Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Улуттук комиссия: Түштүктөгү тополоң окуялар алдын ала даярдалган


Ош шаарындагы калабалуу күндөр
Ош шаарындагы калабалуу күндөр

Кыргызстандын түштүгүндө июнь айында болуп өткөн окуялардын себептерин иликтөө үчүн түзүлгөн Улуттук комиссия эки жумалык байкоолорунун болжолдуу жыйынтыктары менен тааныштырды. Анда 11- июнда башталган жаңжал өзүнөн өзү чыкпагандыгы, абдан мыкты даярдалганы айтылат.



Июнь айында Ош жана Жалал-Абад аймактарында болуп өткөн жаңжалдын себептерин, кесепеттерин иликтеп, сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссиянын болжолдуу жыйынтыктарына караганда тополоң окуялар жөн жерден чыккан эмес, ал түгүл абдан мыкты даярдалган иш-чара болгон.

28-июлдан 9-августка чейин Ош жана Жалал-Абад облустарында иш алып барган комиссия мүчөлөрү мындай жыйынтык түштүктөгү окуяга күбө адамдар менен сүйлөшүү жана окуя болгон жерлерди байкоодон кийин келип чыккандыгын билдиришет. Аталган комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин айтымында, окуяларды уюштурууга Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов жана кандайдыр бир өлчөмдө Жалалиддин Салахуддиновдун да катышы болгон:

- Бул ишти уюштургандар өзбек туугандардын лидерлери болуп калды. Анан кыргыз туугандар бул нерсеге жооп кылып коюшту. Бул нерсе бүгүнкү күндө ачык айкын десек болот.
Бул ишти уюштургандар өзбек туугандардын лидерлери болуп калды. Анан кыргыз туугандар бул нерсеге жооп кылып коюшту.

Мындан сырткары окуяларга Бакиевдин жакындарынын, ар кыл экстремисттик уюмдардын да салымы болгондугу айтылат. Комиссия эмне үчүн бул окуяга жол берилгенин, эмне үчүн курал-жарактар элдин колуна өтүп кеткенин аныктоо үчүн иш-аракеттер уланып жаткандыгын билдирет.

Ошол эле учурда адам укуктарын коргоо боюнча Human Rights Watch уюмунун Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңжалга байланыштуу жасаган баяндамасында окуялардын жетиштүү деңгээлде изилденбей жатканы сынга алынган.

- Тилекке каршы, биз мыйзам бузган адамдарды жоопко тартуу жана окуяларды изилдөөгө болгон чыныгы аракеттерди көрбөй жатабыз,- деп белгилеген аталган уюмдун изилдөөчүсү Оле Солванг.

Кара-Суу району, Ош облусу
Human Rights Watch уюму кыргыз бийлигин жана түштүк аймакта иштеп жаткан эл аралык уюмдарды бардык жарандардын укугун коргоого, чыр-чатактарды алдын алууга чараларды көрүүгө, ар кандай арыз, даттанууларга көз салып, кечиктирбей иликтөөгө үндөгөн. Ошондой эле түштүктөгү башаламандыктарда куралдын элдин колуна өтүп, өкмөттүк айрым күчтөр билип туруп, же кокустуктан өзбектерге каршы чабуулдарга аралашып кеткени айтылган.

Абдыганы Эркебаев курал-жарактарды элдин колуна өткөрүп жибергендиги үчүн айрым кызматкерлердин күнөөсү бар экендигин, бирок аларды ар кыл чабуулга аралашты деп айыптоого негиз жок экендигин билдирет:

- Айрым аскердик бөлүктөрдүн, алардын командирлеринин жана ички иштер органдарынын да күнөөсү бар. Куралды тарттырып жиберишкен. Антпеш керек эле. Ал куралдарды бүт дүйнө көрдү, БТРге минип алып көчөдө эл жүрдү. Ушундай мыйзамсыздык болуп кетти. Бирок аларды атайылап жалаң эле өзбек тарапка кирди деген туура эмес.

Абдыганы Эркебаев Human Rights Watch уюмунун баяндамасында туура жерлери менен катар талаштуу да жерлери болгондугун белгилейт.

Жалал-Абад, 17-июнь 2010-жыл
Түштүктөгү коогалаңдын себептерин, кесепеттерин аныктоо боюнча улуттук комиссия кыргыз, өзбек, дунган, орус улутундагы отуз көз каранды эмес коомдук ишмерден түзүлгөн. Улуттук комиссия Кыргызстандын түштүгүндөгү иликтөөлөрүнүн жыйынтыгын ушул жылдын сентябрь айынын жарымынан кийин жарыяламакчы.

XS
SM
MD
LG