Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Уюлдук байланыш да кымбаттады


1-февралдан тарта Кыргызстандагы бардык уюлдук операторлор байланыштын баасын 60 тыйынга кымбаттатышат. Социал-демократтар фракциясы муну Мамлекеттик байланыш агенттигинин колу менен жасалган элге каршы саясат катары баалады.

Электрге, жылуулукка жана ысык сууга болгон баалар быйылтан тарта эселеп кымбаттаары тууралуу өкмөттүн чечими эл арасын кыйла кызыткан эле. Ошондо эле экономисттер тарифтердин көтөрүлүшү башка тармактарга да таасирин тийгизип, азык-түлүктөрдөн тарта түркүн тейлөө кызматтарынын баалары өсөрүн айтышкан.
Бул - Байланыш агенттигинин демилгеси же буйругу эмес. Жанагы 0,09 цент деген бул тармактар аралык траффик боюнча. Алар байланыштырууга кетет. Бул жерде биз ушул боюнча гана буйрук чыгарганбыз.
К.Кыдыралиев

Кымбаттоо эми уюлдук байланышка да жетти. 1-февралдан тарта Кыргызстандагы бардык уюлдук операторлор байланыштын баасын 60 тыйынга кымбаттатмай болушту.

Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясы уюлдук байланыштын кымбаттоосун, бийлик менен монополист уюлдук компаниялардын жең алдынан сүйлөшүүсү, элди каратып туруп тоноо катары баалоодо.

“MegaCom” компаниясынын маалымат кызматынын өкүлү Оксана Бедаштын айтымында, уюлдук байланыштын баасынын кымбатташына тарифтердин көтөрүлүшү менен катар Байланыш боюнча мамлекеттик агенттигинин акыркы чечимдери себепчи болду:

- Агенттиктин мобу буйругу, бул - байланышка болгон баалардын кымбатташына себепчи болгон факторлорунун бири. Негизи мындай чечимди кабыл алуу, рыноктогу бардык кымбаттоолордон да улам болду. Электр энергиясына, кара майга болгон баалар кымбаттап кетти. Бул биздин иштерге түз таасирин тийгизет. Андан тышкары биз менен кызматташкан бардык компаниялар өз кызматтарын көтөрүштү. Ошол эле маалымат каражаттарындагы жарнак баалары, кире акысы, жабдыктарды алып келчү ортомчу ишканалардын акылары да кымбаттап кетти. Албетте биз чыгашага иштей албайбыз.

Ал эми Байланыш агенттигинин жетекчиси Кубат Кыдыралиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, уюлдук байланышка баалардын кымбатташына Байланыш агенттигинин эч кандай тиешеси жоктугун, бул – жеке уюлдук операторлордун чечими экендигин билдирди:

- Бул - уюлдук операторлордун өздөрүнүн чечими. Алар өз функцияларын киргизип атышат...

- Демек мунун Байланыш агенттигине тиешеси жок экен да?

- Бул - Байланыш агенттигинин демилгеси же буйругу эмес. Жанагы 0,09 цент деген бул тармактар аралык траффик боюнча. Алар байланыштырууга кетет. Бул жерде биз ушул боюнча гана буйрук чыгарганбыз. Ушул буйрук менен чаташтырып атышса керек...

Ошентип, уюлдук байланыштын кымбатташына Байланыш агенттигинин чечими да түрткү бергенин уюлдук компаниялар билдиришкени менен аталган агенттик кымбаттоого тиешеси жоктугун билдирүүдө.

Уюлдук байланышка болгон баалардын кымбатташын бийликтен көрүп, уюлдук компаниялар менен келишип алган бийлик адамдары каалагандай бааны көтөрүп, кызылдай акчага туйтунгусу келишкени айтылууда. Мындай билдирүү менен парламенттин Социал-демократтар фракциясы чыкты. Фракция жетекчиси Роза Отунбаева буларга токтолду:

- Эми мына уюлдук байланышка келди кезек. Уюлдук байланышта ар бир чалуу үчүн силер дагы 60 тыйындан төлөйсүңөр. Ар бир телефон чалуу үчүн. Ушунчалык тариф көтөрүлүп атат. Алкымы тойбой атат булардын. Бир жагынан бюджетти жабыш керек. Экинчи жагынан жанагы бизнес топтору менен биздин өкмөт биригип алып, пулду бөлүшүп аткандагысы...

Эскерте кетсек, жаңы жылдан тарта мурда 70 тыйынга турган электр энергиясы 1 сом 50 тыйынга көтөрүлүп, эки эсе кымбаттады. Ал эми ысык суу менен жылуулукка болгон баалар 5-10 пайызга чейин көтөрүлдү. Тарифтердин кымбатташын утурлай өлкөдөгү түрдүү тейлөө кызматтарынын, товарлардын да баалары өсө баштады. Эми кыргызстандыктар уюлдук телефон менен ар бир сүйлөшкөнүнө мурдагыдан 60 тыйынга көп төлөшмөкчү.

XS
SM
MD
LG