Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Р.Отунбаева: Мамлекеттик кеңештин жобосу жок


27-январда Жогорку Кеңештин фракцияларында Конституцияга өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоору каралат. 26-январда Конституциялык мыйзамдуулук комитети долбоорго өзгөртүү киргизип, президенттин милдетин Президенттик кеңеш эмес, Мамлекеттик кеңеш аныктайт деген сунушту берди. Буга байланыштуу комитеттин мүчөсү, Социал-демократтар фракциясынын башчысы Роза Отунбаева “Азаттыкка” маек курду.

- Сиз кечээ комитеттин ушул сунушуна каршы болдуңуз. Эмне үчүн?

Роза Отунбаева: Комитет Конституциялык Соттун сунушуна Президенттик кеңеш спикер эмес, өкмөттүн башчысы эмес, башка адамды бекитет деген болбойт. Конституциялык сот анын ордуна башка орган дайындаш керек деп кеңеш берди.

Анын ордуна ошол эле замат комитет Мамлекеттик кеңеш мындай дайындоону жасасын деп, Мамлекеттик кеңештин ичине, анын курамына төрага жана өкмөттүн башчысы, Президенттик кеңештин мүчөлөрү кирсин деп сунуш жасады. Мен ошого каршы болдум.
Президенттик кеңеш жарабайт десе, анда мейли, Мамлекеттик кеңеш дейт.


Биз, биринчиден, эмне себептен дүйнөлүк практикадан четке кетип атабыз? Төрага жарабайт, төрага эл жыйынынан чыккан адам, өкмөттүн башчысы жарабайт. Биз болсо Халк маслахатындай бир нерсени түзүп, ошол дайындайт деп өзүнчө конструкция жасап атабыз.

- Роза айым, ушул жерде Конституциялык Соттун өзүнүн чечими канчалык деңгээлде логикалык жагынан туура болуп атат? Сиз кандай дейсиз?

Роза Отунбаева: Балким туура. Биз аны талкуулайбыз. Мен аны да айтып кеттим, Конституциялык Соттун өзүнүн мандаты бар. Конституциялык Сотко сунуштарды ким киргизет? Экинчиден, кандай карама каршылыктар бар? Бул жерде кандайдыр бир өзүнүн саясий симпатиясын көрсөтүп, кеңеш берип, “мындай кылсаңар туура болот, мындай туура болбойт” деп юридикалык жагынан өзүнүн саясий оюн айтып атат.
Мына, бүгүн “Ак жол” фракциясы карап чыгат, сөзсүз макул дешет.


- Сиздин оюңузча кандай болушу керек? Сиздин сунушуңуз кандай?

Роза Отунбаева: Мен ойлойм, дүйнөлүк эле практика боюнча болуш керек. Өзүнчө эле “кубик-рубик” деген бар го, ары бери айлантып, түсү боюнча бирге түшүп калыш керек дегендей. Президенттик кеңеш жарабайт десе, анда мейли, Мамлекеттик кеңеш дейт. Ал эми Мамлекеттик кеңештин жобосун иштеп чыкпай эле жөн эле киргизип атышат.

Мына, бүгүн “Ак жол” фракциясы карап чыгат, сөзсүз макул дешет. Эртең эле палатага алып чыгып эле биринчи угуудан 74ү колун көтөрөт, ошол бойдон бул биринчисинен эле өттү деп айтып кетишет. Бул оюн Конституцияга сыйбай турган нерсе.

- Рахмат маегиңизге.

"Азаттыктын" архивинен: З. Курманов: Президенттик кеңешме керек

З. Курманов ЖК төрагалыгына шайланаардан бир күн мурда "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолорунда" баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча ойлорун айткан.

З. Курманов: Президенттик кеңешме керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG