Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

“Ак шумкар” Ынтымак курултайы беш маселени карашын талап кылат


Темир Сариев журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө, 2010-жылдын 17-марты, Бишкек.
Темир Сариев журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө, 2010-жылдын 17-марты, Бишкек.

«Ак шумкар» партиясы 23-мартта, Ынтымак курултайынын алдында митинг өткөрөөрүн жарыялады. Партия төрагасы Темир Сариев бул иш чараны жолугушуу деп атап, анда курултайдын күн тартибине беш маселени киргизүү талабы коюлаарын билдирди.

- Сиздердин мындай чечим кабыл алышыңыздарга эмне түрткү болду?

- Ооба, биз мэрияга митинг өткөрөбүз деп кат жолдогонбуз. Анткени 23-мартта президент чакырган курултай филармонияда болот экен. Ошон үчүн филармониянын астына деп атабыз. Мына кечээ Элдик курултай өттү, нарындыктар, алайлыктар көтөрүлүп чыгып атат. Биз көйгөйлүү беш маселени көтөрүп, Ынтымак курултайы ошону күн тартибине киргизип, караш керек деген ойдобуз. Анан Бишкек мэриясы сотко берип, сот митинг өткөргөнгө болбойт деген чечим чыгарып койду. Бирок биз да юридикалык жагын издедик. Азыр биз митинг, пикет эмес, жолугушуу деп чакырып атабыз. Жолугушууга эч ким бөгөт кое албайт.

- Анда кимдер менен жолугушуу болот?

- Ошондо президент, ошого келген делегаттар, анын ичинде Жогорку Кеңеш депутаттары, министрлер болот, башка бийлик органдары дагы чакырылган, биз ошолорго сунуш берели деп атабыз. Эгерде бийлик бизди келтирбестин амалын таап сотко берип атса, биз дагы юридикалык амалын таап, азыр митинг дебей эле жолугушуу деп коебуз. Бирок “Ак шумкар” партиясы өзүнүн мүчөлөрү менен ошол жерге чыгып, баракчаларды таратып, курултайдын күн тартибине ошол маселелерди киргизүүнү талап кылып, ошол жерде турабыз.

- Беш талап деп атпайсызбы, алар кандай талаптар?

- Биринчи талап, “Түндүкэлектро” менен “Кыргызтелекомдун” сатылышы мыйзамсыз, ал элдик менчикке кайтарылып берилсин. Экинчи талап, баалар туура эмес, өзгөчө электр энергиясына жана коммуналдык төлөмдөргө. Булар кайра ордуна кайтарылсын. Былтыртан бери суу шаркырап агып атат, бирок электр энергия жетпейт. Эмнеден? Анткени сууну мыйзамсыз сатып аткан адамдар жоопко тартылсын дедик. Үчүнчүсү, президент өзүнүн жакын адамдарынын баарын тең бийик бийлик органдарга алып келип алды. Ошолорду кетирип, мыйзамсыз органдарды жоюу. Төртүнчүсү, Конституцияны өзгөртүү боюнча президент өзүнүн берген долбоорун чакырып алуу, анткени ал үй-бүлөлүк башкарууну мыйзамдаштырууга аракеттенип атат. Бешинчи, генерал Исмаил Исаковду, Балыкчы окуясы боюнча мыйзамсыз соттолгондорду бошотуу. Ал эми Петровка боюнча сот ишин токтотуп аларды актап чыгаруу. Ушул беш талап.

Бул талаптар бешөө тең кечээ Элдик курултайдын чечимине кирди. Андан башка курултайда дагы 2 чечим кабыл алынды, ММКлар жөнүндө жана Гуревич айлантып аткан акчанын тегерегинде комиссия түзүү боюнча деп. Биз болсо беш талап менен чыгабыз, азыр президенттин квотасы менен жер-жерлерден келчү делегаттар менен дагы сүйлөшүп атабыз. Алар эгер чын эле элдин мүдөөсүн, үнүн айтабыз десе, мен ойлойм эң көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыгып, ошол жерден караш керек.

- Темир мырза, Кечээги Элдик курултай максатына жетти деп айта аласызбы?

- Албетте бул - Элдик курултай, бул митинг, пикет эмес, же жөө жүрүш эмес. Биз “Ак шумкар” партиясы эмне үчүн кошулдук, анткени бийликке каршы оппозициялык күчтөрдүн курултайы болот деп жарыялаганбыз. Ошол үчүн барып катыштык. Бардык 7 дубандан өкүлдөр келип катышышты, элдин саны 6-7 миң болду деп адистер айтып атышат, алар менен талашкым келбейт. Ошол жерде курч маселелер каралып, талап коюлуп, 24-мартка чейин деп мөөнөт берилди. Эгер 24-мартта бул талаптар аткарылбаса анда жер-жерлерде элдер чогулуп өздөрүнүн курултайын өткөрүп, чечимдерин чыгара баштайт деген чакырык да болуп кетти. Мен ойлойм, бийлик бул тараптын да, элдин да үнүн угуп, ошого жараша ишин кылыш керек. 2005-жылы март айындагы окуялар дал ушундай болуп башталган. Эл бирди сүйлөп, мүдөөсүн айткан, а бийлик болсо кулагын жаап, көзүн жумуп, оозун бүтөп алган. Мына ошондой болбош керек.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG