Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

И. Исаков: “Манастагы” базаны чыгаруу менен Кыргызстан утулуп жатат


Исмаил Исаков, Кыргызстандын мурдагы коргоо министри.
Исмаил Исаков, Кыргызстандын мурдагы коргоо министри.

Францияда бүгүн НАТОнун 60 жылдыгына арналган жыйын өтүүдө. Бул уюм менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна мурдагы коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Исмаил Исаков жооп берди.

- Исмаил мырза, сиздин баамыңызда Кыргызстан менен НАТОнун ортосундагы кызматташтык буга чейин кандай нукта жүрүп келди, анан эми кыргыз өкмөтү ушул альянс менен кызматташуунун кайсы маселелерине көбүрөөк көңүл буруш керек деген ойдосуз?

- Кыргызстан НАТО менен “Тынчтык үчүн шериктештик” программасынын алкагында иш чараларды алып барганына 15 жылдай болуп калды. Бул алкакта көп иштер жүргүзүлдү. Биринчиден, бир гана тармакты алсак, армия тармагында көп жакшы өзгөрүүлөр болду. Себеби ошол программанын негизинде биздин офицерлер чет мамлекеттерге чыгышып, алардын кызматы менен, программасы менен таанышып, жогорку деңгээлге чыкканга мүмкүнчүлүк алышты. Экинчиси, ошол программанын негизинде бир топ жаңы иштер болду. Бул Кыргызстанга абдан чоң пайда келтирген программа болду.

- Исмаил мырза, мына НАТОнун 60 жылдык мааракесинин алдында, 30-мартта президент Курманбек Бакиев “Манас” аба базасы боюнча антитеррордук коалицияга кирген ондон ашык мамлекеттердин өкмөттөрү менен түзүлгөн келишимдерди жокко чыгаруу боюнча жарлыкка кол койду. Башкача айтканда Кыргызстан аба базаны “Манастан” чыгаруу менен утуп атабы, же утулуп атабы сиздин пикириңизде?

- Бийликтин кадамын мындай карасак, бир жагынан алардыкы негиздүү болуп атат. Себеби негизги келишим боюнча чечим чыгаргандан кийин, анын артынан бул чечим да чыгаарын күтүп аткан болчубуз. Ушул келишимдин эң негизги максатын айтып кетсек, бул Кыргызстандын эл аралык терроризмге күрөшүүдөгү болгон салымы болчу. Ошондуктан бир топ европалык өлкөлөр менен ушул келишим түзүлгөн эле. Кыргызстандын эл аралык деңгээлде кадыр-баркы абдан өйдө көтөрүлдү эле.

Кыргызстан өзүнүн аскерлерин, куралдарын бербесе да жок дегенде аба майданын берип, террорчулукка каршы күрөшкө салымын кошуп атат деп аброю көтөрүлгөн болчу.

Эгерде чындап ушулардын баарын азыр биз кетирсек, өлкөнүн аброю абдан төмөндөйт. Анткени булардын баардыгы өнүккөн өлкөлөр, өнүккөн өлкөлөр менен дос болгондун ордуна буларды кетириш мен ойлом, Кыргызстандын эл аралык деңгээлде аброю кетет дегендик, экинчиден көп нерседен да утулат.

- Маегиңизге рахмат.



Обама менен Саркози Страсбургда
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00




Видео тасмада:
НАТО саммитине катышуу үчүн Европага келген АКШ президенти Барак Обаманы Франция президенти Никола Саркози бүгүн (2009-жылы 3-апрелде) Страсбург шаарындагы татынакай аксарайда тосуп алды. Ишембиде Обама НАТОдогу өнөктөштөрүнө өзүнүн Ооганстан боюнча долбоорун тааныштырмакчы.

XS
SM
MD
LG