Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү фракциялар колдоду


Жогорку Кеңештин Социал демократтар фракциясы Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорундагы үч беренеге макул эместигин билдирди. Ал эми “Ак жол” менен Кыргызстан коммунисттери фракциялары аталган мыйзам долбоорун толук колдоп беришти.

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Роза Отунбаева Конституциялык соттун корутундусунан кийин “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорундагы "Президенттик кеңешмени" «Мамлекеттик кеңеш» деп атап, оңдоп коюу сунушуна каршы экенин билдирди. Анын айтымында, 2006-жылы 17-апрелде президент Курманбек Бакиев өз жарлыгы менен Мамлекеттик кеңешти түзүп, Конституциянын 42-46-беренелерине ылайык анын курамын бекиткен. Бул органда мамлекеттик бир катар маанилүү маселелерди талкулоо каралып, курамына президент, өкмөт башчы, Жогорку Кеңештин төрагасы, Конституциялык соттун төрагасы, Жогорку Cоттун төрагасы, башкы прокурор, коргоо министри жана Бишкек шаарынын мэри кирген.

СДПнын лидери "Президент сунуштаган Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоор менен эл аралык коомчулукка шылдың болуп жатабыз”,- дейт.

- Бул оюн эмес да. Конституция да оюн эмес. Ушундай өзгөртүүлөр дагы оюн эмес. Дүйнөлүк тажрыйбаны кармансаңар боло. Өкөмттүн өзүнүн ыйгарым укуктары бар. Бул өзгөчө маанилүү. Бүгүн деле коомчулукта өкмөт эмне иш аткарары күмөн туудуруп жатат. Өнүктүрүү, инвестицияялар жана инновациялар агенттиги өкмөттүн бардык негизги активдерин колуна алды.

Отунбаеванын белгилегенине караганда, өкмөт ыйгарым укугунан ажырап, Данияр Үсөнов “шапалак жеген жаман баланын” ролун ойноп жатат. Ал ошондой эле жетинчи жолу өзгөртүлүп жаткан Баш мыйзамга мынчалык киришип калгандан кийин дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу зарылдыгын айтты.

Адилет министри Курмантай Абдиев президент башында турган башкаруу системасын реформалоонун алкагында өкмөттүн жана парламенттин ыйгарым укуктарында өзгөртүүлөр болгондон кийин, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү замандын талабы дейт.

Бирок Социал-демократтар фракциясы “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорундагы “Президенттин ыйгарым укуктарын аткара турган адамды аныктоо жөнүндө чечим Мамлекеттик кеңеш тарабынан кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат”, деген 52-беренени колдобой тургандыгын билдирди.

Ага карабай 27-январда Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясы менен Коммунисттер фракциясы Президент К.Бакиев сунуштаган “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун биринчи окууда эле бир добуштан колдоп беришти. Колдоп добуш бергенден кийин Коммунисттер фракциясынын лидери Искак Масалиев “Азаттыкка” мындай деди.


- Баш мыйзамга өзгөртүүлөр ушул убакытка туура келген өзгөртүүлөр болуп турат. Мамлекеттик башкаруу системасы өзгөргөндөн кийин, бир топ функциялар өзгөрдү. Ошол эле президенттин администрациясы жоюлуп, президенттин институту пайда болуп, өкмөттүн ичиндеги функциялар өзгөрүлүп, өкмөттүн президиуму башка болгондуктан ушул өзгөртүүлөр керек болуп калды.

Анын фракциялашы Николай Байло “Президент өз милдетин аткара албай калганда спикер, премьер-министр мамлекетти башкарбай, башка орган аныктаган адамдын башкарышы бөлөк мамлекеттердин тажрыйбасында барбы?”,-деген суроону Адилет министри Курмантай Абдиевге жолдогондо, ал “Кыргызстандан башка мамлекеттерде “жок!”, деген жообун берди.

28-январда Жогорку Кеңештин отурумунда “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланышы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG