Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

И. Исаков: Кол топтоого бийликтен тоскоолдук көп


БЭКтин мүчөсү, президенттик шайлоого талапкерлиги жарыялангандардын бири Исмаил Исаков Петровка окуясынан кийинки кырдаал жана шайлоо алдындагы тоскоолдуктар тууралуу “Азаттыктын” түз обосунда кеп салып берди.

- БЭК кечээ тараткан билдирүүдө ушул тапта камакта жаткан бир катар оппозиционерлерди камактан бошотуу талабы коюлган эле. Кечке жуук 1-Май райондук соту “Жашылдар” партиясынын лидери Бөлөкбаевди эки айлык мөөнөткө камоо чечимин чыгарды. Бул деген сиздердин талаптын аткарылбай тургандыгынын белгиси. Эми мындан аркы кадамдарыңыздар кандай болот?

- БЭК кечээ чогулуп ошол маселени талкуулаганбыз. Себеби бийлик тараптан адилетсиздик, чындык болбой жатат. Элди коркутуп-үркүтүп, эптеп бир шылтоо менен камап коюу максаттарын ишке ашырып жаткандыктан биз ушундай деген пикирге келдик. Эгерде чындык ордуна келбесе, адилеттүүлүк болбой, акыйкаттык жок болсо, анда бүгүн элдин бир гана жолу калды. Мөөнөтсүз акцияларды баштап, бийликтин көңүлүн өздөрүнө буруп, туура эмес ишти аткарып атасыңар, токтоткула деген гана чара калды, андан башка чара калган жок. Мына ошонун негизинде ошондой чечимдерди биз кечээ сүйлөшкөнбүз.

- Москва, Ысык-Ата райондорунда 1-майдан тарта нааразылык акциялары башталат деп айтылган. Алайда да болушу мүмкүнбү?

- Бул маселе боюнча Петровкадагы окуяны ичинен толугу менен билген, нак чындыкты билген элдер өздөрү чыгып аткандан кийин биз аларды токтот деп айта албайбыз. Биз чыгабыз, керек болсо аягына чейин турабыз деп өздөрү айтып атышат. Ошонун негизинде Ысык-Ата районунда дагы биз үн кошобуз, Шаботоевди таап бергиле деген ой менен чыгабыз дегенден кийин биз аларга жолтоо боло албайбыз. Биз айтып атабыз, анда мыйзамдын чегинде өткөргүлө деп.

- Президенттикке талапкер катары жүргүзүп жаткан иштериңиз кандай болууда. Элден кол чогултуу ишине тоскоолдуктар болуп жатканы айтылып атты эле?

- Албетте, бүгүнкү бийлик эч бир мыйзамга жатпаган иштерди жүргүзүп жатышпайбы. Себеби мугалимдерди, врачтарды жана мамлекеттик кызматта иштегендердин баардыгын тымызын буйрук беришип, булар келсе киргизбегиле, кол койдурбагыла, эгер киргизсеңер жумуштан кетесиңер деп ачык эле баарын коркутуп алыптыр. Мен бир-эки мисалга токтоп кетейин, Мен талапкерлигимди койгондон кийин Панфилов районундагы аскер бөлүгүндөгүлөр өздөрү менин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүмдү чакырышып, "алып келгиле, кол коюп берели" дешиптир. А кол койгондордун баарын чогулутуп, сөгүп, “Исаков ууру, ал баарын жеп алган, ошон үчүн ага иш козголгон, койгон колду артка албасаңар жумуштан айдайбыз” – деп, эки-үчөөнө буйрук даярдап атышыптыр. Экинчиси, Алай районунда оорукананын жетекчиси мээрман айымдарды чогултуп алып, “силер Исаковго кол койбогула” деп тымызын буйрук бериптир. Мындай фактылар толуп атат. Айыл өкмөттөрүн чогултуп алып “айылга оппозициядан келсе кол коюп бербейсиңер” деген буйрук беришиптир. Алар дагы бербейбиз деген сөздөрдү жүргүзүп атышат. Мына ошонун негизинде мыйзамдар толук тебеленип, тепселип, бузулуп, жолдорду тосуу өтө катуу болгонуна карабай эл өзү чакырып алып туруп, бизге колдорун коюп берип атышат азыр.

- Маегиңизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG