Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Конституциялык кеңешме ишин жыйынтыктады


Конституциялык кеңешменин жыйыны.
Конституциялык кеңешменин жыйыны.

Конституциялык кеңешме 22-майда соңку жыйынын өткөрдү. Эми кеңешме катчылыгы ишин токтотпостон, жер-жерлерде Баш мыйзам долбоору тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзмөкчү.

22-майда “Ак кеме” мейманканасында Конституциялык кеңешменин соңку жыйыны Убактылуу өкмөт жактырган Баш мыйзам долбоорундагы акыркы оңдоолорду кароо менен ишин баштады. Жаңы Конституциянын акыркы вариантына ылайык, президент алты жылга, бирок бир гана мөөнөткө шайланат. Жыйында бир киши өмүрүндө бир гана жолу президент болоору белгиленди.

Конституциянын долбоору кандай өзгөрүүлөрдү камтыганы тууралуу Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары, кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев буларды айтты:

- Биз сунуштаган Конституциянын долбоору ар кандай эксперттерден өттү. Биринчи кезекте Венециялык комиссиянын эксперти, эң негизгиси адам укугунда сиздер жазган сунуштардын баары өттү. Мисалы, адамдын кадыр-баркына шек келтирген адам эч кандай кылмыш жообуна тартылбайт. Бул революциялык сунуш болуп жатат да. Митинг өткөрүүдө эч бир чиновник баш тарта албайт деп бекиттик.

Деген менен жетимиш беш өкүлдөн турган Конституциялык кеңешменин ичинен Баш мыйзамдын акыркы вариантын колдобогондор да болду. Алар негизинен Конституциялык Соттун өзүнчө орган катары калбаганын айтышты. Алардын бири Токтайым Үмөталиева айрым жоболор макулдашылбай, добушка коюлбай кабыл алынды деп сындады:

- Сиз шаштырып, адеп жылмалап кеңешмени жаптырып койдуңуз. Констиуциялык палата тууралуу добушка койгон жокпуз, эч бир азыр белгиленген мыйзамдарды добушка койгон жокпуз.

Баш мыйзамда Конституциялык Сот Жогорку Соттун ичинде Конституциялык палата болуп киргизилген. Өмүрбек Текебаевдин айтымында, бул Германиянын тажрыйбасынан алынган жана анын иштөө тартиби, милдеттери күчөтүлгөн.

Учурда талкууга алынган Конституциянын долбоору тарыхый болгонун кеңешменин мүчөлөрү белгилешти. Алардын бири - көрүнүктүү юрист Чолпонкул Арабаев мындай деди:

- Сегизинчи жолу Конституцияны өзгөртүп жатабыз. Мынчалык деңгээлде талкуу мурда болгон эмес. Жаштар да, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да толук катышып, оппозициялык маанайдагы адамдар да пикирлерин, сунуштарын киргизип жатышат. Бул Конституцияны биз колдоп беришибиз керек.

Ошентип жыйында белгиленгендей, 27-июнда боло турган референдумда элге бир гана суроо чыгарылат. Бул - "Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жана Конституцияны ишке киргизүү боюнча мыйзамды кабыл аласыңарбы?" деген суроо. Мына ошонун ичинде өткөөл мезгилдин президентин дайындоо боюнча жобо да бар.

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, өткөөл мезгилдеги президент өзүнүн саясий келечегин тобокелге салыш керек болгон. Кыргызстандын келечеги, ынтымагы, адилет шайлоо үчүн өзүнүн саясий келечегин токтоткон, андан кийин эч кандай бийликке умтулуп, доомат койбойм деген адам керек болгон. Ал адам саясий партиялардан чыгып эч бир партияга сөзү менен, кыймыл-аракети менен, ишаараты менен жан тартпастан адилет тура алам деген киши болуш керек эле. Мына ошондой адам катары Роза Отунбаева тандалып алынган.

Жыйындын соңунда кеңешме мүчөлөрү “Илгери үмүт - жакшы тилектин Конституциясы” деген аталышта элге кайрылуу жолдошту жана жалпы элди референдумга активдүү катышууга чакырышты. Кеңешменин катчылыгы өз ишин токтотпостон, жер-жерлерге чейин барып, Баш мыйзам долбоору тууралуу суроолорго жооп берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG