Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

А.Бекназаров: Бийлик кандай келсе – ошондой кетсин


К.Бакиевди мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетирүүнү максат кылган Революциялык комитеттин жетекчиси А.Бекназаров уюмдун соңку аракеттери жана жакынкы пландары тууралуу “Азаттыкка” айтып берди.

-Азимбек мырза, президент Курманбек Бакиевди бийликтен кетирүү максаты менен түзүлгөн Революциялык комитет учурда эмне иш-аракеттерди жасап жатат. Сиздердин жаңы иш-чараларды баштап, жаңы кадамдарды таштайбыз, деп жарыя кылганыңыздарга да мына бир айга чукулдап калды. Эл сиздерден кандайдыр бир конкреттүү аракеттерди күтүп аткансыйт?

-Биз конкреттүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Кыймылдын, демилгечи топтун активдүү өкүлдөрү жер-жерлерде эл менен жолугушуп атышат. Мисалы: Топчубек Тургуналиев Жалал-Абат облусунда, Роза Нурматова Таласта, Анвар Артыков Ошто, мен өзүм Нарында, Ысык-Көлдө болуп келдим. Бир жумадан бери жер-жерлерде жүрүп, бүгүн эле чогулуп атабыз. Аймактарды кыдыруу менен биз элдин маанайын изилдеп атабыз. Анткени “кетиребиз” деп демилгечи топ кыйкырып чыксак эле, Бакиев кетип калбайт. Ошондуктан, эл бизди колдойбу, жокпу, биринчиден ушуну байкап келдик.

Экинчиден, буга чейин да айтылган облустардын биринде кыймылдын бутуна туруу же башкача айтканда анын жоболорун, уставын, жетекчи органдарын шайлоо боюнча жыйын өткөрүү тууралуу. Мына ушуга байланыштуу да кайсы аймакка өткөрсөк бизди эл колдойт, Түпкө баргандагыдай куугунтукка түшүп калбайбызбы, элди бөөдө сабатып, каматып албайбызбы, деп иликтеп келдик. Анткени Бакиевдин бийлиги чыккан элди эле токмоктоп, уруп-сабап атпайбы, ошентип элди кордукка дуушар кылып койбойлу, деп иликтеп атабыз. 30-октябрда ревкомдун жер-жерлерден келген мүчөлөрү жыйынга чогулабыз. Чоң жыйыныбыз кайсы жерде, кайсы күнү болору да аныкталат, аны кийинки жумада жарыялайбыз.

- Элдин маанайын байкап атабыз дедиңиз. Сиздерди колдоочулар арбын бекен?

- Элдин маанайы, бийликке нааразычылыгы бар. Бирок ошол нааразы кылып аткан бийликке каршы активдүү аракеттерге барабы эл? Маселе – мына ушунда. Кыргыздар күзүндө негизинен той-тамаша менен алек болот. Азыр кайсы жерге барба, аш-той. Ошол аш-тойдо бүт саясат, бийликке нааразычылык айтылып жатат. Бирок активдүү аракетке эл чыгабы? Же болбосо эл кимди ээрчип чыгат? Деги эле эл ишенген саясий топ, күч барбы? Мына ушул маселелер да маанилүү. Азыр элдин арасында бийликке нааразычылык өтө көп болгону менен эл кимге ишенээрин билбей турат. Бир дагы саясий күчкө ишенбейт.

Жаңы бир толкун, күч жок. Баягы эле эски Топчубек Тургуналиев, баягы эле Бекназаров, Текебаевдер жүрөт. Ошондуктан, эл бизге айтып атышат: “биз эмнеге чыгабыз, кантип күрөшөбүз, бизди сатып кетишпейби? Деги эле эч кимге ишенбей калдык. 24-марттагыдай дагы бир Бакиев келсе, алардын үй-бүлөсү кайра эле ушинтип башкарабы?” деген ишенбөөчүлүктөрү бар. Ошондуктан, кайсы идея аркылуу күрөшөбүз, үчүнчү жолу жаңылыштык кетирбейбиз, деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атабыз. Жөн эле айтканың менен ага эл ишенүүсү керек. Алар бизден көп нерсени сурагандан кийин “аа, андай болсо түзүк экен..” деп ынанып калып атышат. Биздин кыскача иш-аракеттер камтылган программа чыккандан кийин ревкомго көп суроо менен көбүрөөк эл кайрылып атат. Бүгүнкү күндө ошол бийликке нааразы болуп аткан элди ээрчите билүү да, алардын ишеничине кирүү да кыйын болуп турат.

- Бийликти төңкөрүш жолу менен алууга аракеттенүү – кан төгүүгө алып барса, мунун арты жаман болот деген тынчсыздануулар азыртан эле айтыла баштады. Сиздер кандай жолду сунуш кылып жатасыздар? Баары бир радикалдуу жол гана калып жаткансыйт...

-Биз дайыма эле айтып келатабыз: эки жол турат. Эгер радикалдуу, төңкөрүш жолу менен бул бийликти кетирбесе, анда бул бийлик кетпейт. Жөн цивилизациялык шайлоо жолу менен бул бийлик эч убакта кетпейт. Башка жол болсо биз макулбуз, деп үч жылдан бери изилдеп атпайбызбы. Башка жол барбы? Жок! Биз башкача жолго барып, 2006-жылы ноябрь айында конституциянын жаңы редакциясына да кол койдурдук. Алмазбек Атамбаевди коалициялык өкмөткө алып бардык. Жогорку Кеңеш кайрадан шайланып да көрдү. Кана өлкө оңолуп кеткени? Тескерисинче күндөн-күнгө президенттин бийлиги күч алып баратпайбы. Ошондуктан, биз бүгүн түңүлдүк. Кандай келсе бийлик – ошондой жол менен гана кетирүү керек. Башка жол жок. Элге да ушинтип түшүндүрүп атабыз.

Кайсы мамлекеттин тарыхын албайлы, алар бутуна турганда бир жолу чоң жаңылуу, чоң төңкөрүшкө чейин барып туруп, анан биротоло улуттук консолидацияга келип туруп, биротоло чекит коюшкан. Кыргызстанда андай болгон жок. Он сегиз жыл мурун эгемендүүлүктү бизге Борис Ельцин белек кылды, каалашыңарча алгыла деп. Бул жерде чукулдашып бийлик талашып отуруп, анан эч кимисине ыраа көрбөй Москвадан Аскар Акаевди апкелип, отургузуп койгонбуз. Кыргыздын менталитети ушундай экен, ал жүрүп отуруп, үй-бүлөлүк башкарууга алып келди. Анын башкаруу режимин сындырабыз, деп Бакиевди алып келдик. Шайлоодогу чатакта элдин күчү менен ал бийликке келди да, кайра эле баягы көнгөн адатына түштү. Анткени ал Акаевдин тушунда премьер-министр болуп иштеп жүрүп, көнүп калган экен, Акаевдин жолуна отурду да, ал кылган ишти андан да ашырып туруп, элдин акыркы үлүшүн – жарыкты өчүрүп отурат. Ошондуктан, ушул бийликке дагы бир ишенип, дагы бир жолу талап кылгандан эл утабы? Андан көрө бир жолу биротоло чечкиндүү аракеттерди жасап туруп, өлкөнү жолго салышыбыз керек. Ошол үчүн биз баарынан мурда реформа жасап, жаңы конституцияны кабыл алдыртып туруп, андан кийин гана ошого ылайык мамлекеттин башчылыгын шайлайбыз.

24-марттан кийин биз жасай албай калдык, эми убактылуу өкмөт түзүү керек. Убактылуу өкмөт, убактылуу бийлик Кыргызстанга таза шайлоону өткөрүш керек. Алар керек болсо ошол добушту сатып алгандарга, кызмат абалынан пайдаланган чиновниктерге, коррупцияга жана мафияга зарыл болсо диктатор да болуп тура билиши керек. Акыйкат үчүн жаңы легитимдүү парламентти өткөрөт да, анан миссиясын аяктап, чыгып кетиши керек. Мына ушундай жолду биз сунуш кылып жатабыз. Башка жол таба албай атабыз.

- Бирок Курманбек Бакиевдин кантсе да эл шайлаган легитимдүү президент деген макамы бар да. Мындай учурда ал коменданттык саат киргизип, күч колдонууга, керек болсо ЖККУдан күч жагынан жардам суроого мыйзамдуу укугу бар...

- Бакиевди ким шайлады? ЖККУбу? Же КМШнын элиби? Кыргызстандын эли шайлаган. Ошол эле элдин бүгүн өз укугунун негизинде “биз сени шайлаганбыз, сен бизди алдадың, кет” дегенге да укугу бар. Шайлаганга да, чакырып алууга да, мөөнөтүнөн мурда кетирүүгө да эл укуктуу. Мунун баары башмыйзамда жазылып турат. Саясий акциялар менен ишенбөөчүлүк билдирүү, мөөнөтүнөн мурда кетирүү деген нерселер бар. Биз ошону айтып атабыз: “Сен актай алган жоксуң. Сени беш жылга шайладык эле, бирок сен үч эле жылда таптакыр ишеничтен кеттиң, ошондуктан, бийликтен кетишиң керек,” деп айтып атабыз. Кыргызстан эли айтып атат.

Мен да шайлагам. Мени колдогондор дагы көбүрөөк. Мага окшогондор көбүрөөк. Ошол мага окшогондор революциялык кыймылды түзүп атабыз. Ошол революциялык кыймылды кечээ Бакиевге добуш берген эл колдоп кете турган болсо, Бакиев өз эрки менен Акаевдин кейпин кийип калбай, кетиши керек. Акаевди да эл шайлаган болчу. Бирок эл “Жок!” деген сөзүн айтты, ал “Алга Кыргызстан” партиясын парламентке алып келүүгө аракет кылган учурда айтты. Бирок Бакиев “Ак жол” партиясын толугу менен парламентке апкелип алды. Ал элди бузду: “Бул менин партиям. Калганың менин партиям эмессиң,” деп бөлүп-жарды. “Бул менин элим, калганың менин элим эмессиң,” деп, ал президент башы менен бир мамлекеттин элин бөлүп, жарды.

-Жакында эле “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы да азыркы бийликтин саясаты менен келише албагандыгын билдирип чыкты. Анын лидерлеринин бири –мурдагы Коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаковдун каяша иретинде бийликтен кеткени белгилүү. Бул партия менен сиздердин революциялык кыймылдын кызматташуусу кандай болуп жатат?

-“Жаңы Кыргызстан” партиясын 2001-2002-жылы түптөгөндөрдүн арасында мен да бар болчумун. Биздин катарда Адахан Мадумаров да бар эле. Кийин мен “Асаба” партиясына кеттим. Мадумаров өзү партия түзүптүр деп угам. Келип-келип эле ал партияда азыркы мамкатчы Досбол Нур уулу калган. Партиянын саясий кеңешине кийинки келгендердин көпчүлүгү –бүгүн өкмөт мүчөлөрү болуп отурушат. Мен билгенден Нурлан Сулайманов, Өктөмкан Абдуллаева, Айгүл Рыскулова дегендер. Алар жана башка чиновниктер бул партияга Үсөн Сыдыковду сыйлап же кызматка байланыштуу гана киришкен. Мурда бул кишилер “Жаңы Кыргызстан” партиясына мүчө болушкан эмес. Партиянын негизги мүчөлөрү – Кара-Кулжанын, Өзгөндүн эли, ал жакта лидер болуп жүргөн карапайым адамдары баары март ыңкылабында да биз менен жүргөн, азыр да биз менен жүрүшөт.

Ал эми Исмаил Исаков партиянын чечими менен билдирүү жасап, кызматынан кетти, деп айтуудан алысмын. Ал саясатчы катары, өкмөттүн ичинде иштеп, бийликтин ичинде отурган киши катары, бийликтин ашмалтайы чыгып атканын өз көзү менен көргөн киши катары, мындан ары бийлик минтип отурганы мүмкүн эмес деген, өзүнүн инсандык чыдабай кеткенинен улам гана жасаган аракети, деп ойлойм. Муну мен “Жаңы Кыргызстан” партиясынын билдирүүсү деп айта албайм. Бул Исмаил Исаковдун жеке, адамдык, саясатчы катары позициясы болду, деп баалайм, анын кадамын баалайм. Анткени Исмаил Исаковду ошол партиянын айрым лөктөрү пайдаланып туруп, таштап коюшту, сатып кетишти. Аны кыйкыртып койду да, андан бери тынч отурушат. Саясий акцияларды баштайбыз деген эле, кана? Жыйын өткөрүп туруп, акыркы бир чечимдерди айтабыз, дешкен эле, кана? Жок. Исмаил Исаковду айттырып коюп, калган чоңдору Курманбек Бакиевдин айланасында калышты. Карапайым, жер-жерлердеги мүчөлөрү болсо март ыңкылабында да биз менен болгон, кийин да биз менен болду, азыр да биз менен жүрүшөт. Алар биздин идеяларды колдошот.

-Энергетика тууралуу да сөз козголуп атат. Мына жакында эле ЖК депутаты Бакыт Бешимов Кыргызстандагы энергетикалык кризис бул тармакты “бир ууч энергомафиоздор” башкарып, бийлеп келе жаткандыгынан улам болуп жатат, деген пикирин билдирип, аны иликтөөнү сунуш кылган. Бирок “Ак жол” фракциясынын мүчөлөрү анын сунушун колдошкон жок. Буга чейин деле азыркы өкмөт башчы Игорь Чудиновдун, өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековдун жана аты аталып жүргөн Шершовдун мурдагы бийликтин тушунда эл, мамлекет үчүн эмес, үй-бүлө үчүн иштеп келген деген сын пикирлер айтылып жүргөн. Сиз башкы прокурор болуп турган учурда буга байланыштуу кылмыш иштери да козголгон эле?..

-Энергетика тармагына мурда Айдар Акаев ээлик кылчу, азыр анын ордунда Максим Бакиев. Ток этер жери ушул эле. Бул аты аталган адамдар – алардын аткаруучулары. Азыр Балкыбеков менен Шершов кылбаса, эртең башкалар деле жасай берет.

-Бирок эмне үчүн ишенич ушуларга гана түшүп атат?

-Максим менен Айдар чогуу эле жүргөн. Бул системаны түзгөндөрдүн башында, ошол энергетика коррупциясынын башында тургандар –Шершов, Балкыбековдор. Ошолор ушундай бир жакшы механизм түзүп коюшкан. Булар мурда Айдарга иштесе, азыр Максимге гана иштеп атышат, мамлекетке эмес. Энергетика тармагында деле таза, калыс, кризиске жол бербейли, деген бир топ адистер болгон. Алардын баарын кызматтан кууп чыкпадыбы. Ал эми Шершов, Балкыбековдор “хоп мейли, айтканыңыздай кылабыз. Андан да эң сонуну мындай экен, ал жерден үч сом чөнтөгүңүзгө түшсө, бул жерден алты сом түшөт,” деп андан да сонун механизм, системаны түзүп берип, ишеничине кирип отурат да.

Ооба, 24-марттан кийин буларга байланыштуу бир топ кылмыш иштери козголгон. “Түндүк электро” ишканасы боюнча кылмыш иши козголгон. Мен баш прокурорлук кызматтан түшкөндөн кийин, ошол ишти Жогорку Сотко чейин беришип, “туура эмес козгогон” деп ал жактан чечим чыгартып, Балкыбеков акталып албадыбы. Менин козгогон ишимди туура эмес, деп Жогорку Сотто Курманбек Осмонов төрага болуп турган учурда Балкыбековдун ишин кыскартып салды. Чудиновдун өзүнө козголбогону менен, “Кыргыз газ” боюнча кылмыш иши козголгон. Ал иш боюнча Чудинов тергөөдөн өтүп жаткан. Шершов дегени болсо ыңкылаптан кийин качып кеткен. Кийин акырындап-акырындап отуруп, мен кызматтан кеткенден кийин таптакыр келип алып, азыр уялбай чоң-чоң кызматтарда жүрбөйбү. Булар мурда Айдарга кандай кызмат кылса, азыр Максимге ошондой кызмат кылып атышат.

Биз ошол үчүн айтып атабыз: системаны өзгөртүү керек. Кеп Акаевде же Бакиевде деле эмес. Мамлекеттин башына келген адамга ушул система жагат экен да, аны сындырбай сактап калып атышат. Ал система ушундай система – министрлердин баары бүжүрөп азыр Максимдин алдында отурушат, чет жактан келген инвесторлор министрликтер менен же өкмөт башчы менен сүйлөшүп, иш кылышпайт, түз эле үй-бүлө менен сүйлөшүп, анан гана ишке киришет. Бул ушундай система экен –министрликтер же мамлекеттик органдар элге эмес, мамлекетке эмес, бир гана үй-бүлөгө кызмат кылып келе жатышат. Бир тармак начар иштегенден ушундай кризис чыгып отурат, деп бүтүм чыгаруу да туура эмес. Бул үй-бүлөгө гана кызмат кылуудан чыгып отурат. Коррупция, мафия деген мына ошол үй-бүлөдө болуп атат.

Бизде мамлекет деген жок, президенттин үй-бүлөсү деген бар, анын айланасы деген бар. Мамлекеттик органдардын баары бүгүн алардын көз карашы менен гана иштеп атат. Ошолорду айтканды гана кылып атат, ошолорго жаман көрүнүп калбайын, деп жанталашып иштеп атат. Элге, мамлекетке эмес, ошол үй-бүлөгө. Мына ушул оңолмоюнча кайсы бир тармакты айтып, жанды кейитүүнүн кереги жок. Оппозициянын да түрлөрү болуп атпайбы: Жогорку Кеңешти таратсак эле болду, өкмөттү алмаштырсак эле болду, баары орду-ордуна келет, дешет. Акаевдин тушунда деле он беш чакты премьер-министр алмашкан, азыр мына төртүнчү-бешинчиси иштеп атат. Алтынчы-онунчу кетсе деле ушул. Анткени үй-бүлөгө гана кызмат кылган премьер-министр отурат. Үй-бүлөгө кызмат кылган энергетик, үй-бүлөгө кызмат кылган судья, прокурор гана отурат. Ага кызмат кылбайм деген киши ашып кетсе үч-төрт ай гана иштейт, же болбосо Исмаил Исаковго окшоп, ашып кетсе үч жыл иштейт. Андан ары чыдабайт.

Элдин убалынан корккон, мамлекеттин келечегинен, тагдырынан корккон адам болсо, аз убакытта ачуу чындыкты айтат да, ал жерден кетет. Бүгүн болсо жалаң ошондой Шершов, Балкыбеков, Турдумамбетовго окшогон кошоматчылар гана үй-бүлөгө кызмат кылып, “сууга салса чөкпөй, отко салса күйбөй” келе жатышат. Акаев менен да иштешип келген алар, Бакиев менен да иштеп атышат, эртең сиз президент болуп калсаңыз, сиздин да тилиңизди табышат алар. Сиздин гана көз карашыңыз менен иш кылышат. Алар элди да, мамлекетти да эч убакта ойлошпойт.

-Азимбек мырза, кеңири маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат!

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG