Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Ош: “Мен чемпион болгум келет”


Июндагы коогалаңдан кийин түштүктөгү айыл жаштарынын спортко кызыгуусу солгундап кеткендиги айтылууда. Анткен менен серепчилер буга чейин деле айыл жергесинде жаштарды спортко тартуу жакшы деңгээлде жүргүзүлбөгөндүгүн айтып келишкен.

Ошол эле мезгилде мамлекеттин эле көзүн карап олтура бербей, айыл эли демилге көтөрүп, өлкө сыртында иштеп жүргөн мигранттар акча чогултуп, айылда спорттук залдарды ачып, жаштарды спортко тартууга аракет кылышууда.

14 жаштагы Акбар «Кыргызстандын желегин желбиреткен дүйнө чемпиону болом» деп алдына максат коюп алган. Максатына жетүү үчүн жаш спортчу учурда күнү-түнү тынбай машыгууда. Акбар Иминжан уулу эркин күрөш менен машыгат:

- Спорт сарайыбызда машыгуубуз жакшы. Балдар жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатышат. Күнүгө чуркап, күрөшүп, тынбай машыгып жатабыз. Мен ден соолугумду чыңдап, Кыргызстандын желегин желбиретип, дүйнө чемпиону болгум келет.

Акбар машыгып жаткан Арстан Рахматов атындагы спорт сарай Кара-Кулжа районунун Тоготой айылында орун алган.

Аталган айылдын тургундары мамлекеттин көзүн карап отурбай, өздөрү демилге көтөрүп, эски союздан калган имаратты оңдоп, сыртта жүргөн мигранттардын жардамы менен спорт сарайын ачып алышкан. 800 миң сом жумшалып, курулган спорт сарай учурда жаштарга татыктуу кызмат кылууда.

Чет өлкөдө иштеп жүргөн айыл жаштары мындан ары да жардам беребиз деп убада беришкендигин айтат сарайдын машыктыруучусу Чыныбек Жээналиев:

- Тоготой айылынын бүт тургундары, сыртта жүргөндөр өзгөчө 75 жылкы агаларыбыз акча чогултушуп ушул залды куруп беришти. Азыр эми анча-мынча спорттук эмеректерибиз жетишсиз. Бирок сыртта жүргөн мигрант агалар алып беребиз деп убада беришкен.

Бирок айылда машыктыруучу болбогонунан сарайда 47 бала эркин күрөш боюнча гана машыгат. Ага карабай кара күчкө толгон элеттин жаштары облустук жана республикалык мелдештерде жеңиштерге жетише баштады. Спорт сарайдын машыктыруучусу Чыныбек Жээналиев буларды айтат:

- Спорттук сарайыбыздын ачылганына 1 жыл болсо да биздин балдар облуста, республикада жакшы орундарды ала башташты. Райондон болсо биринчиликти такыр бербейбиз.

Деген менен облустагы ар бир айылда эле мындай спорт сарайлар салынган эмес. Кээ бир айылдарда спорттун жеңил түрү боюнча да спорттук аянтчалар жок.

Ал эми бийлик өкүлдөрү элет жаштарын спортко тартуунун начардыгын, айылдарга атайын республикалык казынадан акча каралбагандыгы менен байланыштырышууда.

Ош облусунун жаштар иштери боюнча адиси Бакыт Султаналиев Убактылуу өкмөт айыл жаштарын өнүктүрүү боюнча программа кабыл алгандыгын жана ал программа ишке кирсе, элеттик жаштарга спорт жагынан жакшы шарттар түзүлөрүн билдирүүдө:

- Спортту өнүктүрүү үчүн жакында эле бизге өкмөт тарабынан 2010-2015-жылдарга атайын план келген. Ошону иштеп чыкса, эми бир топ иштер жасалат. Бирок Ош облустук спорт комитети мурун эле жоюлуп кеткен. Ошон үчүн бизге мамлекет бюджетинен акча каралбайт.

Ошондой эле Бакыт Султаналиев элет жаштарына спорттук жактан шарт түзүп берүү район акимдери жана айыл өкмөттөрүнүн милдеттери экендигин туюндурду. «Анткени жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жаштарды өнүктүрүү үчүн атайын акча каражаты каралган» дейт Ош облустук жаштар боюнча адис.

Бийлик өкүлдөрү минтип жоопкерчиликти бири-бирине оодарып жаткан мезгилде айыл жаштарынын спортко болгон кызыгуусу солгундап кеткенин адистер эскертүүдө.

«Өлкөдө саясий туруктуулуктун жоктугунан, мамлекет спортко көңүл бурууну унутуп калды»,-дейт жергиликтүү спорт серепчиси Шайлообек Атазов:

- Акыркы жылдары мамлекет спортко кичине көңүл бура баштады. Бирок мына соңку окуялардан кийин спортко болгон мамиле солгундап кетти. Айрыкча биздин Ош, Жалал-Абад жергесинде. Элет жерин элеттин өзүнөн барып өнүктүрүшүбүз керек.

Шайлообек Атазов айыл жаштарын спортко тартуу үчүн мыкты спортчуларды айыл жергесине алып барып иштетүү керек деп эсептейт:

-Айыл жерлерине шаардан, ЖОЖдордон машыктыруучуларды келишим түзүп, алып барып иштетсек, жаштар кумир тутуп жүргөн спорт жылдыздары менен тез-тез жолугуштуруп турса, ошондой эле белгилүү спорт чеберлер жөнүндө, алардын машыккандары тууралуу сыналгыдан көп-көп берип турса жаштардын спортко болгон кызыгуусу артат.

Анткен менен айыл жаштары учурда спорттон алыс калганын аймак серепчилери белгилешүүдө.

Мунун айынан сыртка чыгып кеткен жаштар да көп болууда дешет алар. Бирок кээ бир спортту сүйгөн жаштар чемпион болом деп атайын шаарга баса берген учурлар да кездешүүдө.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG