Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Ө. Текебаев: ШКУ жандуулугун көрсөтө албай жатат


Орусиянын Екатеринбург шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтүүдө. Бул уюмдун иш-аракети, Борбор Азиядагы кырдаал тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жооп берди.

- Өмүрбек мырза, айрым саясатчылар ШКУга баш кошкон мамлекеттердин ич ара ынтымагы жоктугу аягында уюмдун таркашына алып келээрин болжошууда. Сиздин оюңузча, бул уюмдун келечеги барбы?

-Биз бир геосаясий чөлкөмдө тургандыктан бул уюмга кызыктар болбогондор дагы иш жүзүндө уюмду көпкө сактап турганга аракет кылат. Анкени бул жакшы кошунабыздын жакшы белгиси катары сакталып турат. Чындыгында КМШ, ШКУ жана ушул сыяктуу башка түзүмдөр ондогон, жүздөгөн келишимдерди кабыл алганына карабастан өзүнүн ишин, өзүнүн жандуулугун көргөзө албай келе жатат.

- Мисал үчүн буга азыркы учурда болуп жаткан кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Тоолуу Карабак чатагы мисал катары айтылып келе жатат да.

- Мына ЖККУнун мобилдүү күчтөрүн түзүүгө Өзбекстан каршы болду. Анын каршы болгон себептеринин бири, ал ушул ички чыр-чатактар болгондо мындай келишимге кирген өлкөлөрдүн ортосундагы ички чыр-чатактарды ажыраткан ортомчу күч катары колдонулбашы керек деген ой-пикирин айтып жатат. Мунун өзү көп шек саноолорду туудурат.

- Бүгүн кыргыз-ооган президенттеринин жолугушуусу күтүлүп жатат. Сүйлөшүүнүн өзөгү “Манас” аба базасын Кыргызстанда калтыруу маселеси түзөт, деген божомолдор буга чейин эле айтылып келген. База боюнча маселе кайсы жагына чечилиши ыктымал?

- База Кыргызстанда калуу мүмкүнчүлүгү көп, анткени муну кырдаал талап кылат. Дүйнөлүк аналитиктер Борбор Азия деп айтылган чоң чөлкөмгө Афганистан менен Пакистанды да киргизип айтып жүрүшөт. Бул чөлкөмдөгү кырдаалды жөнгө салыш үчүн бардык өлкөлөр, ошонун ичинде Кыргызстан дагы өз аракетин кылыш керек. “Манастагы” АКШ базасынын калып калуу мүмкүнчүлүгү өтө чоң.

- Кечээ “Манас” аба базасынын жетекчилиги алмашты. Эгер база Кыргызстандан чыгарылбай турган болсо, президент Бакиев тиешелүү күчтөр менен, тиешелүү өлкөлөрдүн жетекчиликтери менен мына ушуну сүйлөшө ала турган болсо, мурда талап кылгандай базанын ижара акысы, базадагы аскерлердин макамы тууралуу келишимдерди өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгү жетеби биздин президенттин?


- Мына кечээ ошол жаңы жеткечиликтин билдиргенине караганда, 180 миңге жакын аскер Кыргызстандан ара бери өтүшкөн, эки жүз төрт миллион фут (сегиз жарым миллион тонна) бензин жүктөлгөн. Ал эки жүз төрт миллион футта америкалыктарга кыргызбайлардын фирмасы ортомчулук кылат. Ар бир футунан доллардан эсептей берсеңиз канча пайданы ушул ортомчул фирма көрүп аткандыгы аныкталат. Мына ошол америкалыктарга кызмат көргөзгөн чоң келишимдерге тендер жарыяланып, быйыл июнь айында кийинки жылдын июнуна чейин келишимдерди түзүп койду.

Эгерде америкалыктар кете турган болсо алар бир жылга тендер өткөрбөйт эле деген сөздөрдү Россиянын аналитектери айтып олтурат. Мына ушундан улам Америка берчүсүн берип койду деген сөздөр чыгып, америкалык база дагы үч жылга калаары айтылууда. Американын интенсивдүүлүгү Афганистанда үч эсе өсөт, бул сөз деген миллиондогон фуд бензиндер жүктөлөт, жүз миңдеген аскерлер бул жерден бир жылда ары-бери өтөт. Аны убагында ошол кездеги президенттин уулу Айдар тейлеген деп жүргөнбүз, азыр дагы үй-бүлөнүн бир барктуу, таасирдүү лидери ушул бензиндерди куюп, башка чоң келишимдерге кызмат кылат деп угуп жүрөбүз. Эгер андай боло турган болсо өлкөнүн, региондун кызыкчылы болбосо дагы, өз үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн бул келишимди узартышы мүмкүн.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG