Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Павлюкту өлтүргөндөр укурукка түшө элек


Буюртма менен өлтүрүлгөн журналисттер Алишер Саипов, Геннадий Павлюк. Кезекте ким?
Буюртма менен өлтүрүлгөн журналисттер Алишер Саипов, Геннадий Павлюк. Кезекте ким?

Казакстандын Башкы прокуратурасы журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө күнөөлүү адамдар али тактала электиги тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасына маалымат бергенин эл аралык байланыш боюнча бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматтарга караганда, бул маселе боюнча 13-январда Астанада Казакстандын Ички иштер министрлиги тергөө-иликтөө иштеринин жыйынтыгы тууралуу маалымат берүүсү күтүлүүдө.

Башкы прокуратуранын эл аралык байланыш боюнча бөлүмдүн жетекчиси Тилек Мурзакулов журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө шектүү адамдар али тактала электиги тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасынан маалымат жиберишкенин билдирди.

-Чынында 31-декабрда Астанадан Казакстандын Башкы прокуратурасынан факс алганбыз. Факста ушундай маалымат жазылган. “Күнөөлү адамдар али тактала элек. Тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Керектүү экспертизалар дайындалып, азырынча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Анан конкреттүү ким күнөөлүү, кимге айып коюш керек, анык тактала элек.

Жаңы жыл алдында Казакстандын мамлекеттик КТК теле каналы Геннадий Павлюктун өлүмүнө Кыргызстандын коопсуздук кызматынын, тактап айтканда контрчалгын кызматынын тиешеси бар, деген маалымат таратышкан.

“Кыргызстандын белгилүү журналисти Геннадий Павлюктун өлүмүнө Кыргызстандын контрчалгын кызматкерлеринин тиешеси бар. Бул тууралуу маалымдалган күч структураларындагы булактан белгилүү болду. Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматынын үч кызматкери журналист менен жолугушууну белгилеп, аны менен өлтүрүү болгон батирде чогуу болушканын маалымдады”,- деп Казакстандын КТК телеканалынын интернет сайтына дагы чыккан.

Ал эми Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы бул маалыматты төгүнгө чыгарып, четке каккан.

Башкы прокуратуранын эл аралык байланыш боюнча бөлүмдүн жетекчиси Тилек Мурзакулов журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу иш боюнча тергөө-иликтөө амалдары ийне-жибине чейин жүргүзүлүп, ар бир факты боюнча тыкат иштелип чыгып, аныкталмайынча ар кандай божомолдорду айта берүүгө болбостугун, буга Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин тишеси бар дегени туура эместигин баса белгиледи.

-Аны аныктамайынча, жөндөн-жөн эле жалган жалаа жаап ушундай адамдар күнөөлүү деген дагы туура эмес. Ар бир ушундай сөздү биринчи тактап алып, далилдери алып анан айтыш керек,- деди Тилек Мурзакулов.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев кийинки беш жылда Кыргызстандагы журналисттерге алтымышка чукул кол салуу болуп, үч журналист киши колдуу болгондугун, бирок аларга байланыштуу кылмыштардын көпчүлүгү
ачылбай калгандыгын билдирди. Ал Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши ачылып, аны өлтүргөн чыныгы кылмышкерлердин табылышынан күмөн санап турганын айтты.

- Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу маселе кандай болот, чынын айтканда кыйын болуп турат. Муну саясатка дагы аралаштырып жатышат. Саясатка аралаштырган иштер аягына чыгышы, чыныгы күнөкөрлөрдүн табылышы чоң маселелерди туудурат. Бул жерде эми Казакстандын укук коргоо органдарынын иштешине байланыштуу болот.

“Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борбордун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнө, журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу маселени ачык жана мыйзамдын чегинде кароого көз салып туруусун өтүнүп кайрылышканын билдирди.

Маалыматтарга караганда , бүгүн (13-январда) Астанада Казакстандын ИИМ кыргызстандык журналист Г.Павлюктун өлүмү боюнча тергеп иликтөө иштеринин жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйынын өткөрмөкчү. Анда журналисттин өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында казак полициясы тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканы, аны менен бирге топтолгон маалыматтар менен далилдерди кыргыз тарапка өткөрүп берүү маселеси айтылышы күтүлүүдө.


Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюкту 16-декабрда Алматынын Фурманов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 6-кабатынан белгисиз бирөөлөр ыргытып жиберишкен. Ал ооруканада оор абалда эсине келбей жатып, 22-декабрда кайтыш болгон эле.

Кыргызстандык оппозициялык саясатчылар журналисттин өлүмүн кесиптик ишмердиги менен байланыштырып, бул ишти саясий буюртма катары баалашууда

XS
SM
MD
LG