Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:15

Ошто митинг кууп таркатылды


Оштогу митинг, 23-март, 2010-жыл.
Оштогу митинг, 23-март, 2010-жыл.

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун таламдаштарына 23-мартта митинг өткөрүү үчүн Оштун мэри Мелисбек Мырзакматов «Семетей» кинотеатрынын көрүүчүлөр залын берген. Бирок маданий мекеме жетекчилиги 20 миң сом ижара акы сурагандыктан, акцияны уюштуруучулар аны төлөөдөн баш тартышты. Ошол эле учурда Ош облусунун жана шаарынын булуң-бурчунан чогулган эки жүзгө чукул киши жергиликтүү бийликти алдамчы деп айыптап, митингди сыртта баштап жиберишти эле, милициянын атайын отряды аларды кууп таратты.

Уюштуруучулардын айтымында, нааразылык акциясына Ош облусунун жана шаарынын булуң-бурчунан миңге чукул киши катышмак. Тилекке каршы, көпчүлүгүн жергиликтүү укук коргоо органдары коркутуп-үркүтүп, түштүк борборуна жеткирбөөнүн айла-амалын жасашты.

А түгүл митингди жетектегендердин бири «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаевди белгисиз адамдар саарлап үйүнөн чакырып чыгып, машинага салып кеткен бойдон түштүк борборунун ички иштер башкармалыгында жети саат бою жөнсүз кармашты.

Ал эми алып баруучу, мыйзамдуулукту коргоо комитетинин башчысы Абдыкайым Кангелдиевди милиция тутуп, коркутуп-үркүтүп жатканда, элдин талабы боюнча бошотушту.

Митингичилер «Семетей» кинотеатрынын кире берешинде «Элдик курултайдын талаптарын колдойбуз!», «Кыргызстандын келечегине – азаттык!», «Биз Кыргызстанды оңдойбуз!», «Исмаил Исаков акталып, бошотулушун талап кылабыз!», «Адилетсиз бийлик кетсин!» деген плакаттарды көтөрүп турушту.

Өзүн участкалык инспектормун деп тааныштырган милициянын кызматкери: - Сыртта турбагыла, ичкери киргиле! – деп чогулгандарга кайрылды.

Дал ошол маалда «Семетей» кинотеатрынын директору Бактыгүл Малабаева акцияны уюштуруучулар келишим түзүп, ижара акысына жыйырма миң сом төлөшөөрүн жарыялады:

- Ансыз ичкери кирбейсиңер!
- Анча акчабыз жок! Эмнеге мышык-чычкан ойнотосуңар!
- Конституциялык укугубузду пайдаланып, сыртта деле өткөрөбүз!
- Кудайдын жерин дагы менчиктештирип алдыңар беле?
– деп чурулдашты чогулгандар.

Уюштуруучулар колго салганда, бардыгы бир добуштан митингди ачык асман астында баштоону кубатташты.

- Мына, Бишкекте Ынтымак курултайы өтүп жатат, бирок ал Конституцияда каралган эмес, ошол себептүү мыйзамсыз! Анын үстүнө ал жакка жалаң кошоматка кой сойгондор, бийликтин камчысын чаап, ырын ырдагандар делегат болуп шайланышты. А 17-мартта оппозиция уюштурган курултай накта элдин талаптарын көтөрдү. Ошондуктан, анын чечимдерин толук бойдон кубаттайбыз.

Туугандар, макулдашып алалы, талашмай жок, мындан кийин сүйлөөчүлөр кезекке жазылгыла? – деп мыйзамдуулукту коргоо комитетинин төрагасы Абдыкайым Кангелдиев тизме жазууга киришкенде, чукул чакырылган милициянын атайын отряды чогулгандарды артты карай түрткүлөп, баш ийбегендерин күчкө салып, кээ бирин жулкулдатып, заматта кинотеатрдын аянтынын сыртына сүрүп ташташты.

Бул аралыкта «СтанТВ» телекомпаниясынын оператору Толкунбек Эрмекбаевдин видеокамерасын милиция кызматкерлери тартып алышты.

- Укук коргоо органдары жабдыгымдын мониторун сындырышты. Эл кийлигишип атып видеокамерамды кайтарышты, - деп тызылдады «СтанТВ» телекомпаниясынын оператору Толкунбек Эрмекбаев.

Ошол эле учурда «Азаттыктын» кабарчысынын диктофонун жана фотоаппаратын ызырынган милиция отрядынын кызматкерлери колунан жулуп алышты эле, акциячылар ызы-чуу түшүп, ээсине кайтарганга мажбур кылышты.

- Бакиев Акаевден ашып түштү!
-Үй-бүлөлүк режим Кыргызстанды сызга олтургузду!
- Курманбек Бакиев кызматынан кетсин
! – деп кыйкырышты митингичилер бир ооздон.

Тынчыбаган митингичилердин элүү-алтымыш чактысын шаардык ички иштер башкармалыгынын атайын отрядынын өкүлдөрү чоң автобуска жүктөп кетип, Оштогу милициянын кайгуул-күзөт полкунун ичине камашты.

- Ар бир аялга, карыган чалдарга милиция салышты. Мындай зомбулукту башыма түк чыккандан бери көрбөдүм эле. Бирок айтып коеюн, калыс бийлик орнотмоюнча, биз тынбайбыз! – деди карыя Ороз Мусаев.

Ал эми өзгөндүк ардагер Төлөгөн Жолдошев: - Эгерде Курманбек Бакиев элди ойлосо, кечээ Оштун калкына жолугуп, муң-зарын угуп, пикири менен эсептешмек. Демек, а кишиге өлкөбүздүн болочогу баары бир окшойт. Бүт-баарын чекесинен саттырып атат. Келгиле, биригип, мамлекетибизди сактап калалы! – деп мекендештерин ынтымакчылыкка чакырды.

- Алайыңарга кеткиле деп күчтөп жатышат. Эмне, Ош шаары бизге бөтөн бекен? Жаныбызды кашайтыштыбы, эмдигиде он миңдеген жөө жана атчандар келебиз. Ошондо көрөбүз күч органдарынын күчүн? Иши кылып Бакиев режимин кулатмайынча, тынчыбайбыз! – деп кепке кошулду мугалим Гүлбара Арзыкулова.

Сөздү жаштардын өкүлү Семетей Насыров улады: - Жашоо абдан кыйындады. Электр кубаты кымбат, ага жараша азык-түлүк наркы өстү. Мындай турмушка чыдабайбыз. Теңтуштарым бийликке да, оппозицияга да ишенбей калышты. Андыктан, жаштар ыңкылапка аттанып, системаны өзгөртпөсөк, өлкөнүн келечеги бүдөмүк.

Ымыркайын көтөрүп кайгуул-күзөт полкуна түшкөн митингичилердин бири – Ош шаарынын тургуну Эллада Мырзакулова азыркы бийлик элдин убалын ойлобой калгандыгына кейиди: - Эмчектеги балама карабай автобуска тыгышты. Корккон жокмун. Наристемдин эртеңи үчүн башымды сайдым. Кымбат жана каар заманга ким чыдасын!?

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин гана Оштогу милициянын кайгуул-күзөт полкунда кармалып турган кишилерди кечке маал гана үйлөрүнө таратышты.

Жолдон токтотуп, Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Айтпай Жээналиевди кепке тарттык.

- Бул бийликтин жүзү жоктугуна бүгүн чындап ишендик. Эл кичине аздык кылып калды. Болбосо, кадимкидей кармашат элек. Эмдигиде бизге ыдык көрсөткөн ОМОНдордун өзүнүн колун кайрып, алдыга салып айдап, Бакиев режимин алмаштырууга мажбурлаган күч менен келебиз! – деди Айтпай Жээналиев.

Айтмакчы, Ош шаар бийлиги «Семетейдеги» митингдин мыйзамсыздыгын белгилеп, эмдигисинде аша чапкан акциячылар жазаланаарын эскертти.

XS
SM
MD
LG