- Бакыт мырза, бүгүн эртең менен Жусупжан Жээнбеков депутаттык мандатты тапшырып, партиянын катарынан чыгарын маалымдаптыр. Буга карата фракция башчысы катары сиздин көз карашыңыз кандай болду?
- Биринчиден Жусупжан Жээнбеков партиянын жана фракциянын мүчөсү катары абдан жигердүү эмгектенип келди. Азыркы учурда да ал биздин эле катарыбызда. Партиядан да, фракциядан да чыкпайт. Анын бүгүн эрте менен айткан сөздөрүн мындай түшүнсөк болот: ар бир адамдын башына ар кандай кыйынчылык келиши мүмкүн. Ал кишинин азыр баласын жоготуп, аны издеп жаткан абалын биз адам катары терең түшүнүүбүз керек. Ошого байланыштуу Жусупжан Жээнбеков ушундай кадам таштасамбы, деп турган экен, мына ошону ал бүгүн билдирди. Мен фракциянын башчысы катары аны менен азыр эле сүйлөштүм, Жусупжан мырза партиялаш жана фракциялаш катары биздин арабызда калат. Биз анын азыркы учурда саясатка катуу аралашуусун чынында каалабайбыз, анткени ал кишинин баласын таап алганы – биз үчүн кымбатыраак.
- Акыркы убактарда Социал-демократтар фракциясынын катарынан чыккан депутаттардын көбөйүп жатышынын себеби эмнеде?
- Сиз Рахатбек Ырсалиев менен Осмонбек Артыкбаевди айтып аткан болсоңуз, алар ишкер адамдар. Ишкерлик менен саясатты чогуу алып кетүү мүмкүн эмес. Азыркы учурда ага эч бир шарт жок. Ошондуктан, алар өздөрүнүн ишкерлигин тандашты. Өмүрбек Бабанов деле ушинтип, өзүнүн ишкерлигин коргоп кетти. Ал эми Жусупжан Жээнбековго кайрылсак, анын жөнү башка. Ал кишинин азыр жүрөгүндө болгон ойду биз тең бөлүшүп, чогуу болушубуз керек. Жолукканда да мен ага айттым: саясаттан да, күнүмдүк оокаттан да анын өзүнө кымбат болгон баласын таап алышын биз өйдө коебуз.
- Сиздердин партияны ичинен жиктеп бөлүү аракеттери болуп эле келаткансыйт. Бул шайлоо убагында күчөдүбү? Анткени жер-жерлерде социал-демократтар партиясы үчүн иштеген адамдарга куугунтук болуп, коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканы айтылып атат...
- Президент Бакиевдин саясаты – анын оюна кошулбаган адамдарды бөлүп-жарып, куугунтуктап, коркутуп, иши кылып чөгөлөтүү. Бирок биз ага жол бербейбиз. Кээ бир адамдарга мындай саясат таасир этип атса керек, бирок бизге эмес. Биз дагы деле бирдиктүү турабыз, биз дагы деле күчөөнүн үстүндөбүз. Ошондуктан, мындан терс жыйынтык чыгарууга эч бир себеп жок деп, мен бекем ишендирип кете алам.
- Маегиңизге рахмат.
Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү, ЖК депутаты Ж. Жээнбеков убактылуу саясаттан кетүү үчүн партиядан чыгарын жана депутаттык мандатын тапшырарын бүгүн эртең менен билдирген эле. Бирок фракция башчысы Б. Бешимов партиялашы бул чечиминен кайтканын билдирди.