Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

Данияр Үсөновго жаштар ишене бербейт


Айрым жаш саясат талдоочулар өкмөт башчылыкка Данияр Үсөновдун келиши менен өлкө өнүгүп, гүлдөйт деген ойдон алыс экенин айтып жатышат.

Жаңы дайындалган өкмөт башчы Данияр Үсөнов фракция жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өлкө бюджети дагы өсөөрүн, пенсиялар убагында төлөнөөрүн билдирди. Ошондой эле өкмөттүн структурасында 30-40 пайыз кыскартуу болорун белгиледи.

- Өкмөттүн мурунку структурасын караганда 24 өкмөт мүчөсү бар эле. Азыр премьер, вице-премьер кошулганда 18 болуп жатат. 18 тармактык бөлүмдөр болгон, эми ал алтыга кыскарат. Бирок алар тармактык болбойт. Ошондуктан 30-40 пайыздан аз эмес кыскартуулар болот.

Деген менен жаш саясат талдоочулар Данияр Үсөновдун өкмөт башычылык кызматына келишинен майнап чыкпайт деген пикирлерин айтып жатышат. Алардын көбү жаңы өкмөт башчы Бишкек шаарынын мэри жана вице-премьер министр кызматын аркалап турган учурда деле алгылыктуу иш жасабагынын белгилешүүдө.

Жаңы өкмөттүн дайындалышы тууралуу “Ак-Шумкар-Кут” жаштар бирикмесинини лидери Мирхамид Токтогул уулу буларга токтолду:

- Буга чейин реформалар көп болгон. Көптөрү ийгилигине жетпей калганы бизге маалым. Менимче Данияр Үсөновдун талапкерлиги бул орунга толук кандуу жооп бербейт болчу. Анктени ал мурдагы кызматтарында деле алгылыктуу, чарбакер адам катары өзүн көрсөтө алган эмес. Орун алмашуудан кандай деңгээлде жыйынтык чыгат, аны убакыт көрсөтөт.

Ал эми “Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын жетекчиси Жоомарт Сапарбаев аты алмашкан менен заты алмашпаган реформалар 15 жылдан бери болуп эле келе жатканын, кардиналдык реформа өкмөттүн иш-аракетинен гана бааланарын белгиледи:

- Данияр Үсөнов өкмөттүн иштерин кыйратып деле алып барбайт болуш керек. Аты менен саны алмашып, заты алмашпаган министрликтер пайда болуп жатат. Кардиналдык реформа өкмөттун жасаган кадамдарынан билинет. Азырынча айтыш кыйын, бирок биздин саясий тарыхты караганда мындай реформалар эч нерсеге деле алып келбейт.

Саясий серепчи Аскарбек Мамбеталиев Кыргызстандын бийлик системасында негизги ролдо президент экенин, ошондуктан бир эмес, жүз Данияр Үсөнов келсе да эч кандай өзгөрүү болбойт деген пикирин "Азаттыкка” билдирген.

- Данияр Үсөновдун кандайдыр бир оң жакка сүйрөп кетээрин азыр айтыш кыйын. Ал келечекте далилдейт деп ойлойм. Муну менен көпчүлүк кандай кааласа, парламенттин көпчүлүгү кандай кааласа ошол ишке ашып, күчтүү президент болгон өлкөгө айландык.

Ушул эле күнү жаңы шайланган өкмөт башчы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетинин жыйынында өкмөттүн жаңы структурасы тууралуу маалымат берди. Ал жаңы структурада 14 министрлик, 7 агенттик, 7 кызмат жана 2 фонд болоорун белгиледи. Структура бейшемби күнү парламентте каралып, андан кийин президентке жолдонмокчу.

XS
SM
MD
LG