Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:50

Бороон алдындагы тынчтык?


Оппозиция 29-июлдан тарта бүт өлкө боюнча нааразылык чаралары башталаарын айтууда.
Оппозиция 29-июлдан тарта бүт өлкө боюнча нааразылык чаралары башталаарын айтууда.

БЭК 29-июлдан тарта нааразылык чаралары башталаарын айтса, бийлик тарап уруксатсыз митингге чыккандарга катуу чаралар көрүлөөрүн эскертүүдө.

Кыргызстандын жергиликтүү телерадио берүүлөрү эртели-кеч элге эгер митинг, пикетке чыксаңар "көргүлүктү көрөсүңөр" дегендей маалыматтар аркылуу эскертүү берген түр калтырып жатат. Эгер жергиликтүү бийликтен уруксаты жок көчөгө нараазылыкка чыкандар болсо жазаланат деген тактаманы Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов да айтты:

- Эгер жергиликтүү бийликтин уруксаты жок митинг, жөө жүрүштөр уюшса анда күч органдары өзгөчө катуу көзөмөлгө алат.

Бакыт Сейитов айткан катуу көзөмөл шайлоо күнү эле Балкычыдан башталды. Анда жергиликтүү бийликти басып алуу аракети болду деген шылтоо менен Алмазбек Атамбаевдин 19 тарапкерин милиция күчкө салып кармап кеткен.

Алардын жактоочусу Акин Токталиев милициянын бул аракети кайрадан адам укугун басмырлаган мыйзамсыз факт деп белгиледи:

- Ал жерде эч кандай баш аламандык болгон эмес. Болгону райадминистрацияга акимге барышкан, Шайлоо участоктордогу мыйзам бузууларды жөнгө салып бериңиз деп. Аким аларды угуунун ордуна милицияга кармап берген.

Акин Токталиевдин айтымында, кармалып сабалагандардын бирөөсү, БЭКтин Ысык-Көл райондук бөлүмүнүн координатору Канат Сопиев 27-июлда оор абалда жергиликтүү ички иштер бөлүмүнөн туура ооруканага жеткирилген.

Оппозиция өкүлдөрүнүн айтымында, шайлоо күнү жалпы өлкө боюнча отуздан ашуун адам камакка алынган. Ошондой болсо да БЭК 29-июлда жалпы республикалык нараазычылык акцияларын баштаганы турат.

БЭКтин мүчөсү, президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабынын башчысы Бакыт Бешимов алдыдагы митингдерде элдин колдоосу болот деген үмүтүн айтып, күч органдары канчалык коркутканы менен бийликтин алдоолоруна эл көпкө туруштук бере албайт деп кошумчалады:

- Кыргызстандын келечегине күйгөн адамдарды чакырып жатабыз. Кантип эле алдоолорго макул болуп олтуруп калышбыз керек. Эми корккону коркот, корпогону чыгат. Анан коркуп эле отуруп калбашыбыз керек. Өзү бизде патриоттуулук калганбы? Намыс деген барбы? Кыргызстандын эркиндиги бир эле оппозицияга керекпи. Кийин кеч болуп калат.

Азырынча массалык митингдерге канча адам кошулуп, канчасы көчөгө чыгаары белгисиз. Айрым серепчилер оппозиция акцияларын айрыкча өлкө түндүгүндөгү калк колдоорун божомолдоп жатышат.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, бийлик кошуна өлкөлөрдүн жолун жолдойт:

- Эми 2005-жылдагыдай толкундоолор болбойт го. Бирок бул жолку оппозиция чакырыгына дээрлик түндүк облустардын жашоочулары чыгышы мүмкүн. Бийлик болсо эмне кылат, кошуна өлкөлөрдүн жолоюн жолдойт. Азыр биз эми Өзбекстан же Түркмөнстандай болуп калдык окшойт.

Азырынча Бишкекте "бороон алдындагыдай" тынчтык өкүм сүрүүдө.

XS
SM
MD
LG