Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Президенттик кеңешме бийлик маселесин чече албайт


Президенттик кеңешме мамлекет башчы өз ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда анын милдетин аткаруучу адамды аныктай албайт. Конституциялык Соттун чыгарган корутундусунда президенттик кеңешме –кеңешүүчү орган болгондуктан президенттин милдетин аткаруучуну аныктоо укугуна ээ эмес экендиги айтылат.

Башмыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча президенттин долбоорунда 20-октябрдан кийин башкаруу системасында орун алган өзгөрүүлөрдү мыйзамдаштыруу, президент милдетин аткара албай калган учурда анын милдетин аткаруучуну Президенттик Кеңеш аркылуу тандоо жоболору бар. 21-январда Конституциялык Соттогу жараянда Башмыйзам долбоорун коргоого алган адилет министри К. Абдиев жаңы редакцияда демократиялык багыттагы жаңы жоболор киргизилген деп ырастады:

-Азыр күчүндөгү Башмыйзамда “президент ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда анын милдетин ЖК төрагасы, анын да мүмкүнчүлүгү болбосо өкмөт башчы аткарат,” деп жазылып турат. Президент сунуштап жаткан Конституциянын долбоорунда Президенттик кеңешменин ичиндеги көпчүлүктүн ичинен тандап алуу мүмкүнчүлүгү пайда болуп жатат.

Конституциялык Соттун түштөн кийинки чыгарган корутундусуна ылайык жалпысынан Конституциялык Сот Башмыйзамга президент тарабынан киргизилген өзгөртүүлөргө берди. Бирок Башмыйзамдын 52-беренесине киргизилген “президент өз ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда анын милдетин аткаруучу адам президенттик кеңешме аркылуу аныкталат” деген өзгөртүүнү башкача редакциялоо сунушу киргизилди.

Конституциялык Соттун төрайымы Светлана Сыдыкова
корутундуга төмөнкүчө түшүндүрмө берди:

-Кыргыз Республикасынын Конституциялык Соту Башмыйзамдын 46-беренесинин 1-пунктунун 6-пунктчасына өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык түзүлгөн президенттик кеңешме өзүнүн макамы боюнча кеңешүүчү орган болуп саналат. Анын чечими сунуштама мүнөздө болорун жана аны президент бекиткен учурда гана милдеттүү мүнөзгө ээ болорун эске алып, президенттик кеңешме президенттин милдетин аткаруучуну аныктай турган орган боло албайт деген жыйынтыкка келди.

Конституциялык Соттун корутундусунда Президенттик кеңешменин ордуна президенттин милдетин аткаруучу адамды аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон коллегиялык орган түзүү сунушталган.

Конституциялык Соттун бүгүнкү корутундусу президент тарабынан сунушталган өзгөртүүлөргө каршы чыккан жери жок, алар болгону Президенттик Кеңешменин аталышын же формасын өзгөртүүнү сунушташты деген пикирин саясат талдоочу Марс Сариев “Азаттыкка” билдирди:

-Президент айткан сунушун Конституциялык Сот “коллегиялуу орган аныктасын” деп буруп койду. Негизи болсо мурункудай эле калды. Азыр билесиздер, саясатта абал кандай экенин. Ошондуктан, президент өзгөртүүнү киргизип, аны өткөрүүнү көздөп жатканы, ал кайсы жагына, кандай жыйынтыкка келе жатканы да түшүнүктүү болуп турат.


КР Башмыйзамына өзгөртүүлөр киргизилбей туруп, 20-октябрда президент баштаган мамлекеттик башкарууну реформалоо алкагында Конституциянын бир катар беренелери бузулгандыгын оппозиция ошол тушта эле белгилеп чыккан. “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Конституцияны бузду деген доомат менен Конституциялык Cотко кайрылган. Конституциялык Cоттун бүгүнкү чечимине карата пикирин билдирген Ө. Текебаев бийлик Башмыйзамга өзгөртүү киргизем деген күндөн тартып жаңылганын, аны эми түшүнүп отурганын айтат:

-Ким жетелеп алып келип, кайсы жерде жыйналат, кандай болот деген суроолор жоопсуз турат. Анткени бул президент күтүүсүздөн милдеттерин аткара албай калган учур болуп жатпайбы. Ошондуктан, тиешелүү механизмдер көрсөтүлбөй, талашты түзөт дагы, кош бийликти пайда кылат. Оппозиция өзүнчө бир кишини президент шайлап алса кандай болот? Мурда деген конкреттүү көрсөтүлүп турган, президенттин милдетин ЖК төрагасы же болбосо өкмөт башчы аткара алат деп. Бул деген күтүүсүз кырдаал, жагдай президенттин үй-бүлөсүн жакалаганын көрсөтүп турат. Мына ошентип шашкандан алар конституциялык реформаны да кандай жасарын билбей, баш-аламан жасашты. Конституциялык реформадан мурун Башмыйзамды биротоло бузуп, мыйзамсыз иш-аракет кыла баштады. Мына эми президент өзү киргизген долбоор дагы туура эмес чыгып калды деп, президентке дээрлик баш ийген Конституциялык Сот дагы көрсөтүп отурат. Тарых көрсөткөндөй кайсы куралчан адам Өкмөт үйүн кайтарса, аягында бийликке ошол ээ болуп келген. Азыр ошол куралчан адам президенттин үйүн, үй-бүлөсүн кайтарып атат. Демек, бул куралчан адамга келечекте президенттин милдетин аткаруучу адамды да тапшырып берип атпайбы. Бүгүнкү баш-аламандык бул куралчан адамга үй-бүлө мүчөлөрүнүн да ишеничи кеткендигин көрсөтүп турат.

Өмүрбек Текебаев Конституциялык Сот бийликке кеңеш берүүчү орган эмес экенин да белгилеп кетти.

Президенттин милдетин аткаруучу адамды аныктоо укугуна ээ орган кандай түзүлөт, эмки кеп ошондо.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG