Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:11

Б. Аракеев: Партиялардын ураан-чакырыктарынын мааниси жок


БЭК партиясынын Бишкектин көчөсүндөгү бир жарнамасы.
БЭК партиясынын Бишкектин көчөсүндөгү бир жарнамасы.

Журналист Баратбай Аракеев парламенттик шайлоого карата ураан-чакырыктарын саясий партиялар маани-маңызсыз колдонууда деп эсептейт.

“Азаттык”: - Баратбай мырза, учурда алдыдагы парламенттик шайлоого үгүт иштериндеги ураан, чакырыктардын маани-маңызы талапка жооп береби?

Баратбай Аракеев: - Менин оюмча, көпчүлүк партиянын ураан-чакырыктарынын мааниси абдан начар. Алар өздөрү менен өздөрү эле болуп атат. Мааниси жок сөздөр, дайыны жок убадалар толуп кетти. Мисалы, “Совесть народа” дейт бир партия. Илгери Советтер союзунда Коммунисттик партиянын “Ум,честь, совесть народа”,-деген урааны бар эмес беле. Ошону эле кайталаган нерсе. Анан бул “элдин ар-намысы” дегени жөн эле кургак сөз да. Дагы бир партия “Жаңы, таза элдик жүрөк” деген ураан жазып коюптур. Бул эмне деген сөз? Элдик жүрөк дегенди эзели укпаптырмын. Дагы бири, “Элдин кызкчылыгын таза адамдар гана коргой алат” деген ураан менен чыгыптыр. Бул эми тапталган эле сөздөр да. Бишкекте дагы бир көрнөк илинип турат, “Мыйзамдын темир калканы” деп. Ушуну темир болбой калган кишилер айтып жатпайбы. “Мен сага ишенем” деген да чакырык да бар. Эми бул эмне дегендик? Ишенсе ишенип үйүндө отура бербейби. Ушул сыяктуу маанисиз сөздөр коштогон көрнөк-жарнактар толуп кетти.

“Азаттык”: - Көрнөк-жарнактардын лингвистикалык, орфографиялык сапаты да начар экендиги айтылууда. Бул өңүтүн баамдап көрдүңүзбү?

Баратбай Аракеев: - Жанагы ураан-чакырыктарды тилчилер, адистер менен кеңешпей эле чет элдик саясий технологдордун айткандары менен эле жазып жатышпайбы. Көрнөк-жарнактарда кыргыз тилинде жазылган сөздөрдө орус тамгасы кошулуп кеткени бар. Граматикалык каталары деле толтура. Мисалы, “Силер бар үчүн мен бул жактамын” дейт. Мунун стили дагы жок. Мааниси да жок. Бул эмне деген сөз, түшүнө албайм да. Дагы биринде “Бишкек сенин жылуулугуң мага дем берет” дейт. Муну менен эмнени түшүнсө болот? Азыркы партияларда тил жагынан кеңеш берүүчү адистер такыр эле жок болуш керек. Жөнөкөй эле
“биз бийликке, парламентке келсек коррупцияны жоготобуз, паракорлордон тазалайбыз, накта демократияны алып келебиз, толук кандуу мамлекет болуп жашайбыз” деген сөздөр жок болуп жатпайбы.

“Азаттык”:- Ураан-чакырыктар нукура мамлекеттик тил - кыргыз тилинде туура колдонулбай жатышына эмне себеп болууда?

Баратбай Аракеев: - Кыргыз тилин туура эмес пайдаланганы олуттуу маани берилбегендигинен улам болуп жатат. Чынында ураан-чакырыктардын көпчүлүгү орус тилинде жазылып жатат. Анан орус тилинен сөзмө сөз которулуп, маанисин жоготуп коет да. Болбосо кыргыз тилин ушундай саясий өнөктүктө көтөрбөсөк, качан көтөрөбүз. Бул кайдыгерлик кыргыз тилине маани бербегендиктен улам келип чыкты да.

“Азаттык”: - Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG