Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

“Жоогазын ыңкылабын” Ошто ким каржылаган?


Оштогу нааразылык, 2005-жылдын 21-марты.
Оштогу нааразылык, 2005-жылдын 21-марты.

Ыңкылапчылар ырастагандай, Оштогу март көтөрүлүшүн жетектөөгө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Чотонов абдан активдүү катышкан. Ошондо бир айга чукул созулган нааразычылык акциясын азыркы президент Курманбек Бакиев каржылаган эмес. Ар райондон топтолгон миңдеген кишилерди ыраматалык бизнесмен Баяман Эркинбаев жана ошо кезде бийликте олтурган айрым кишилер багып турушкан.

Эгемен Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев 2005-жылкы март окуясын мамлекеттик төңкөрүш катары баалап, бул көтөрүлүштү Америка Кошмо штаттары уюштуруп, каржылаган деп айтканы бар.

Өлкөнүн азыркы жетекчиси Курманбек Бакиев мындай пикирге макул эместигин Баткен жергесине жасаган жакынкы сапарында билдирди:

- Ачыгын айтканда, азыр митинг уюштургандар элди акча менен кызыктырап атышат. А биз 2005-жылы мартта чыкканда, мына күбөлөр турат, эч кандай акча таратылган эмес. Эл өзү көтөрүлгөн, болгондо да бүтүндөй Кыргызстан калкы көтөрүлгөн.

Ага дейре оштук жаш лидерлер менен жолугушуу учурунда Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев биринчи президент Аскар Акаевдин божомолун четке каккан эле.

- Март окуясында Америка акча берди дейт. Мисалы, мага акча берген жок! А мен Бакиевди жаман көрөөрүмдү билесиңер, а? Бирок мен айтам, Бакиевге да акча беришкен жок! Эгерде четин эле билип калсам, анда “Бакиев өлгүдөй экономдоп калды” деп айтат элем да, туурабы? Америкалыктар түз бербейт, анын үстүнө каражат дагы түз келбейт. Мен билгенден демократиялык институттарды, массалык маалымат каражаттарын колдоо иретинде берилет. Конкреттүү түрдө жөнөтүлбөйт. Кыскасы, мындайча акча берилбейт.

Ошентсе да, Оштогу беш жыл мурунку “жоогазын ыңкылабынын” штабын башкарган Мырзабек Акматов санаалаштарын каржылоо булагын мындайча ачыктады:

- Эч кимдин, жадагалса, Курманбек Бакиевдин бул жерде кымындай тиешеси жок. Азимбек Бекназаров жана башка лидерлер ошондо Дүйшөн Чотоновдой эмгек кылган эмес. Ош облусундагы жана түштүк борборундагы бийлик алынбаганда, Бишкектеги Ак үй алынбайт эле. Бул ачуу чындык. Ошондуктан, бардыгын азыркы президент Бакиев каржылаган дегенден алыс болгон оң. Анын үстүнө ал жалгыз өзү бүтүндөй өлкө боюнча акча сарптаганга дарамети жетпейт болчу. Жалал-Абатта элди көтөргөндө “Ким демөөрчүлүк кылат?” дегенде, Жусупбек Бакиевди (президенттин бир тууган инисин – ред.) айтышыптыр. А бизде оштуктарды, биринчиден, эл өзү каржылады. Андан тышкары ошогезде бийликте олтургандар атайын уюшулган фондого акча кошуп турушту. Плюс ыраматылык коомдук ишмер Баяман Эркинбаевдин миңдеген калкты бир айга чукул бакканга салымы чоң.

2005-жылдын башында Курманбек Бакиев төрагалык кылган Кыргызстан Элдик кыймылынын (КЭКтин) Оштогу өкүлү, учурда “Жаңы Кыргызстан” партиясынын түштүк аймактык координатору Керим Макеев буларды кошумчалады:

- Ыңкылапка эч кандай он же жыйырма миллиондогон сом жумшалган эмес. Албетте, көтөрүлүшчүлөр тамак-аш менен туруктуу камсыз этилген. Ошо мезгилде колунда барлар, бизнесмендер же президент болом дегендер ар кандай өлчөмдө элүү-алтымыш миң сомдон взнос (мүчөлүк акы) төлөп турушкан. Бирок ар жан башына мынча миңден акча таратылды дешкени жалган.

Керим Макеев өз сөзүндө март ыңкылабанын талаптарынын бири дагы аткарылбай калгандыгын жашырган жок.

- Акаев баштаган жеп-ичкич жетекчилер токтоосуз камалышы керек эле, тилекке каршы, андай болгон жок. Алардын көбү азыр деле кылы кыйшайбай бийликте олтурушат. Мына, 2005-жылдын мартында “Бүгүн-эртең эмне болот?” деп күтүүчүлүк позицияны тутунгандар – мэр, ошогезде бийлик имаратынан качууга үлгүрбөй козголоңчулардын колуна түшкөндөр – губернатор, дагыле ошолор жыргап атышат, - деп тызылдады “Жаңы Кыргызстан” партиясынын түштүк аймактык координатору Керим Макеев.

Ошентип, жергиликтүү серепчилер Кыргызстанда кудум беш жыл мурдагыдай кырдаал түзүлгөндүгүн айтышууда. Алар ошондой эле үйүлгөн маселелерди сүйлөшүү аркылуу чечүүгө али да болсо убакыт бардыгын белгилешүүдө. Болбосо талдоочулар эскерткендей, Кыргызстан дагы бир ыңкылапты көтөрүүгө кудуретсиз.

XS
SM
MD
LG