Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

М.Конгантиев катуу сабалды


“Азаттыктын” ушул тапта Таласта жүргөн кабарчысы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди абалы тууралуу маалымат берди.

Акыркы 3-4 сааттан бери тынбай сабалып, тепкиленип жаткан ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин абалы азыр жакшы, канааттандырарлык деген маалыматты алдык. Ал ушул тапта “Телекомдун” имаратынын ичинде бир кабинетте отурат. Ошол эле учурда аны ооруканага жеткирүү тууралуу да сунуштар айтылып жатканы кабарланууда.

Молдомуса Конгантиевди облустук администрациянын экинчи кабатына алып чыгышты, ал балкондон элден кечирим сурады жана эл менен бирге болоорун билдирди. Андан кийин кайрадан сыртка алып чыгып ур-токмокко алынган Молдомуса Конгантиевди кечээ элдик губернатор болуп шайланган Шераалы Абдылдаев, “Ата мекен” партиясынын координатору Койсун Курманалиева арачалоого аракет жасашкан. Бирок андан пайда чыкпай, кайра эле миңдеген кишинин ур-соккусуна калган ички иштер министри азыркы тапта “Телекомдун” ичинде отурат.

Ал киши арачалоо учурунда да микрофон аркылуу көпчүлүккө “Бакиев кетсин, мен эл мененмин, кыргыз милициясы эл менен, мен буйрук бердим, Данияр Үсөнов менен сүйлөштүм, баары жакшы болот, Шерниязов жана башка оппозиция лидерлери бошотулат” деп убада бергенине карабастан кайра эле ур-токмокко алынды.

Таластагы жалпы кырдаал негизинен тынчыды. Бирок облустук акимчиликтин алдында борбордук аянтта топтолгон эл дагы деле көп, дагы деле 3-4 миңдин айланасында деп айтсак болот. Бүгүн да облустук администрациянын имараты толугу менен таланып-тонолгонуна күбө болдук. Ошондой эле облустук ички иштер бөлүмүнүң имаратынын көпчүлүк бөлүгү өрттөлүп, короодогу бир нече унаалар да күйүп кетти.

Ички иштер башкармалыгынын имараты да толугу менен таланып-тонолду, ошол эле учурда курал-жарактар да элдин колуна өтүп кеткенине күбө болдук. Жаш жигиттер колдорунда автоматтарды көтөрүп жүргөнүн көрдүк. Облустук ооруканага бүгүн 23 киши кайрылганы кабарланды, анын ичинен 6 киши ооруканага жаткырылган. Бирок алардын канчасына ок тийип, кандай жаракат менен түшкөнү азырынча айтылбай атат. Бул боюнча дарыгерлер маалымат берүүдөн баш тартышууда. Алардын айтымында, өлгөндөр жок.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG