Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Жайыт мыйзамы чала жазылып калганбы?


Нарын областы жайытка бай
Нарын областы жайытка бай

Нарында айыл округ башчылары жайыттардын баш-аламандыкка кептелишин мыйзамдын чийки жазылгандыгынан жана аткарылбагандыгынан көрүшүүдө.

Нарын облусунун 2 миллион 300 миң гектар аянтын жайыттар ээлейт. Расмий маалыматтарда бул жайыттардын 15 пайызы пайдаланат деп эсептелет. Мындай эсеп кысапты болсо жергиликтүү жайыт адистери бурмаланган көрсөткүч деп баалашат.

Ал эми айыл округ башчылары жайыттардын баш-аламандыкка кептелишин мыйзамдын чийки жазылгандыгынан жана аткарылбагандыгынан көрүшүүдө.

Нарын районунун дэңгээлинде «Жайыттарды жакшыртуу жана башкаруу» аттуу кеңешме Кыргыз Республикасынын жаңы кабыл алынган «Жайыт жөнүндө» мыйзамынын алкагында өткөрүлдү. Анда бир катар айыл округ башчылары бул мыйзам чийки жазылгандыгын белгилешип, талашка түшүштү:

-Бул жерде, мыйзамда билет албай койсо эмне болот деген кеп болуп жатпайбы. Ошол билетти төлөбөй койсо кандай чара колдонот дегени жок болуп жатпайбы. Экинчиси, 1992-жылы дыйкан чарбаларга тараганда жайыттар уруу-урууга бөлүнгөн токтом чыккан. Анда аны жараксыз кылууга жатпайт деп турат. Кеп ошондо болуп жатат, - деп билдирди мыйзамдын бир беренесинин чийкилигин Учкун айыл округунун башчысы Бердибек Абдраимов.

“CAMP Ала Тоо” коомдук корунун жергиликтүү менеджери Байтемир Найзабеков долбоор алкагында Нарын районунун үч айыл округунда ушул жаңы мыйзам негизинде иштер аткарыла баштаганын билдирди.

Ушундай айыл округдардын бири Жерге-Талдын жайыт комитетинин жетекчиси Алмаз Самудинов быйыл жаңы мыйзам ченеминде иш башталганын, жайыт боюнча бирикме түзүү аракети болуп жатканын айтты.

Ошол эле кезде Миң-Булак айыл округунун башчысы Жыргалбек Өмүралиев жайыт боюнча мыйзамды чийки кабыл алынды деп, андагы кемчиликтерди атады:

-Мыйзамда жайыт комитеттерине толук укук берилбей калган. Анан дагы жайыт комитеттердин иштөөсүнө каражат жагы чечилген эмес.

Айылдарды өнүктүрүү боюнча инвестициялык агенттиктин (АРИС) кызматкери Эркинбек Ашымов өз кезегинде жаңы мыйзамда жайыттарды пайдалануу механизмдерди жетиштүү көрсөтүлгөн деп эсептейт:

-Мыйзам чийки эмес деп эсептеймин. Маселен, мурунку ижарага алган жайыттар эми ижарачылар тарабынан жайыт билеттерге мал башына жараша алмаштырылышы керек.Эгерде алмаштырганга моюн сунушпаса анда ал жайыттар ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан чечилмекчи.Мындан ары жайыт билеттер мал башына эсептелет.

“CAMP Ала Тоо” коомдук корунун жергиликтүү менеджери Байтемир Найзабеков айыл округдарда мал санынын так эместигинен жайыттардан түшүүчү акчалар көмүскөдө жаткандыгын Жерге-Тал айыл округунун мисалында ачыктады:

-Айыл округдун стат эсебинде 12 миң кой бар деп турат. Биз иликтөө жүргүздүк. Көрсө 35 миң кой, андан сырткары 2 миңден ашык бодо мал бар экен.

Мындай сары эсепке жайыт боюнча Нарын облусунун инспектору Абакир Садыров кошулат:

-Облуста документ негизинде 15 пайыз гана пайдаланылат. Мисалы Ак-Талаа району бир пайыз жайыт пайдаланат деп эсеп беришкен. Бирок мал башына эсептегенде Ак-Талаада 35 миң 830 гектар керек болот. Же болбосо ал 49 пайызды түзөт, - дейт Абакир Садыров.


XS
SM
MD
LG