Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

Ош: шайлоочулардын тизмеси даяр эмес


Партиялардын үгүт иштери башталганы менен Ош облусунда шайлоочулардын толук тизмеси даяр эмес. Жергиликтүү бийликтин мындай шалаакылык мамилеси таймашка аттанган саясий уюмдар арасында нааразычылык жаратып, добуштарды бурмалоо аракети катары сыпатталууда.

Аймак жетекчилиги бул сапар парламенттик шайлоо таза жана чыр-чатаксыз өтөт деген ишенимде.

Акыркы маалыматтар боюнча Ош облусунда 596 миң 960 шайлоочу болчу. Бирок жайдагы этностор аралык жаңжалдан кийин алардын канчасы алдыдагы парламенттик шайлоого катышат? Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы Саткынай Карымшакова атайын жыйында бул маселе көйгөйлүү болгонун билдирди:

- Ош облусуна караштуу жети райондо 468 шайлоо чөлкөмү уюшулду. Жергиликтүү бийликтер тарабынан шайлоочулардын тизмелерин аныктоо, түзүү жана такташтыруу парламенттик шайлоо жарыяланган күндөн, мындайча айтканда, 10-августтан башталган. Тилекке каршы, айыл өкмөттөрүнүн шалаакылыгынан жана жоопкерчилиги жоктугунан, ошондой эле паспорт үстөлүнүн жана мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү жаман иштегендиктен бүгүнкү күндө бир да райондо шайлоочулардын тизмеси такталып бүтө элек.

Саткынай Карымшакова белгилегендей, Шайлоо кодексине ылайык, жергиликтүү бийлик шайлоочулардын тизмесин 15-сентябрга чейин ар бир шайлоо чөлкөмүнө илип коюуга тийиш. Үлгүрүшпөсө бул калк арасында ар кандай күмөндүү ойлор өкүм сүрөрү бышык.

Сөздү улаган Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Таалайбек Акбаевдин ырасташынча, шайлоо участокторундагы коопсуздук маселеси толук чечиле элек.

- Маанилүү өнөктүктүн коопсуздугун ойлоп ар бир шайлоо участогуна 13-сентябрдан тарта экиден милиция кызматкерин коюп жатабыз. Ушул тапта 193 участокко 387 кызматкер жетишпей турат. Бул жагынан жогорку бийликтин жардамына муктажбыз.

Ошол эле учурда шайлоочулар тизмесинин кечеңдетилиши жана айрым жерлерде административдик ресурстардын ачык эле колдонулушу көпчүлүк партиялардын эмитен эле нааразычылыгын жаратууда. Оштогу ири партиялардын биринин өкүлү Кутубек Абдуллаев буларды айтты:

- Шайлоочулардын тизмесинин ушул убакка чейин такталбагандыгы сөзсүз түрдө бурмалоого жол ачат. Себеби ал чөлкөмдө канча шайлоочу бар экендигин анык билбеген Борбордук шайлоо комиссиясы бюллеттендерди көбүрөк жөнөтүп жиберсе, анда алар ар кандай жолдор аркылуу кайсы бир партиялардын кызыкчылыгына ташталышы толук ыктымал. Ошол эле учурда участкалык шайлоо комиссияларды куроо маалында да туура эмес кадамдар жасалууда. Маселен, айыл өкмөттөрү жана кыштак башчылары өздөрүнө караштуу адамдарды «сен жарайсың» деп участкалык комиссия мүчөлүгүнө алдын ала дайындаган фактыларды кезиктирдик. Ошентип партиялар, бейөкмөт уюмдар жана жаматтык чогулуш көрсөткөн талапкерлерди «сунуштоо мөөнөтү бүттү» деп каттатпай коюшту. Календардык план боюнча аларды ылгоого дагы эки күн убакыт бар эле.

Сооронбай Жээнбеков
Аталган жыйында сүйлөгөн Ош облус губернатору Сооронбай Жээнбеков акимдерге жана тармактык жетекчилерге кайрылып, парламенттик шайлоого аттанган жыйырма тогуз партияга бирдей шарт түзүүгө чакырды. Антпесе өнөктүк чатак жагына айланарын эскертти.

- Эртең Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, ошондой эле дүйнөлүк бир катар байкоочулар парламенттик шайлоо мурдагы «Ак жол» партиясынын тушундагыдай эл аралык талаптарга ылайык эмес өттү деп баалашса, бардыгыңар керт башыңар менен жооп бересиңер. 10-октябрда мамлекеттин тагдыры жана келечеги аныкталат. Референдум болбосун деп Ош окуясын чыгарышты. Баса Кыргызстанга көзү түз эмес ички жана тышкы душмандар бар. Көңүлүңөргө бек түйүп алгыла, кечээги Ош жаңжалын уюштургандар – булар эч нерседен кайра тартышпайт. Тетирисинче, трагедияны кайталаганга дагы аракет кылышы мүмкүн. Ага кандай болгон күндө да туруштук берүүбүз абзел.

Ошентсе да жергиликтүү бир катар серепчилер Жогорку Кеңешке шайлоонун жүрүшү олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолуп, жыйынтыгы бийликчил партиялардын пайдасына бурманалат деген пикирлерге анчалык ишенишпейт. Серепчи Руслан Ташанов:

- Дүйнөлүк практика айгинелеп жатпайбы. Мисалы, Иранда жүз берген тополоңдор. Мобул Европаны караңыздар, шайлоолордон кийин элдин айрым катмары пикет жана митинг уюштуруп, тынымсыз толкундап атышат. Албетте бул демократиянын жышааны. Аны эрөөн-төрөөн көрүүнүн кажети жок. Бирок жалпы жонунан Жогорку Кеңешке шайлоолордун жыйынтыгы бул сапар бурмаланбайт. Арийне, анча-мынча мыйзам бузуулар болушу ыктымал. Бактыга жараша ал жоруктар шайлоонун жалпы жыйынтыгына анчалык таасир этпейт.

Руслан Ташанов парламенттик шайлоо кыргызстандыктар ушул жылдын 27-июнундагы референдумда тандаган жолунун тууралыгын дагы бир ирет айгинелей турган чоң сыноо экендигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG