Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

Жайкы лагердеги кыштын суук илеби


Шарктагы лагерде жашаган орус офицери Зулфира Темирболотова, 24-октябрь, 2010-ж.
Шарктагы лагерде жашаган орус офицери Зулфира Темирболотова, 24-октябрь, 2010-ж.

Ош шаары менен анын айланасындагы июнда талкаланган айылдарда курулуш иштери шайма-шай жүрүп жатат. Бирок үйлөрү бүтө элек айрым жабырлануучулар жайкы чатырларда суукта калышты.

Ош областынын Кара-Суу районуна караган Шарк айылындагы Ташлак чатыр лагери. Зулфира Темирболотова короодогу кермеге жайып койгон чийбаркут жууркан, курама төшөктөрүн жаңсап көрсөттү:

- Палас, төшөктөрүбүз кечээтен бери кургабай эле жайылып турат. Балдар ооруп калды, өзүбүз да ооруп калдык.

Зулфира Темирболотова Орус армиясынын ардактуу эс алуудагы офицери:

- Мен ушул Шаркта төрөлүп, өскөм. Өйдөкү көчөдөгү үйүм июнда өрттөнүп кеткен, азыр кайра куруп жатабыз. Кашкар-кыштакта жети жыл кызмат кылдым. Аскерлердин Түштүк тобунда иштеп, ошол жерден майор болгондо пенсияга чыккам.

Ташлак участкасындагы бул лагерь Ош шаарына канаатташ Кара-Суу районуна караган Шарк айыл өкмөтүндө жайгашкан. Октябрдын этегиндеги алгачкы суукта лагер тургундары брезент капталган чатырлардын айланасын топурак-кум менен тосмолошту, бирок баары бир суу кирип, төшөк-жууркан, оокат-кечек суу болду.

Лагердин четинде өрттөнүп кеткен, азыр кайра курулуп жаткан мектеп бар. Ошол тараптан келаткан балдар да түнү менен үшүп чыгышканын айтышты.

Июнда каза тапкандарды эскерүү такталарынын жанындагы аял, 24-октябр, 2010-жыл.

Короодогу чатырлуу секинин төрүндөгү дубалда курман болгондордун сүрөттөрү илинген. Кызыл кофтачан кыз, карапайым бир жигит, орто жашап калган аял сүрөттөрдү карап, өз тааныштарын жаңсап көрсөтүштү:

- Бул - кайнимдин сүрөтү. Снайпер мектептин жанынан аткан.
- Бул - депутат болчу, айылдан алып чыгып өлтүрүшкөн.


Ал эми Зулфира Темирболотова сүйлөө дефектиси бар баланын сүрөтүн жаңсап көрсөтүп, аны өрттөп өлтүрүшкөнүн билдирди.

Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар агенттиги шефке алган Ташлак лагеринде бүгүн 70ке чукул бүлөдө 120дай киши жашайт.

Темирболотова мени өзүнө босоголош коңшусунун чатырына алып кирди. Гүлдүү калың жоолукту ээгинин алдына байланган байбиче: "келгениңерге рахмат, ал-абалыбызды сурап койгонуңузга рахмат", - деп жан-алы калбай бизди төргө өткөрдү. Пенсия жашындагы Минажат Тажидинованын балдары күндүз курулушта, абышкасы Насриддин экөө неберелерин карап, чатырда калышат. Бетон жерге салынган төшөккө отурдук. Бакыракай көз тестиер кыз бир бизди, бир жерди карап, унчукпастан четте турду.

Минажат Тажидинова абышкасы Насриддин менен, 24-октябр, 2010-жыл.

Суук болду, кар жаады. Кечээ жаандан чатырыбызды суу каптап, сырттагы сөрөдө шөмтүрөп, суукта отурдук. Депутаттарга айттык, ылаажы жок.

Лагерде соңку кездери гуманитардык жардам маселеси солгундап кеткен:

Тамак-аш тартыш, бир айдан бери жардам да келбей калды. Бир чатырда жети киши, өзүбүз 18 бүлөбүз, калгандары каршыдагы чатырда укташат.

Июнь коогалаңында айрыкча чоң залал келген айылдын убактылуу лагердеги тургундардын басымдуу көпчүлүгү өзбектер. Алар бүгүн биринчи кезекте жылуу чатырга, анан жылыткыч жабдыктарга муктаж экендигин айтышты.

Коогалаңда жапа тарткан кыргыздар, 50 чакты киши, бүгүн Ош шаарындагы «Жаштык» лагеринде жашайт. Алар жайкы лагердин имаратында жайгашкан, бийликтер алар үчүн курулуп жаткан үй-жай бүтпөй калса, кышка ылайыкташкан мекеме, имараттарда жашап турууну сунуш этүүдө.

Ким кол сунат?

Ал эми Шарк айылындагы жайкы чатырлардагы тургундардын абалына өкмөт канчалык кам көрүп жатат? Ушул маселе боюнча мен бийликтерден оңдуу жооп ала алган жокмун.

Абдыкаим Кангелдиев, президенттин Оштогу коомдук кабылдамасынын өкүлү:

- Бүгүн мына ушул маселелерди карап, жыйын өткөрдүк. Өзүңүз күбө болдуңуз, ага кайра куруу маселелерин тейлеген Ош, Жалал-Абад облустарындагы өрттөлгөн үйлөрдү оңдоо боюнча Мамлекеттик дирекциядан эч ким келген жок. Ушундан улам көп маселелер чечилбей калып жатат. Дирекция кышка чейин, жаңы жылга чейин 2 миңге чукул талкаланган үйдү калыбына келтиребиз деп сөз берген, бирок иш жүзүндө андай болбой жатат.

Лагердеги балдар эл аралык гумжардам менен, 24-октябр, 2010-жыл.

Кушпак Тезекбаев, Ош облусунун губернаторунун орун басары:

- Бардыгы жапа-тырмак курулуп жатат. 30 чакты үйгө киришти. Ноябрдын 20сына чейин бүтөт, жылуулук, бардык шарт болуп калат. Аз дегенде 25 чарчы метр келген чакан үйлөр бүтөт. Азыр Шарк айыл өкмөтүндө 100гө чукул киши убактылуу жашап жатат. Биз Өзгөчө кырдаалдар министрлигине билдиргенбиз, алар кышка даярдалган чатырларды берип аткан.

"Азаттык": - Мен кечээ эле ал жерде болдум, эч кандай чатыр келе элек.

Кушпак Тезекбаев: - Мен командировкада элем, менде так маалымат жок.

Жантөрө Сатыбалдиев, Ош, Жалал-Абаддагы өрттөлгөн үйлөрдү калыбына келтирүү боюнча дирекциянын жетекчиси:

- Бул лагерден мага эч ким кайрылган эмес. Дарегин берсеңер, мен балдарды жиберип кабар алайын.

Video:

<object><embed src="http://www.azattyk.org/flash/MediaPlayer.swf?cache=" type="application/x-shockwave-flash" wmode="transparent" width="512" height="320" allowfullscreen="true" flashvars="configFilePath=http://www.azattyk.org/GetFlashXml.aspx?param=12187|user|video%26skin=embeded" allowScriptAccess="always" /></object>

XS
SM
MD
LG