Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Ош оңолсо, түштүк өнүгөт


Президент Курманбек Бакиев Ош шаарын жана облусун кыдырганча, Кыргызстандын түштүк аймагын өнүктүрүү концепциясынын жүз ачаар салтанатына катышты. Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттик чөлкөмдө абал өтө опурталдуу экендигин белгилеп, бул жактарга артыкчылык берүү маселеси бышып жетилгендигин ачыктады. Өлкө башчысы демилгени кубаттап, айрым министрликтер, биринчи кезекте куралдуу күчтөр Ошко көчүрүлөөрүн маалымдады.

Президент Курманбек Бакиев Ош шаарына жана облусуна жасаган сапарынын алгачкы күнү бир катар ишканаларды кыдырды. Жумушчулар менен жолугушуп, өлкөдө акыркы үч жылда стабилдүүлүк орноп, өсүш байкалгандыгын билдирди.

Андан ары мамлекет башчысы Кыргызстандын түштүк аймагын 2010-2025-жылдарда өнүктүрүү концепциясынын жүз ачаар салтанатына катышты.

Жумушчу топтун башчысы, өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин жетекчисинин орун басары Учкун Ташбаев жумурияттын түштүгүндө акыбал акыркы кезде өтө опурталдуу бойдон калып жаткандыгын баса белгиледи.

Учкун Ташбаев туташ кризистен кутулуу үчүн экинчи борбор аталган Ош шаарына бир катар артыкчылыктарды ыйгаруу, мисалы, мэрдин салык жана курулуш маселелерин тоскоолдуксуз чечүү боюнча укуктарын кеңейтүү, бир катар мамлекеттик органдарды бул жакка көчүрүү, бюджеттен каржы ресурстарын көбүрөөк караштыруу зарыл деп эсептейт. Мындан тышкары Борбордук агенттиктин түштүк бөлүмүн ачуу аймакка туруктуу көмөктөшүүгө шарт жаратмакчы.

Президент Курманбек Бакиев демилгени толук кубаттап, айрым министрликтер, биринчи кезекте куралдуу күчтөр Ошко көчүрүлөөрүн маалымдады.

Курманбек Бакиев өз сөзүндө мындан ары кыргыз армиясы контракт тартибиндеги аскерлерден куралааарын, “Айгүлташ-Самат” электр линиясынын биринчи таянычы бүткөрүлгөндө, бүтүндөй Баткен облусу Тажикстанга энергетикалык көз карандылыктан толук кутулаарын билдирди. Ошондой эле түштүк аймагын 2010-2025-жылдарда өнүктүрүү концепциясы президенттик кеңеште талкуулангандан кийин гана бекитилээрин эскертти.

Анткени менен жергиликтүү тургундар азыркы бийликтин концепцияны шылтоолоп, чоңдор менен жолугушуусун кырдаалды басаңдатып, элди куру убада берип алдоо катары баалашууда.

Ошентсе да, оштук серепчилер президент Курманбек Бакиев аткаминерлерге жыйын кургандан көрө карапайым калкты араласа, андан утмак деген ойдо турушат.

XS
SM
MD
LG