Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Ч.Имашев: Биз айла жоктон насыя алып жатабыз


Эл аралык уюмдар Кыргызстанга ушул жылдын аягына чейин 245 млн. доллар жардам берүүгө убада кылышты.

Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын Вашингтондо өткөн жылдык жыйынына катышып келген Кыргызстандын каржы министри Чоробек Имашевдин айтымында, бериле турган каражаттардын ичинен 130-150 млн. долларды Орусия, 28 млн. долларды Дүйнөлүк банк берет. Мындан тышкары Азия өнүгүү банкы жыл аягына чейин 40 млн. доллар берет. Ошондой эле Дүйнөлүк банк менен Ветеринария кызматын жакшыртуу үчүн 10 млн. долларлык келишимге кол коюлган.

- Бир топ жолугушууларды өткөрүпсүздөр. Кыргызстанга кандай жардам беребиз деп айтышты?

- 27-июлда өткөн донор уюмдардын биринчи конференциясында 1 млрд. 100 млн. доллар үч жылдын ичинде бөлүп беребиз дешкен. Бүгүнкү күндө, биз барып келген жылдык жолугушууда 245 млн. долларды биздин донорлор ошол жерден убада беришти, жылдын аягына чейин бөлүп беребиз деп.

- Тактап кетсеңиз, кандай шартта, канча убакка берилмей болду бул каражат?

- Алардын 52 пайызы грант, 48 пайызы насыя түрүндө берилмей болду. Ал эми Орусиядан берилип жаткан акчалар 25 жылга 1 % менен. Айтылып жаткан каражаттар конференцияда убада берген бир, ошол да оңойчулук менен бөлүнүп берилбейт. Анын шарттары бар. Бирок булар бир убакта эмес, үч жылга 2012-жылга чейин бөлүнгөн да. Мисалы, Дүйнөлүк банк менен 70 млн доллар жардам келишими бар эле. Анын 7-октябрда бардык жол-жобосун бүтүрдүк. Жакынкы арада ал каражаттар которулуп берилет бизге.

- Ал каражаттар кайсы тармактарга жумшалат?

- Энергетика, транспорт, башка инфраструктура, азык-түлүк менен камсыз кылуу, социалдык, финансылык тармак жана айыл чарба.

- Быйыл бюджет жетишсиздиги абдан чоң болуп турат. Анын айынан бюджеттик мекемеде иштегендердин эмгек акысы жана пенсия кечеңдебейби?

- Бүгүнкү күнгө чейин кечиктирилбей эле берилип атат да. Биз жылдын аягына чейин деле кечиктирилбейт деп ойлойбуз. Ал эми бүгүнкү күндө 28 млрд. бюджеттин жетишсиздигин алсак жылдын ортосунда анын 66 % жабылды. Анын 80 пайызы тышкы жардамдан жабылып атат. Андан сырткары ар кандай биздин ички резервдер менен кыскартуу жүргүздүк, бюджеттин кээ бир беренелерин.

- Донор уюмдарында сөз болгон каражаттын ушул учурга чейин канчасы келип, каяктарга жумшалды?

- Бүгүнкү күндө бюджетке 85 млн. доллар келди десек болот, ошол донор конференциясынан кийин. Андан башка 130 млн. доллар каражаттар инвестициялык долбоорлорго жумшалып атат, алар менен азыр келишимге кол коюлду.

- Кыргызстандын тышкы карызы канча болду?

- 2 млрд. 600 млн. доллар. Тышкы карыз көбөйдү соңку кезде, бирок бир нерсени эске алыш керек. Мисалы, Бишкек-Торугарт жолу салынып атат, анын фазалары бар. Толук бүтүрүш үчүн каражат табышыбыз керек. Каражатты көбүнчө инвестициялык долбоорлорго карыз алып жатпайбызбы же болбосо Датка-Кемин деген долбоорду ишке ашыруу үчүн кытай өкмөтү менен мурунтан бери эле сүйлөшүү жүрүп жатат. Азыр эми жети жылдан бери сүйлөшүп жаткан долбоорду биз ишке ашырабызбы, өкмөттүн канадй чечими болот деген маселени коюп жатат.

- Орусиядан келген 300 млн. доллардын канчасы жумшалды, ошол боюнча да маалымат бере кетсеңиз?

- 186 млн. доллар Өнүктүрүү фондунан Улуттук Банкка которулган болчу. Андан бюджетке колдондук. 100 млн. доллары Ош, Жалал-Абад шаарларын кайра курууга жумшалат. Анын учурда 11 млн. гана колдонулду. Ал эми 86 млн. доллары бюджетке дефицитти жабыш үчүн колдонулду.

- Казакстан донор уюмдардын экинчисин Алматы шаарында өткөрүлөрүн айтты эле. Качан болору белгилүү болдубу?

- Казакстандагы кесиптештерибиз иштерди алып барып атат. Донорлор менен сүйлөшүп атат. Бул жөн эле чогулуп, жыйынтыгы жок жыйын болбошу керек. Конкреттүү кандай жардам бере алат, кандай шарттар менен бере алат, ошолор каралып атат. Ага да убакыт керек.

- Айрым эксперттер донор уюмдар айткан сумма келер-келбеси арсар деген пикирлерди айтып жатышат. Канчалык ишеничтүү деп ойлойсуз?

- Бул бир эле Кыргызстандын тажрыйбасында эмес, донорлор каражатты бөлүүдө шарттары менен берет. Шарттар аткарылмайынча ал каражат келбейт. Мисалы, Гаитиде чоң кыйроо болгондо 10 млрд. доллар бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө 600 млн. доллары гана келген ошол жардамдын. Ошондой болот дебей, иштеш керек.

- Кыргызстанга берилчү жардамдар кандай шарт, пайыздар менен берилмей болду?

- Жумшартылган шарттар, 20 жылдан 40 жылга чейин, 1 % тегерегинде. Азыр алсак каникулярдык убак деп аны төлөө 2020-жылы башталат. Бирок мамлекет кийин төлөйбүз деп эле ала бербеш керек кайра-кайра. Биз быйыл айла жоктон эле алдык, быйылкы жылдагы бюджеттин таңкыстыгын жабабыз деп. Мамлекет, өкмөт кийин экономиканын эсебиндеги кирешелер менен иштеш керек.

XS
SM
MD
LG