Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

К.Абдымен: Бекназаровдун аракети этикага туура келбейт


Саясий серепчи Кубан Абдымен. 21-март 2007-жыл.
Саясий серепчи Кубан Абдымен. 21-март 2007-жыл.

Саясий серепчи Кубан Абдымен "Азаттыкка" курган маегинде вице-премьер-министр А.Бекназаровдун кадрдык өзгөрүү боюнча президентке каяша айтышы мамлекеттик кызматкердин этикасына туура келбестигин, баш прокурор болуп дайындалган К.Байболовго буга чейинки козголгон кылмыштардын бетин ачууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүн билдирди.

- Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров президенттин жогорку соттун төрагасын жана башкы прокурорду кызматынан четтетүүсүн Ак үйдүн оюндары деп чыкты. Президент мындай жарлыкка саясий тар чөйрөнүн кызыкчылыктарын көздөгөн шартта кол койду дегени канчалык негиздүү?

А.Бекназаров "Азаттыктын" студиясында, 22-май, 2009-жыл .
Кубан Абдымен:
Бул сөздөр баары бир айтылышы керек болчу. Анткени буга чейинки айтылып келген маалыматтар боюнча, Азимбек Бекназаров мурдагы бийликтин же кандайдыр бир кылмышка тиешеси бар делип шектелип кармалгандардын биринчисин бошотуп, экнинчисин үй камагына чыгарганга тиешеси бар деген кептер айтылып келатат.

Андан башка ушул сыяктуу көрүнүштөр кайталангандан кийин мунун артында кандайдыр бир купуя сыр жатканы жөнүндө эл арасында, бийлик арасында сөздөр чыгып кеткен. Анын башка бир күчтөр менен кеңешип иш кылганы байкалып калганы жашыруун эмес.

Менимче, президенттин кадр алмаштыруусу кандайдыр бир саясий топтордун кызыкчылыгы эмес, мыйзам ченемдүү көрүнүш. Аларды алмаштырганы жүйөлүү деп ойлойм. Ал эми Ак үйдүн ичинде саясий оюндар буга чейин болуп келген жана дагы боло берет.

- Вице-премьер-министр катары Азимбек Бекназаров президентке кадрдык алмаштыруу маселеси боюнча ачык каршы чыкканы мамлекеттик кызматкердин этикасына жатабы?

Кубан Абдымен: Албетте анын чоң кызматта туруп алып, ушундай катуу сын-пикирди айтып, кайрылуу менен чыкканы этикалык жактан колдоого алынбастыгы белгилүү. Анткени президент өзүнүн чечимин чыгаргандан кийин, аны колдобой турган болсо коомчулукка чыгып жарыялабаш керек болчу. Эгерде колдобойм деп ачык каршы чыкса кызматтан кетип, анан сындап чыгышы керек эле.

- Деги эле 7-апрелден кийин пркуратура, сот органдарынын ишине кандай баа бересиз?
Кубатбек Байболов "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүндө, 2-июнь, 2010-жыл

Кубан Абдымен: Мурда айтылып келгендей, бул маселеде бири-бирине карама каршы болгон иштер байкалып турат. Менимче Азимбек Бекназаров баштаган иштерди аягына чыгарбай эле орто жерден кандайдыр бир жолдорду таап сүйлөшкөнү көрүнүп турат. Буга чейин бир нече адам кармалды деп коомчулукка жар салып, анан үй камагына бошотулгандарды ушул эле прокурорлор, соттор аркылуу жасалган иштер десек болот. Азыр ошол эле 7-апрель окуясында кан төккөнгө тиешелүү делген адамдар унутулуп баратпайбы.

Кадрлык алмаштыруу менен Бекназаровдун ишиндеги кемчиликтерди теске салып, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан мурдагы кылмыш иштерин ачууга, аягына чыгарууга жол ачылып тургандай. Эми бул иш-чараларды аягына чыгара турган адамдарды алып келип, күнөөлүүлөрдү тезирек жоопко тартып, жок дегенде мамлекеттик чиновниктерди мындай ишке барбаганга тескеген мезгил келди го деп ойлойм.

- А.Бекнзаров жаңы дайындалган К.Байболовду 15 жылдык юристтик тажрыйбасы жок деп айтты. Эми Кубатбек Байболов буга чейин мурдагы мамлекеттик кызматтагыларга ачылган кылмыш ишин аягына чыгабы же бас-бас кылып коебу?

Кубан Абдымен: Кубатбек Байболов мурдагы бийликтен да, кийинки бийликтен да көп азапты көргөндүктөн, азыр алардын бетин ачууга мүмкүнчүлүгү түзүлүп турат. Бирок 10-октябрдагы парламенттик шайлоо жакындап келе жаткандыктан, шайлоонун жыйынтыгы кандай болот деп анын бул ишти аягына чыгаруусуна таасири тиет. Кубатбек Байболов канчалык иштерди аткарйын десе дагы шайлоонун жыйынтыгына көз каранды болот деп ойлойм. Ошол эле учурда К.Байболов кайсы партияга таандык экендиги белгилүү. Шайлоодон кийин алардын партиясы таасирдүү болуп калса, ал жумушунда одоно каталарды кетирбеши керек. Эгерде так, адилет иштесе шайлоодон кийин К.Бакиевдерге байланыштуу кармалган адамдарды жазага тартып, алардын ишин аягына чыгаруусуна шарт түзүлөт.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG