Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Мандат кумары макулдашуудан жогорубу?


Мандат алган депутаттар, 10-ноябрь.
Мандат алган депутаттар, 10-ноябрь.

Шайлоодо жеңген айрым партияларда депутаттык орун маселесинен улам ички карама-каршылыктар жана талаш-тартыштар чыгып жатат.

Келишпестиктер тизмедеги катар ордуна эмес, өз чөлкөмүнөн алган добушуна жараша мандат берүү маселесинен келип чыккан.

Динара Исаева депутаттык мандаттан баш тарткан жок

“Ата-Журт” партиясынын тизмесинде он экинчи болуп катталган Динара Исаева буга чейин партиялык тизмеден чыгарылгандыгы жөнүндө маалымдалган болчу. Буга анын өз чөлкөмүнөн тиешелүү добуш ала албагандыгы жана мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун жубайы катары ага карата коомчулукта тескери пикирлердин бар экендиги себепчи болгон.
Парламенттеги ант берүү, 10-ноябрь.

Бирок Динара Исаева 10-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин алгачкы отурумунда ант берип, “Ата-Журт” партиясынын атынан депутаттык кызматка киришти:

- Жогорку Кеңештин депутаттык кызматына киришип жатып, Кыргыз Республикасына берилгендигимди билдирип, Конституцияны жана мыйзамдарды сактоого, өз милдеттеримди бүткүл элдин кызыкчылыгына карата аткарууга жана Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгын жана эгемендигин коргоого ант беремин.

Шайлоодон кийин козголгон моралдык принциптер

“Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев маалымат агенттиктерине мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаева депутат болуп турганда парламенттик жыйындарга катышпай тургандыгын жарыялады. Муну ал өзүнүн моралдык принциби катары атады. Бирок андай болсо эмне себептен алгач аны партиялык тизмеге кантип кирип калгандыгын түшүндүргөн эмес. Мына ушуга байланыштуу негиздер менен “Ата-Журттун” анабашылары Камчыбек Ташиев жана Акматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин алгачкы отурумундагы ант берүү аземине келишкен жок.
Камчыбек Ташиев.

12-октябрда “Азаттыкка” берген маегинде “Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Акматбек Келдибеков талапкер Динара Исаева партиялык тизмеден чыгарылгандыгын айткан менен, бирок ал маалымат кийин БШК тарабынан тастыкталган жок:

- Динара Исаеванын тизмеге киргизилиши бул биз ар бир аймактан талапкер тандаганда ошол жактагы лидерлер сунушташкан. Анан элдин, аталган уюмдардын нааразычылыгынан улам Динара Исаева өзү тизмеден чыгуу боюнча арызын жазып берди. Биз аны БШК тапшырдык. Данияр Үсөновдун жубайы эми биздин партиянын атынан депутат болбойт.

“Ата-Журт” партиясынан дагы бир мүчөсү Жылдыз Жолдошова саясий кеңеш тарабынан айрым талапкерлерге басым көрсөтүү орун алып жаткандыгын белгилеген. Муну аталган партиялык тизмеде төртүнчү орунда турган айым чөлкөмдөн алган добуштарынын салыштырмалуу аздыгы менен байланыштырылып жаткандыгын кыйыткан. Бирок буга макул болбогон Жылдыз Жолдошова тизмедеги катар орду боюнча депутаттык мандат алууга акысы бар экендигин кошумчалаган.

Макулдашылган “мандаттар”

Мына ушундай мүнөздөгү кадамдар “Республика” партиясында да жүрүп, тизменин алдыңкы жыйырмалыгындагы беш талапкер депутаттык мандаттан баш тарткандыгы боюнча арызын жазып беришкен. Алардын ордуна партиянын кызыкчылыгы үчүн бир кыйла көбүрөөк добуш чогулткан талапкерлер жылдырылган.
Парламенттин алгачкы жыйыны.

Аталган партиянын маалымат катчысы Кубат Болотканов бул макулдашууну партиянын талапкерлери түшүнүү менен кабыл алышкандыгын белгиледи:

- Партиялык тизме түзүлүп жатканда эле талапкерлер чогулуп алышып, өздөрү иш алып барган чөлкөмдөрдөн алган добуштарына карата бири-бирине депутаттык мандат ыйгарууну макулдашышкан. Тизмеде алдыңкы катарда болуп, бирок жетиштүү добуш албай калышса, ылдыйкы орундарда турушкан, бирок шайлоочулардын жетиштүү колдоосуна ээ болгондорго жол бошотуп берүү боюнча алдын-ала бир пикирге келишкен болчу. Ошондуктан бул маселе партиялык ички тартиптин негизинде эле ызы-чуусу жок жөнгө салынды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев шайлоодон өткөн жалпы беш партиянын ичинен 33 талапкер мандаттан баш тарткандыгын жарыялады. Анын көпчүлүгүн мурдагы кызмат ордуларын алмаштыргысы келбегендер жана партиялык ички макулдашуунун негизинде мандаттан баш тартуу боюнча арыз жазып бергендер түзүшөт.

XS
SM
MD
LG