Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Ж. Жекшеев: Түштүктөгү калаба алдын-ала даярдалган


Оштогу тополоң, 12-июнь
Оштогу тополоң, 12-июнь

Түштүктөгү кандуу окуяларды иликтөө боюнча Улуттук комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеев иликтөөлөрдө бул иш алдын ала атайын даярдалганы, куралчан топ бейкапар жаткан кыргыздарга катылып, бүлгүн салганы белгилүү болгонун айтат.

- Улуттук комиссия 1-августтан бери түштүктөгү кандуу окуялардын себептерин иликтеп жүрөт. Өзүңүздөргө карата элдин, өзгөчө өзбек коомчулугунун ишеничин сезе алдыңыздарбы?

- Бул жерде биздин комиссиянын курамында 4-5 улуттун өкүлдөрү бар. Ошол эле өзбек улутунун белгилүү инсандары, жергиликтүү тургундардан да кошулган. Комиссия ишин абдан ачык мүнөздө жүргүзүүдө. Биз Оштон, Жалал-Абаддан ар бир жетекчини, облус жетекчилерин, шаар мэрлерин, ошондой эле окуяга тиешелүү райондордун, күч органдардынын жетекчилерин чакырып, суракка алдык. Болгон маалыматтардын барын түз маалымдап айтып берүүсүн талап кылдык. Андан тышкары бизге окуя документ катары факты менен жазылып чыккан хронологиясын, саат канчада, кайсы күндөн башталып эмне болгонунун баарын биздин колубузга тапшырышты.
Жыпар Жекшеев Оштун Кызыл-Кыштак айылынын тургундары менен жолугушууда, 5-август.

- Өзбек улутундагы жарандар дагы кайрылып жатабы?

- Мен Жалал-Абадга барганда комиссиянын отурумунда айрым укук коргоочулар айтып жүргөндөй жалаң эле өзбек тектүү жарандар кордук көрүп атса эмне үчүн алар бизге кайрылбай жатканын айттым. Анткени биз Ошто комиссия иштеп жатканын бардык тараптар аркылуу жарыялаганбыз. Бирок өзбек улутундагылардан эч ким келип кайрылган жок. Мен бул сөздү айтарым менен бир өзбек аксакалды алып келе калышты. Ал киши менен мен аңгемелешсем эч кандай кордук көргөнүн далидеп айта албайт. Муну менен кыргыз тарап гана жабыр чекти деп айткым келбейт, эки тараптан тең жабыр чегишти.

- Иликтөө учурунда аскер техникасы, курал-жарак элдин колуна өтүп кеткени тууралуу далилдерди таба алдыңыздарбы?

- Эч куралы жок кыргыз тарапка куралданып алган өзбек тектүү топ 10-июнь күнү түн ичинде уктап аткан жеринен кол салып, кыргыздарга кыргын салган. Анан куралсыз кыргыздар аргасыздан аскер бөлүктөрүндөгү аскерлердин, кээ бир милиция кызматкерлеринин куралдарын тартып алган фактылар бар.

- Кечээ эл аралык Хюман Райтс Уотч уюму түштүктөгү окуялар боюнча баяндамасында кыргыз өкмөтү өзбектерге каршы чабуулдарды колдогон дегендей тыянагын жарыялады. Ошондой эле Улуттук комиссиянын иши айрым катачылыктар менен коштолуп жатканы белгилеген. Кандай катачылыктар туурасында сөз болуп жатат?

- Мен таң калам, алардын өкүлдөрү биздин арабызда жүрбөсө, биз кандай иштеп атканыбызды көрбөсө, биздин арабыздагы укук коргоочулар улам бир маалымат берип эле алган тыйынын актап атышат деп мен ачык эле айтам. Эч кандай андай факты болгон жок. Биз барыбыз тең иштеп аттык, комиссиянын мүчөлөрү чогуу, бөлүнүп алып иштесек да бир жөн, анын ичинде ар кайсы улуттардын өкүлдөрү баарыбыз тең чогуу, ачык иштеп аттык. Анан ал жерде туура эмес кандай иштер жүргүзүлөт? Бул жөн гана базар ушагы.

- Улуттук комиссия 10-сентябрга чейин корутунду чыгарат экен. Комиссия адилеттүүлүккө жетет деп ишенесизби?

- Мен комиссиядагы 35 кишинин атынан жооп бералбайм албетте. Бул жерде ар кандай талаш-тартыш болушу толук мүмкүн. Бирок чындыгында комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү окуя ким тарабынан, кандай башталганына ынанышты. Маселен өзбектер буга көп жылдан бери даярданып, куралданып, ал эмес үйлөрдүн үстүнө «SOS» деген тамгаларды өзгөчө аябай кымбат турган боёк менен жазып даярданышкан.

- Иликтөө иштери башталаардын алдында эл аралык эксперттер менен да иштешебиз деген маалымат тарады эле. Кимдер менен иштешип жатасыздар?

- Ошол эле эл аралык комиссия менен кызматташып иштешебиз деген убадасын биздин комиссиянын төрагасы катары Абдыганы Эркебаев берген экен.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG