Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

Тууганчыл бийликке жаштар макул эмес


Жаңыдан түптөлүп жаткан «Биримдик» жаштар кыймылынын координациялык кеңешинин мүчөсү Зарылбек Маматов “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Алгач “Биримдик” жаштар кыймылынын максаты тууралуу айтып кетсеңиз, кандай максатта түздүңүздөр?

- Азыр Кыргызстандагы абалды көрүп турабыз, тонолуп, адамдардын укуктары тебеленип, дегеле Кокон хандыгына айланып бара жатат, ошого биз жаштар кайдыгер карай албастан, баарыбыз топтолуп “Биримдик” жаштар кыймылын түзгөнбүз. Биздин негизги максатыбыз - жаштар уюмдарын бириктирүү.

- Жаштар кыймылынын багыты, көз карашы кандай болот, сиздер оппозицияны колдойсуздарбы, мисалы “Биримдик” БЭКтин иш аракеттерин колдоого алабы?

- Биздин “Биримдик” жаштар кыймылы БЭКке мүчө болуп киргенбиз. Биз албетте оппозициялык маанайдагы жаштарбыз. Айтып атпаймбы, биз азыркы абалга кайдыгер карай албастан ушул уюмду түзгөнбүз. Жакында курултай болуп өттү. Биз абдан кубанычта болуп турабыз, оппозициянын лидерлери башын бириктиришип, бир күчкө топтолушуп Алмаз Атамбаевди, Исмаил Исаковду көрсөткөнүнө. Биз ошол лидерлерибиздин оорун колдон, жеңилин жерден алдып жардамдашканга даярбыз.

- Силердин кыймылды Кыргызстандын жаштарынын колдоосу кандай болуп жатат?

- Биз бул ишти 15 чакты бала болуп баштаганбыз 2 жыл мурун. Азыркы учурда Аксы, Кочкор, Базар-Коргон райондорунда, Балыкчы, Жалал-Абат шаарларында уюмдарыбызды түзгөнбүз. Учурда 300дөн ашыгыраак мүчөлөрүбүз бар, жаш жигит-кыздар...

- Сиздердин кыймылдын мүчөлөрүнө бийлик, же күч органдары тараптан кандайдыр бир кысымдар болгон жокпу?

- Баардык эле оппозициянын мүчөлөрүнө кысым болуп жатпайбы. Митингдерге чыкканда тоскоолдуктар болду.

- Кыймылдын курамында студенттер да барбы?

- Биздин кыймылда студенттер да бар. Алар дагы өтө коррупцияланышып кеткен мамлекетке кайдыгер болалабай, 2008-жылы өзүбүздүн Каркыра жери сатылганга аябай капа болушту. Азыр чындыгында эле биздин мамлекетте тууганчыл бийлик болуп кетти. Ошого биз жаштар макул эмеспиз. Бизге Кыргызстандын келечеги керек. Эмне жерлерди сатып, чемоданга акчаны көтөрүп кетип калабы?..

- Демек “Биримдик” жаштар кыймылына Кыргызстандын келечеги керек, ал эми жаштар Кыргызстандын келечеги, ушундайбы?

- Туптуура айтасыз.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG