Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Саясий партиялар шайлоого кам көрө баштады


Республикалык “Акыйкат” партиясы 18-майда биринчи курултайын өткөрдү. Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан ар кайсы улуттун өкүлдөрү чакырылган. Буга чейин да бир канча партиялар түзүлүп, өз штабдарын ачып иштей баштаганы айтылган болчу.

Айрым саясат талдоочулар Кыргызстандагы кырдаалга жана шартка жараша саясий партиялардын активдешип жатканын, дагы бир топ жаңы партиялардын түзүлүп, айрымдардын биригиши ыктымалдыгын белгилешүүдө.

Убактылуу өкмөт шайлоо партиялык тизме менен өтөөрүн, өлкөдө парламенттик башкаруу формасы болоорун айтып жатат. Ушундан улам да соңку мезгилде өлкөдө партиялар активдеше баштаганы байкалууда. 7-апрелден соң онго чукул жаңы партиялар түзүлүп, дагы бир канчасы катталууга арыз бергени айтылууда.

Жаңы түзүлгөн партиялардын ичинен “Акыйкат” партиясы 18-майда өзүнүн I курултайын өткөрдү. Ага өлкөнүн бардык дубандарынан, ар кайсы улут өкүлдөрү болуп 700дөй адам катышты. Курултай шаан-шөкөт, ырчы-чоорчулардын коштоосунда өттү.

Кыймылдын демилгечи тобу өлкөдөдө жаңы саясий күч - “Акыйкат” партиясынын түзүлгөнүн расмий түрдө маалымдашты. Партия лидери Аликбек Жекшенкулов партия алдыга озунуп чыккан азчылык эмес, жалпы жарандардын кызыкчылыгын ишке ашырууга аракет кылаарын белгиледи.

- Эзелтеден келе жаткан кыргыздын рухий байлыгы - акыйкат. “Манаста” да, Куранда да көп айтылган. Демократиялык өнүгүү жолунда акыйкаттуулук деген өтө оорчундуу. Кайсы адам болбосун бардыгына акыйкатуулук керек. Ошондуктан ушул партияны түзүп, жаңы баштап жатабыз.

7-апрелден соң жаңы түзүлгөн “Эл арманы” партиясы да башка беш уюм менен биригип, “Кыргыз мамлекеттүлүгүнүн кайра жаралышы үчүн” деген кыймыл түзүп, өзүнүн форумун өткөргөн. Партия лидери Мирослав Ниязов да парламенттик, президенттик шайлоолорго катышарын жар салган.

- Бүгүн элге Конституция деле кереги жок, мыйзамдар деле кереги жок. Бүгүн элге тынчтык, тартип, коопсуздук керек. Шайлоо өтсө парламенттик да, президенттик да шайлоого катышам. Анктени өлкөдөгү кырдаалга мен кайдыгер карай албайм.

Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы жетекчиси Алмаз Ташиев башында турган “Ата журт” партиясынын уставы түзүлүп иштей баштаганы, мурдагы спикер, Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиялары өздөрүнүн штабын ачканы айтылган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев түптөгөн “Ак жол” партиясы азырынча өз аракеттери туурасында билдире элек. Партиянын мүчөсү, мурдагы депутат Ажыбай Калмаматов өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн Убактылуу өкмөткө жардам берүү зарылдыгын белгилеген.

Мындан сырткары “Ата мекен”, “Ак шумкар”, СДПК, “Жаңы Кыргызстан”, “Ар намыс”, “Эл ынтымагы”, “Таза коом” сыяктуу бир топ партиялар шайлоого активдүү катышууга камылга көрүп жаткан чагы.

Убактылуу өкмөттү мурда бийликке оппозицияда жүргөн “Ата мекен”, Социал-демократтар, “Ак шумкар”, “Улуу биримдик” партияларынын лидерлери жетектеп келет. Айрым саясий эксперттер бул партиялар өздөрүн жана партияларын кыйыр түрдө жарнактай баштаганын да айтышууда. “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев “Азаттыкка” парламенттик шайлоого камылгалар көрүлүп жатканын маалымдаган.

- Партиянын өзүнүн багыттары боюнча пландуу иштеп жатат. Аймактарда да уюштуруу иштери жүрүп жатат. Баштапкы уюмдар ачылып атат. Референдумга даярданып, партиянын өкүлчүлүгүн шайлоо комиссиясына киргизүү боюнча иш-чаралар көрүлүп жатат. Кудай буйруса, парламенттик шайлоого катышабыз.

Партиялар өткөрүп жаткан курултай, жыйын, форумдардын дээрлик бардыгында партия лидерлерин президент катары көрсөтүү демилгелери көтөрүлүп жатат. Саясий серепчилер Кыргызстанда шайлоого карата партия ичинде да, партиялар аралык да саясий оюндар башталганын белгилешүүдө.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин баамында, айрым партия жетекчилеринин өзүн алып жүрүүсү, сүйлөгөн сөздөрү жалпы партиянын аброюна шек келтириши мүмкүн. Ал көпчүлүк саясий партиялар өздөрүнүн программаларын жагдайга, шартка жараша өзгөртүү менен алек болууда деген ойдо.

- Азыркы жетекчилердин арасында да эл тааныган адамдар бар. Алар да өздөрүнүн ким экенин көрсөтүп жатышат. Бул жерде партиялар бир аз олдоксон иш алып барууда. Албетте жаңы күчтөр, буларга тең салмак болчу кишилер чыгат.

Ушул тапта Кыргызстанда жүздөн ашуун партиялар бар. Саясий адистер булардан сырткары да жагдайга карап бир топ жаңы партиялар түзүлүшү ыктымалдыгын четке кагышпайт.

XS
SM
MD
LG