Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Барктабасов баскан жолдун баасы


5-августтагы митингдер Кыргызстан калкын дагы бир жолу сестендирди. Бул митингдердин уюштуруучусу “Мекен туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасов экени айтылды. Бир жагынан шылуун, экинчи жагынан мекенчил аталган бул адам Кыргызстандын саясий аренасында качан пайда болгон?

Урмат Барктабасов 47 жашта. Бишкектеги Политехникалык институтту аяктаган. Кыргызстанда, Казакстанда ишкерлик менен алек болгон. 2003-жылы Астана шаарынын “Астанаэнергосервис” ишканасын жетектеген.

Урмат Барктабасов өзү жөнүндө алгачкы чоң кабарды 2005-жылы 17-июнда чыгарган. Ошол күнү Барктабасовдун адамдары өкмөт үйүнө кирип барып, бирок максаттарына жетпей, митинг күч менен таркатылган. Ал окуядан кийин Урмат Барктабасовго каршы кылмыш иши козголуп, бирок ал качып кетүүгө үлгүргөн.

2005-жылдын 17-июнуна чейин Барктабасов “Мекеним Кыргызстан” аттуу кыймыл түзгөн. Бир топ интеллигенция, чыгармачыл чөйрөнүн айрым өкүлдөрүн, дыйкандарды каржылап, тарапкерлерин көбөйтүүгө үлгүргөн.

Барктабасовдун тарапкерлери аны “ири ишкер, саясатчы, уюштургуч жана мекенчил адам” катары мүнөздөп келишет. Бул мүнөздөмөгө акыркы мезгилде “Урмат, кудай деген мусулман” деген боек да кошулуп калганы байкалууда.

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардан кийин Барктабасов Кыргызстанга келген. Ага чейин анын Бириккен Араб Эмираттарында жүргөнү кабарланган.

Өкмөттүн маалымат-координациялык борборунун жетекчиси Фарид Ниязовдун билдирүүсүнө караганда, Урмат Барктабасовду камакка алууну өтүнгөн кагаз Казакстандан келди. Ал кошуна өлкөдө экономикалык кылмыштарды жасаган деп айыпталууда. Ошондой эле анда Казакстан жарандыгы да бар экендиги айтылууда.

Урмат Барктабасовдун жакын тарапкерлеринин бири болуп жүргөн Мукар Чолпонбаев ал тууралуу мындай пикирин айтты:

- Ал – Кыргызстандын жараны. Кыргызстандын ар бир жараны кандай укукка ээ болсо, ал да ошондой эле укукка жана милдеттерге ээ болсом деп жүрөт. Ар ким өзүнүн оюн айтууга укуктуу. Анын үстүнө аны башка өлкөнүн жараны деп айтканга эч кимдин укугу жок. Себеби анын жарандыгын Азимбек Бекназаров да, Убактылуу өкмөт да алып алган эмес.

Ал эми дагы бир белгилүү ишмерлердин бири Эсенгул Өмүралиев Барктабасов тууралуу мындай оюн айтты:

- Мен аны жакшы билбейм. Менимче, ал кыргыз элин бейишке алып чыга турган киши эмес го.

Демократия жана атуулдук коом үчүн коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова:

- Чынында эле мен аны билбейм. 2005-жылы март окуядан кийин президент болом деп, талапкерлигин көрсөткөн. Мына ошол шайлоого, окуяга биз байкоо жургүзгөнбүз. Мына ошондо ишкер экенин билгенбиз. Акчасы көп. Бул жерде иш козголгондон кийин Эмираттарда жүргөн. Азыр эми Кыргызстанда абал ушундай тынч эмес болуп турганда элди дүргүткөн туура эмес.

2005-жылы 17-июнда да Урмат Барктабасов эл алдына чыга алган эмес. Бул ирет ал Балыкчы тараптан келип, бирок Бишкекке жеткен жок. Жолдон аны тартип коргоо органдары тосуп өткөрбөдү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG