Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

Роза Отунбаева: Бул шайлоодо эл бийликке алдатпайт


Акыркы 16 жылдан бери Кыргызстанда демократиялуу, адилет шайлоо болгон жок. Бирок бул жолку президенттик шайлоодо бийлик элди алдай албайт. Социал-демократтар партиясынын мүчөсү, ЖК депутаты Роза Отунбаева "Азаттыктагы" маегинде ушундай пикирин билдирди.

- Роза айым, акыркы убакта Шайлоо кодекси ачык эле бузулуп жатканы тууралуу нааразылыктар айтылып жатат. Өзгөчө үгүт иштерин жүргүзүү мөөнөтү келе элек болсо да президенттикке талапкер, азыркы мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин бүт өлкөнү кыдырып жүргөнү – шайлоого карата үгүт, деген нааразы кептер бар?..

- Сөзсүз түрдө бул жагымсыз факт. Конституцияга да каршы. Шайлоо кодексине да каршы. “Кылым шамы” уюму, биздин БЭК өзүбүздүн нааразычылыгыбызды билдирип, президенттин кыдыруусу Шайлоо кодексинин 28-беренесине каршы келерин далилдеп, БШКга кат жолдогонбуз. Анткени Курманбек Бакиев президентке берилген мүмкүнчүлүктү толук колдонуп, каржылык-материалдык ресурстарды, ал эле эмес, эң эле маанилүү – административдик күчтү колдонуп, чоң жыйналыштарды өткөрүп атканы балансты бузуп атат. Талапкерлердин баарында мына ушундай мүмкүнчүлүк болсо анда кеп башка эле. Андай фактылар өтө көп. Мына азыр деле кайсы жерге барба, “Ак жол” партиясына эшиктер ачык, мектептерде болсунбу, университеттерде болсунбу тымызын үгүт жыйындары өтүп жатат.

Үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилүүчү 19-июнь келе элек, бирок ошого карабай, “Ак жол” партиясы өтө интенсивдүү түрдө үгүт жүргүзүп атат. Бизге ошол эле орто мектептердин, окуу жайлардын жетекчилери айтып атышат, “Ак жол” партиясынын өкүлдөрү келип, ата-энелер менен, студенттер менен жыйындарды өткөрүп атышат деп. Бул эмнени билдирет? Бул деген жалаң эле бийликтеги талапкер үчүн бүт бардык мамлекеттик машина иштеп аткандыгын көрсөтүп турат. Мындай балансты бузуу – шайлоо эч качан таза өтпөстүгүн далилдеп турат. Биздин партиянын сайтында, оппозициялык гезиттерде атайын бир бет ачып, шайлоого карата жер-жерлерде болуп аткан фактылардын баарын жыйнап, элге көрсөтүүгө даярбыз.

- Шайлоо таза өтпөйт, деп макул болуп кала берүүнүн аягы эмнеге алып келери белгилүү болуп келе жатат. Сиздердин кыймыл, штаб мындайга жол бербөө үчүн кандай аракеттерди көрмөкчү?

- Биринчиден, биздин эл сабаттуу болуп калды. Эл түшүнөт, айыл өкмөтүнүн, акимдин кызматы кандай, анын укугу, милдеттери кандай, мына ушунун баарын түшүнүп-билип турат. Мына кечээ жакындан тартып шаарда ар кайсы мамлекеттик кызматтарда иштегендердин баары, соттор да кошулуп, ар ким өзүнүн туулган айыл, жерлерине кыдырып кетишти. Булар эмнеге азыр эле туугандарын сагынып барып атышат? Анткени алар өздөрүнүн айылдаштарын үгүттөп, “азыркы президентке добуш бербесеңер, мени кызматтан алат,” деген мааниде чыйпылдап жүрүшөт. Мунун баары элге түшүнүктүү. Эл деле алардын тамагын ичип, курсагын тойгузуп алып эле, макул болуп, ушуларга добушун берет дегенден алыспыз. Биз ошондой фактылардын баарын сүрөткө тартабыз, кармайбыз, элге да айтабыз. Элге да кимдин кандай укугу бар, ар бир өкмөттө иштеп аткан атка минердин укуктары эмне менен чектелет, бул шайлоого алар эч качан тике киришүүгө эч кандай акысы жок, деп чоң билдирүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атабыз.

- Азыркы шайлоого карата даярдык, анын ичинде шайлоочулардын тизмесин түзүүдө өтө орой мүчүлүштүктөр кетип жатканы өкмөт башчы Игорь Чудинов тарабынан ачыкталбадыбы. Ошто шайлоочулардын тизмесине 50дөн ашуун өлүү жандардын киргизилгени, аймактардагы туруктуу жашаган жарандардын тизмеге кирбей калышы ж.б. 9-июнда БЭКтин мүчөсү Өмүрбек Текебаев оппозиция БШК менен катар эле шайлоочулардын тизмесин түзүп чыгарын айтты. Бул боюнча кандай иш-чаралар болушу мүмкүн?

- Жакында эле март-апрель айында бүт өлкө боюнча элди каттоо өткөрүлгөн. Бул да бекеринен эмес. Бийлик шайлоого карата тымызын канча даярдык көрсөткөнүн далилдеп турат. Ошол каттоонун материалдарынын баары шайлоонун негизи болуп атат. Баарын ийне-жибине чейин ким бар, ким жок, кимдер азыр кайсы жакта жүрүшөт, булардын баарын билип, мына азыр бардык маалыматтар бийликтин колунда турат. Эми ошону бурмалап, арыдан-бери өз кызыкчылыгына иштетип атканы – шексиз факт. Шайлоочулардын тизмеси боюнча айтсам: азыр мына жайкы убак. Канча кишилер жок, Кыргызстандан тышкары кетип атканы, отпускага кетип атканы бар. Катталган жеринен башка жакта жашаган адамдар үчүн бекитилген талондор менен добуш берүү да эч качан таза болбойт. Бизде, оппозицияда бийликке салыштырмалуу өлкөдөгү калк тууралуу паспорттук столдун да, ИИМдин да маалыматтары жок. Бирок ошондо да биз сөзсүз түрдө жалпы Кыргызстан боюнча үймө-үй, короодон-короого кыдырып, шайлоочулардын так тизмесин түзөбүз.

Мына он алты жылдан бери шайлоо өткөрүп келе жатабыз, он алты жылдан бери бизде жалаң фальсификациялуу шайлоолор болуп келди. Эч качан таза шайлоо болгон жок Кыргызстанда. Азыркы шайлоо дагы алардан эч айырмасы жок, деп айтсам жаңылбайм. Мына биз ушул шайлоо менен дагы элге далилдеп, көрсөтүп беребиз. Бул шайлоо жалаң мыйзам бузууларга толгон шайлоо экендигин элге көрсөтүп, минтип добушун, укугун уурдатып жашоого мүмкүн эместигин, бир адамдын, бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн алданып жүрө берүүгө болбостугун элге түшүндүрүп беребиз. Бирок бул шайлоодо эл берген добушун уурдата койбосун, элдин тандоосун оңой эле танып кетүүгө болбой тургандыгын бийлик азыртан түшүнүп коюшу керек. Эл бул жолу алдатпайт.

-Роза айым, сизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG