Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

Убактылуу өкмөт ыңкылап жолу менен кетүүнү тандады


Курманбек Бакиев Сузактын Тейит айылында журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө, 13-апрель, 2010-жыл.
Курманбек Бакиев Сузактын Тейит айылында журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө, 13-апрель, 2010-жыл.

Кыргызстанда 7-апрелден кийин кырдаал бир нукка түшө элек. Бийликке келген Убактылуу өкмөт айрым катачылыктарды кетирип жатса, К. Бакиев президенттик ыйгарым-укуктарын сактап турганын, Ош, Жалал-Абаддан дагы мамлекетти башкара берерин айтууда.

Убактылуу өкмөт ыңкылап жолу менен кетүүнү тандап алды. Талдоочулар бул жолдун оң жана терс жактарын айтууда. Бул жолду тандап алган Убактылуу өкмөттүн лидерлери анын артыкчылыгы катары тап-такыр жаңы укуктук базаны түзүп, ошонун негизинде таза жана чынчыл шайлоолорду өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болоорун айтууда.

Бул жол тууралуу Равшан Жээнбеков мындай пикирин айтты:

- Азыркы жаңы келген бийлигибиз ыңкылаптык декреттер аркылуу кармап турганы туура. Бүт бардык маселелер чечилгенден кийин
алты айдын ичинде легитимдүү бийликти түзгөнгө аракет жасашыбыз керек.


Ал эми дароо эле укуктук жолго түшпөгөндүн терс жагы катары мыйзамсыздык, бири-биринин сөзүн укпай баш-аламандык күчөп, анын аягы өтө кейиштүү бүтөрү айтылууда.

Иретсиздик Убактылуу өкмөттүн ишинде да байкалууда. Мунун себеби да бар. Анткени анын ичинде үч-төрт топ бар. Алар Алмазбек Атамбаев башында турган социал-демократтар, Өмүрбек Текебаев жетектеген "атамекенчилер", алардын сырткары Исмаил Исаков, Темир Сариев жана Азимбек Бекназаровду өз алдынча оюнчулар десе да болот.

Алардын ортосунда кадр дайындоодогу жарышуучулук жалпы Убактылуу өкмөттүн аброюнун кетишине алып келиши толук ыктымал. Мындай баш-аламандыктын үлгүсү катары Бажы кызматынын жетекчисин дайындоо аталууда. Белгилүү болгондой, бул кызматтын башына алгач Темир Сариев бир кишини, андан кийин Азимбек Бекназаров башкасын, соңунда Алмазбек Атамбаев үчүнчү кишин дайындап кеткен.

Мына ушундай мезгилде укуктук жолго келүү зарыл деп эсептейт Адахан Мадумаров:

- Бир гана жол бар - бул Конституциялык талаага киришибиз керек. Мыйзамдуулуктун чегине келишибиз керек. Эгерде эки тарап тең оозуна тиштеген камчыларын акырын колуна алып, мамлекет үчүн, эл үчүн, жер үчүн деген болсо бир сөзгө келиш керек.

Талдоочулардын баамында, Кыргызстанда абал өтө опурталдуу жагына ооп кетишине жагдайлар түзүлүп жатат. Буга айрым жерлерде регионализм дарты себепкер болсо, экинчи жактан Убактылуу өкмөттүн Курманбек Бакиев маселесин чече албай жатышы себеп болууда.

Курманбек Бакиев кайсы бир деңгээлде күч алганын көрсөтүүдө. Эгерде ал 12-апрелде Ырыс айылында миң кишини митингиге чогултса, 13-апрелде Жалал-Абадда 3-4 миң кишинин катышуусу менен митинг өткөрдү. Ал регионализм жараатын чукугандай борборду же президенттик штабын Жалал-Абад же Ош шаарына көчүрүү идеясын кайра-кайра айтууда.
Курманбек Бакиев маселесин кандай чечүү боюнча эл аралык коомчулук да дурус кеңешин бере элек. Ал эми Убактылуу өкмөт анын кол тийбестик иммунитетин алып, иш жүзүндө аны кармоого жол ачты.

Курманбек Бакиевди жана анын жан-жөкөрлөрүн күч менен кармоо аракети кан төгүлүүгө, бул өз кезегинде чатактын ырбашына алып келиши ыктымал.

Аны кармабоо болсо кризисттин күчөшүнө алып келүүдө.

Айрым саясатчылардын баамында, Убактылуу өкмөттүн эл аралык арендагы ийгиликтери байкала элек.

Убактылуу өкмөттү Россия жана АКШ иш жүзүндө тааныган менен алар менен кандайдыр бир олуттуу иш алып барууга батынбай турат.

Москвада болгон сүйлөшүүлөрү тууралуу Алмазбек Атамбаев 12-апрелде буларды билдирген:

- Бардык маселелер боюнча орус өкмөтүнүн мүчөлөрү, жетекчилери менен кеңештик. Биз көтөргөн маселелерди түшүнүү менен
кабыл алды. Мен толук колдоо алдым. Күйүүчү май, андан сырткары орус тарап олуттуу грант бере турган болду.

Россиянын “Газета.ру” гезитинин орус өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме жасап жазуусуна караганда, Москвада Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен жолугушкан эмес. Ошого жараша эч кандай жардам убада кылынган эмес.

Ал эми Роза Отунбаевнын Владимир Путин менен сүйлөшүүсүндө гуманитардык жардам жөнүндө сөз болгон.

Бул маселе эми финансы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариевдин 14-апрелде Москвага жасала турган сапарында айкын болмокчу.

Ал эми АКШ менен мамиле кайсы багытта өнүгөрү Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейктин 14-апрелде Роза Отунбаева менен жолугушуусунда айкын болмокчу.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG