Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Митингдин тынч өтүшүнө бийлик да кызыкдар


Кыргыз оппозициясы эртең өткөрөрү күтүлүп жаткан нааразылык акцияларына Ички иштер министрлиги тоскоолдук жасабай тургандыгын билдирди. Алардын иш аракети коопсуздукту камсыз кылуу менен чектелет. Ошол эле мезгилде тартип коргоо кызматтары жер-жерлерде уруксат берилген иш чараларга даярдыктарды тыкыр көзөмөлгө алып, ар бир кадамдарын тескеп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар келип жатат

27-мартта боло турган митинг азыр эл ичинде ар кандай көз караштарды жаратып жатат. Айрымдары анын тынч өтүп кетишине ишене тургандыктарын билдирсе, башкалары 4 жыл мурдагыдай окуялар кайталанып кетпейт деген кепилдик жок экенин айтып жатышат. Бишкек шаарынын тургуну ишкер айым Марина бул күнү жумушка чыкпай тургандыктарын билдирди. Анын айтуусунда, 4 жыл мурдагыдай окуялар болуп кетсе, ал күнү үйгө жетүү да кыйынга туруп калат.

Митингге утурлай Ички иштер министрлиги бул күнү элдин коопсуздугун камсыз кылаары тууралуу билдирүү жасашты. Министрдин орун басары Талантбек Исаевдин айтуусунда, митинг Бишкектеги Горький атындагы парктын аймагында жана жер жерлердеги райондук, областтык администрациялардын борборлорунда өткөрүлөт. Эгер ошол митиндин катышуучулары көрсөтүлгөн аймактардан чыгып, башка жактарга жыла турган болсо, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мыйзам чегинде чара көрүшөт.

Министрдин орун басары азыр “Кол салуу болот, райондук ички иштер бөлүмүн басып алуу болот” деп эл ичинде айтыла баштаган аңыз сөздөр чындыкка коошпой турганын, митингдин тынч өтүүсүнө бийлик да кызыкдар экендигин билдирди. А эгер чектен чыккан аракеттер боло турган болсо, укук коргоо кызматкерлери ага даяр экендигин белгилейт министрдин орун басары:

-Биз кандай гана кырдаал болбосун бардыгына даяр болушубуз керек. Бизде дубинкалар бар, жаш агызуучу газдар бар. Бирок биз бул атайы каражаттарды өтө кооптуу мезгилде гана пайдаланышыбыз мүмкүн. Алардын бардыгы өз ордуларында сакталуу. Массалык тартип бузуулар чыгып кетсе гана пайдаланышыбыз мүмкүн. Биз провокацияларга жол бербейбиз. Анткени биз дагы митингдин тынч өтүүсүнө кызыкдарбыз.

“Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев болсо, элдин коопсуздугун сактоо милициянын милдети экендигин белгилеп, митинг күнү элдин алар менен кызматташа тургандыгын билдирди. Бирок акыркы мезгилде практикалык жагынан алганда милициянын айткан сөздөрүнө ишенүү кыйын болуп калгандыгын белгилеген Текебаев, акыркы он күн ичинде жер жерлерде бийлик тарабынан ар кандай жол менен оппозициянын аракеттерине тоскоолдуктар болуп жатканын билдирди:

-Эмгек коллективдеринин, активдердин, жөнөкөй жарандардын үйлөрүнө барып, “ким митингге барса жумуштан, студент болсо окуудан кетесиң” деп коркутуп жатышат. Чакырып жүргөн балдарды кармап, жарым сааттан жарым күнгө чейин камаган учурлар болуп жатат. Жер жерлерде милиция жарандардын укугун камсыз кылганга жардам бербестен, коркутуп-үркүтүп уюштуруучуларды 10 күндөн бери жолдон кармап алып жатышат. Алардын сөзү менен иши канчалык деңгээлде дал келерин митингде көрөбүз.

Саясатчы Токтогул Какчекеевдин пикиринде, мындай учурларда бийлик мыйзамдуулукту бекем сактоо аракетин көрүүүсү керек. Бийлик тарабынан эгер провокацияларга жол берилсе, ал мыйзамдуулукту, маданиятты унуткан мамлекетке айланат. Саясатчынын баамында оппозиция 17 жылдан бери ар кандай митингдердин залакасын көп тартты. Ошондуктан алар андай жолдон баш тартышып, өз мүдөөлөрүн элге тынчтык жолу менен гана жеткирүү максатын көздөөдө:

-Митингдерден кийин көп адамдар түрмөгө түштү, айып акы төлөштү. Ошолорду эске алып, оппозиция эми чоң чатакка барбайт. Митинг аркылуу алар эч кимди коркуткан жери жок, алар элге өздөрүнүн үнүн, программаларын жеткирүү максатын гана көздөп жатышат. Ошондуктан митинг тынч өтөт. Эч кандай чатак болбойт.

Эртең митинг өтүүчү Горький паркын 1-Май райондук ички иштер бөлүмү көзөмөлдөйт. Министрдин орун басары Талант Исаевдин айтуусунда, бул иш чарага кошумча эч кандай күчтөр тартылбайт жана милиция бул күнү кадимки эле режимде иш алпарат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG