Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Ф. Кулов: Д.Үсөнов өтө оор учурда кызматка келди


Мурдагы премьер Ф. Кулов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, башкарууну реформалоону президенттин алдыга жасаган чоң кадамы катары бааларын, оор кезде келген жаңы өкмөттү колдоо керектигин айтты.

- Феликс мырза, мына президент Курманбек Бакиев 20-октябрда мамлекеттик башкарууну реформалоо боюнча өзүнүн ой пикирлерин, максатын эл алдына сунуш кылды. Ошого ылайык 21-октябрда болсо өкмөттүн жаңы башчылыгына Данияр Үсөновдун талапкерлиги көрсөтүлүп, “Ак жол” фракциясы 68 добуш менен аны жактырды. Дегеле акыркы өзгөрүүлөр боюнча, анан негизи президенттин айткан сөзү боюнча сиз кандай пикирде болдуңуз?

- Менимче, мамлекетти башкарууну реформалоо эбак эле бышып жетилген. Президент Курманбек Бакиевдин азыркы жасаганын алдыга ташталган чоң кадам катары бааласа болот. Албетте мен буга чоң колдоо менен мамиле кылам. Анын үстүнө бул жасалгандар биздин партия алдыга койгон пландарга үндөшүп турат. Биринчи кезекте, президенттик, аткаруу жана башка бийликтердин ортосундагы чектер так аныкталды. Бирок ошол эле убакта кээ бир деталдар боюнча айрым суроолор келип чыкты. Бул жерде кеп, биздин кээ бир нерселер менен макул же макул эместигибиз тууралуу эмес, а кеп бул жерде кээ бир функцияларды тактоо тууралу болуп атат.

Мисалга алсак, министрликтер саясий функцияларды көбүрөөк аткарат деп айтылган экен. Бул кандай аткарылат? Бул үчүн өкмөт тууралуу мыйзамды өзгөртүп, кээ бир министрликтерге тескөөчү функцияларды бере турган мыйзам актыларын кабыл алуу керек. Азырынча бул жактары бүдөмүк. Бирок президент бул суроолорго жооп бере турган мыйзамдар жакын арада кабыл алынат деди. Ошондо менимче, жалпысынан түшүнүктүүрөөк болоор.

- Андан тышкары президент өзүнүн сөзүндө айтты, президенттик кеңеш түзүлөт деп. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр, тышкы иштер боюнча мамлекеттик министр, андан тышкары коргоо, коопсуздук жана тартипти сактоо боюнча мамлекеттик кеңешчи кирет деп атат. Ушул жаңы министрлик кеңештин түзүлүшүн кандай кабыл алдыңыз?

- Менимче, Президенттик кеңешме чечимдерди кабыл алууда жамааттын сунуш-пикирлерин эске алуу үчүн түзүлүп жатат. Муну колдоого алуу гана керек. Эсиңизде болсо керек, Совет учурунда бюро бар болчу, партиялык ал бюро чогуу чечим кабыл алууга жардам берчү. Бир адам үчүн чечим кабыл алуу кыйыныраак, бир нече адамдын пикирин угуп чечим кабыл алуу, менимче, жөндүү иш болот. Кеп эми бул саналган адамдардан тышкары кайсы адамдар бул кеңешменин курамына кирет дегенде. Балким, жер-жерлерден да өкүлдөрдү киргизиш керектир. Бул алдаганча кызыктуу болмок. Менин эсимде, март окуяларынан кийин биздин «Ар-Намыс » партиябыз дагы кайсы бир саясий чечимдерди кабыл алууда коомдун баардык катмарларынын ой-пикирлерин колдон келишинче эске алуу максатында президенттик кеңеш түзүү тууралуу сунуш киргизген

Аскар Акаевдин кемчилиги ал бир ууч адамдардын ой-пикири менен гана эсептешип, реалдуу турмуштан алыстап кеткенинде болгон. Биз ага анын үй-бүлөсү, аялы таасир эткенин билебиз, кечинде бир чечим кабыл алынчу дагы, эртең менен башка чечим менен жумушка келчү. Кыязы, аялы ал чечимди түнү менен оңдоп койсо керек. Бул тууралуу көп айтылды, бардык чиновниктер аны жакшы билишчү. Азыр президент Курманбек Бакиев чечимди жалпылап, жамаат менен биргелешип кабыл алууга ыктап жатканын көргөзүүдө.

- Данияр Үсөновдун персонасы боюнча сиз кандай ойдосуз, кандай фигура деп ойлойсуз. Биринчи кезекте жаңы келаткан өкмөт кандай маселелерге көңүл коюш керек, эмнелерди тез арада чечиш керек?

- Биринчиден, айтайын дегеним, Данияр Үсөнов өтө оор учурда кызматка келип отурат. Анткени, министрликтердин функциясы өзгөрүп жатат. Президенттин айтымында, өкмөт тескеп – координация жасай турган органга айланат, Бул таптакыр жаңы мамиле. Бул жаңы иш, жаңы психология, аткаруу бийлигинде жаңы идеология болот. А тургай тыштан өкмөткө жаңы келгендерге да кыйын болот. Мына биз ишкерлерди өкмөткө тартабыз деп атабыз. Ал мисалы, бизнесте жүрүп үй курган, курулуш жасаган, ал эми өкмөткө келип ишкер дагы эмне кылышты билиши кыйын болот го. Ал эми Совет мезгилинде иштегендерге дегеле оор болот мунун баары. Ошондуктан өкмөттөгүлөрдөн өздөрү өзгөрүшү керек, анан мыйзамдар дагы өзгөрүшү зарыл. Экинчиден, эмдиги жылы бюджеттин тартыштыгы 300 млн. долларга жетет. Мындай оор учурда өлкөнү кантип көтөрүү керек? Анын үстүнө акчанын бир бөлүгүн өнүктөрүү бюджетине жумшоо керек. Бул акчаны Өнүктүрүү боюнча агенттик алат, анда өкмөт кантип иштейт? Ошондуктан жаңы премьер-министрдин толтура маселелери бар. Чечилбеген, так эмес максаттар да арбын. Ушундай шартта жаңы өкмөт башчыга кызгануу менен кароого болбойт, тескерисинче, аны колдоо керек.

- Маегиңизге рахмат.

Феликс Куловдун "Азаттыкка" маеги
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:35 0:00

XS
SM
MD
LG