Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Президент Нарынга барды


1-сентябрь – жаңы окуу жылынын башталган күнү. Бул күндүн алкагында президент Роза Отунбаева Нарында иш сапары менен жүрөт. Президенттин сапары тууралуу Нарындагы кабарчыбыз Жаркын Ибраева айтып берди.

- Нарында жаңы окуу жылы кандай даярдыктар менен башталды?

- Нарында окуу жылы жакшы жаңылыктар менен башталды. Облустагы 138 мектеп жаңы окуу жылына окуучуларды кабыл алууга бардык күч аракеттерин жумшады. Албетте бир аз кемчиликтер бар. Мисалы, кышка даярдыктын начардыгы. Жалпы облус боюнча мектептерге 10 миңге чукул тонна керек болсо, анын 400гө чукулу гана тартылган. Андан тышкары 87 мугалим жетишпейт жана орус тилдүү мектептер 48 пайызга гана китеп менен камсыз болгон.

Өлкө президенти Роза Отунбаева 1-сентябрь күнү өзү 1-класстан 6-класска чейин билим алган Нарын шаарындагы № 2 Чкалов атындагы мектеп-гимназиясында болду. Ал окуу жылынын башталыш салтанатына катышты. Отунбаева орус тилинин негизин, чет тилин, спорт оюндарын бул мектепте жакшы үйрөнгөндүгүн айтып, жаштарды конкреттүү бир багытта билим алууга үндөдү.

- Роза Отунбаеваны негизи эле кайсы көйгөйлөр кызыктырды?

- Президент мугалимдердин айлык акысынын аздыгын айтып, жаңы өкмөт бардык күчү менен мугалимдер татыктуу айлык акы ала турганчалык аракетти ар дайым жумшарын кошумчалады. Андан сырткары жогорку класстын окуучуларына тынчтык сабагын өтүп, анда түштүк жергесинде орун алган окуялар боюнча маалымат берип, калкты тынчтык жана сабырдуулук, биримдүүлүккө чакырды. Роза Отунбаева көп улуттуу Францияны мисалга тартты. “Биз да ошондой болобуз, бизде бардык улуттар тең жакшы жашаш керек” деди Отунбаева. Президент ички туризмди өнүктүрүү керектигин айтып, жалалабаддыктар Нарынга, нарындыктар Жалал-Абад, Ошко барса боло турганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG