткен соң, Долоно айылында Атамбаевдин сүрөтү тарылган футболкаларды кийип, жолдон өтө албай турган 100дөн ашык шайлоочуларды милиция күчтөрү колдорун кайрып, автоунааларга салып алып кетишти.

Милиция кармап кеткен адамдардын өздөрүнүн айтымында, Талас райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген 28 адам түшүнүк жазып бергенден кийин гана бошотулду. Укук коргоо кызматкерлери жөн жай турган адамдарды кармоонун себептери жөнүндө “Азаттыка” кандайдыр бир түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

XS
SM
MD
LG