Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:20

Ош: кармоолор жана даттануулар


Оштун бир конушундагы атайын операциянын жүрүшүнөн, 2010-жылдын 22-июну.
Оштун бир конушундагы атайын операциянын жүрүшүнөн, 2010-жылдын 22-июну.

Оштун айрым тургундары балдары коогалаңга тиешеси бар делинип камалып жатканына нааразы. Ошол эле учурда эл аралык уюмдар Кыргызстандын түштүгүндө адамдарды иргеп камоолор уланып жатканын билдирүүдө.

Бишкекте маалымат жыйынын өткөргөн Ош облусунун айрым тургундары кандуу калабадан кийин негизинен эки ортодо карапайым калк жабыр тартып жатканын белгилешүүдө. Алар 90-жылдагы Ош коогалаңын уюштуруучулары бул ирет да жаңжал жасады деген жүйөөлөрүн айтып жатышат. Алар бейкүнөө балдарды эмес, эки тараптан тең кандуу коогалаңды уюштурган чыныгы күнөөлүүлөрдү таап, эл алдында жазалоону бийликтен талап кылышууда. Алардын айтымында, соңку кездерде тополоңду уюштурду, катышты делип 15 жаштан жогорку кыргыз балдары камалып жатат.

Ош шаарындагы “Шарапат апа” бейөкмөт уюмунун төрайымы Зулфия Эркинбаева ондогон адамдардын өмүрүн алган кандуу окуяда бир тараптуу айып койбой, окуяны акыйкат иликтеп чыгууну бийликтен суранды:

- Биздин башкы талабыбыз - бийликтегилер жакшы иштесин. Ош жергесиндеги тынчтыкты тез аранын ичинде сактап, камсыз кылып берсин. Экинчиден 90-жылдагыдай жалаң кыргыз улутундагы балдардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, камала турган болсо, түштүктөгүлөр өзүбүзгө өзүбүз жооп бере албайбыз. Мындай иштер улана берсе бул бийликти да кетсин дегенге эл даяр.

Ош шаарынын тургуну Эгемберди Акзамовдун пикиринде, Ошто дале болсо абал кооптуу. Адамдар көчөлөрдө ээн-эркин баса албайт:

-Учурда жааташкан кыргыз-өзбек улутун элдештирүү аракеттери жүргөн менен бул сырткы гана көрүнүш болууда. Калпак кийигизип, чепкен жапкан менен маселе чечилбейт. Өзбектер көбүрөөк жашаган Он-Адыр, Шейит-Дөбө, Нариман, Жийдели деген айылдарга жөнөкөй эл эмес, бийликтин өкүлдөрү да кире албайт. Ал тургай тазалоо иштери үчүн да кире албай жатышат.

Бириккен Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча башкы комиссары Нави Пиллэй Женевада сүйлөгөн сөзүндө, Кыргызстандын түштүгүндө күч органдары адамдарды тандап жоопко тартуу, аларды кыйноо сыяктуу иштерге барып атышканы тууралуу маалыматтар бар экенин айтып, тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, күч органдары негизинен өзбек тектүүлөрдү кармап атышкандыктан, мындай абал Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалды кайрадан курчутуп жибериши ыктымал.

Ал эми Ош аймагынын тургундары эл аралык уюмдардын кандуу окуяда бир гана улуттун өкүлдөрү жабыркады жана ушул тапта ал уланууда деген жүйөөлөрүн четке кагышууда.

Ошол эле учурда өзбек улутундагылар да балдарын себепсиз кармап кеткен фактылар көп экенин айтып даттанышууда. Маселен, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Салтохан Жолдошева мындай дейт:

- Менин балам талаадан келгенде эле себепсиз кармап кетишти. Аны номуру жок унаа менен алып кетишти. Мен барганымда коменданттык саатка шылтап, киргизбей, көрсөтпөй да коюшту.

Тартип коргоо, деги эле күч структураларынын кызматкерлеринин мындай аракеттери буга чейин да эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын сынына кабылган. Алар укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн кызматтык абалынан аша чаап кетип жатат деп айыпташууда.

Анткен менен Ош аймактык комендантынын басма сөз кызматынын өкүлү Рахматтулло Ахмедов тартип коргоо органдары кырдаалды турукташтыруу үчүн колдон келген аракеттерди көрүп, мыйзамсыз курал-жарактарды чогултууну улантып жатканын белгилөөдө:

- Ош шаарында жана Ош облусунда Ички иштер органдары учурда өз жумуштарын керектүү деңгээлде алып барышууда. Элдин колунда мыйзамсыз сакталып жаткан, ошол эле учурда мыйзам уруксат берген мергенчилик үчүн ок атуучу куралдарды да чогултуу иштери токтоосуз улантылууда. Ош шаарында дээрлик жабык деген көчө жок. Жалпысынан кырдаал туруктуу.

Эл аралык уюмдардын жогорудагыдай сын-пикирлеринен улам да, мыйзамда көрсөтүлгөн милдеттерин да аткарып, прокуратура органдары, укук коргоо кызматкерлери тарабынан мыйзамдын сакталышы көзөмөлгө алынууда. Анын натыйжасында айрым тартип коргоо, күч струкутрасынын кызматкерлери мас абалында куралдан ок чыгарган, ушундай эле абалда катардагы аскер кызматкерлерин урган учурлары катталып, булар боюнча да тергөө иштери жүрүп жатканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле тополоң учурунда курал таратылган учур катталган. Маселен 12-13-июнда Ош шаарындагы коогалаң учурунда курал берүү талабы менен барган миңдей адамга 24 автомат жана бир канча ок-дарылар таратылганы боюнча Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев буларга токтолду:

- Чек ара бөлүктөрүнө белгисиз миң чакты адам барып, курал-жарак берүүнү талап кылышкан. Ошол учурда чек ара бекетинин башчысы Самат Исмаилов, дагы бир чек ара бекетинин башчысы Чолпонбек Кээрбаев, полковник Абыдкерим Алимбаев кызматтык укуктарынан аша чаап куралдарды беришкен. Жалпысынан тартылып алынган автоматтын 22си жана 847 ок-дары кайтарылып алынды.

Улан Дыйканбаевдин айтымында, аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG