Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

Бакыт Бешимов: Эл үчүнчү жолу алдатпайт


БЭК III Элдик курултай максатына жетти деп эсептейт. Кыймыл курамындагы СДПнын төрага орун басары Б. Бешимов курултайга өлкөнүн булуң-бурчунан келген делегаттар койгон талаптарды аткарууга оппозиция даяр экенин "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

- Бакыт мырза, курултай максатына жетти деп айта аласызбы?

- Албетте, биз толук максатыбызга жеттик. Анткени бүткүл облустардан делегаттар келди. Экинчиден, биздин чечимдерибизди курултайдын катышуучулары бир добуштан колдоду. Бул деген биз жүргүзүп жаткан саясат эл тарабынан колдоого алынып жатканын көрсөтөт. Максат ошол. Чынын айтканда бүгүн биз өзүбүздү да текшердик, эл канчалык бизди колдойт. Мына көрүп турасыздар, бардык облустардан келип, элдин баары колдоп аткандан кийин, азыркы бийликтин тамыры бош.

- Курултайда сөз алып сүйлөгөн делегаттар оппозиция ушул калыбынан жазбай, бөлүнбөй, күрөштү аягына чыгаргыла деген талаптарын коюп атышты. Буларды иш жүзүнө ашырууга сиздер канчалык деңгээлде даярсыздар?

- Даярбыз, аткарабыз. Анткени башка жолубуз жок. Биз буга чоң жоопкерчилик менен карашыбыз керек. Чоң жоопкерчиликтен кимдир-бирөө баш тартып, башка жолго басып кетсе... жакшы болбойт.

- Мындай сөздөрдүн айтылуусуна курултайга “Ак шумкар” партиясынын лидери келбегендиги таасир берген жокпу?

- “Ак шумкар” партиясынын көп эле мүчөлөрү курултайга келишти. Ал эми партия лидеринин келбегени - бул анын өзүнүн тандоосу.

- Курултайда эл койгон талаптарда эгер БЭК президенттик шайлоодо жеңишке жетишип калса буга чейинки каталарды кайталабай, чындап мамлекетти оңдоп, өлкөнү өнүктүрүүгө иштегиле, деп айтылды. Бириккен оппозиция өзү да муну убада кылып келе жатат. Бул убаданы канчалык деңгээлде аткара аласыздар?

- Аткарабыз. Эмне үчүн дегенде бул сөздөр бекеринен чыккан жок. Анткени канча жылдар бою башыбыздан өтүп келаткан тажрыйба, андан тышкары бул кыйноодон чыккан ойлор. Көп жылдардан бери биз Кыргызстанды мына ушундай кыйноодон чыгарууну, туура жолго салууну каалап келгенбиз. Мына ошондой оппозицияга толук ишенбестик элде кайдан пайда болду? Азыркы президенттин бийлиги, анын жүргүзгөн саясаты элди мына ушундай ойго түртүп атат. Курманбек Бакиев оппозицияга кокустан келип калган адам. Мен башынан эле ишенген эмесмин, ал эч качан элдин саясатын жүргүзбөйт, анткени ал өзүнүн керт башы, үй-бүлөсү, туугандарынын саясатын жүргүзгөн адам. Ошондуктан, кыргыз эли буга чейин эки жолу адашты. Бул жолу андай болбойт.

- Шайлоонун акыйкат өтөрүнө ишеним аздыгы айтылууда. Шайлоо учурунда мыйзам бузуулар болсо, бийлик өзүнүн күчүн, ресурстарын колдоно турган болсо, оппозициянын аракети кандай болот?

- Буга эки нерсе керек. Биринчиден эл шайлоонун тазалыгына ишенип, активдүү катышуусу керек. Экинчи, эң негизгиси – эл ошол добуштарын коргоп алууга тийиш. Эгерде ошол эки максатыбызга жетсек, биз жеңебиз.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG