Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Кыргыз шайлоочусунун психологиясы


Бишкетин бир аялдамасындагы көрүнүш, 7-октябрь.
Бишкетин бир аялдамасындагы көрүнүш, 7-октябрь.

“Азаттыктын” түз ободогу бул жолку талкуусунда азыркы кыргыз шайлоочусунун психологиясы, шайлоочу кандай негизде тандоого барары тууралуу сөз болду.

Талкууга бишкектик шайлоочу Таштанбек Жанузаков, социолог Карыбек Байбосунов жана психолог Эсенаман Бешкемпиров катышты.

Партия көп болсо шайлоочунун башы маң болобу?

«Азаттык»: Биз адегенде катардагы шайлоочунун жалпы портретин түзө кетсек. Таштанбек мырза, сиз 10-октябрда кимге барып добуш берериңизди чечтиңизби?

Таштанбек Жанузаков: Чынын айтканда менин азыр башым маң болуп турат, тандоо кыйын болуп атат. Себеби тандай турган критерийлерге азыр адилет киши болуш керек, турмушта, жумушта өзүн көрсөткөн киши болуш керек, лидерине карата шайлайбыз да. Калгандары болсо 120 кишинин ичинде ар кандай кишилер бар экен, угуп да көргөн эмеспиз, саясатка да чыккан эмес, эч жерден чыкпай эле келип 120 кишини толтуруштун аракети менен эле толтуруп коюшкан. Ошондуктан дагы эле ойлонуп атам кимисине добуш берсем деп.

«Азаттык»: Карыбек мырза, ушундан кандай тыянак чыгарсак болот. Биздин шайлоочубуз Таштанбек мырза орто статистикалык шайлоочу деп атасак болобу?

Карыбек Байбосунов: Албетте болот. Азыр Таштанбек мырзанын айтканы чын. Себеби азыр эл “жол көп болсо иттин башы маң болот” дегендей кыйналып турган убагы, кайсы партияны тандоосун билбей. Анын үстүнө жаңы партиялар да чыгып атат ар кандай жакшынакай программалар менен. Эл экиге бөлүндү. Бир жааты элге белгилүү партияларга добуш беребиз деп атса, экинчи жааты жок мурункулардын барын тең көрдүк, тажадык, биз жаңы партияларга добуш берип көрөлүчү, бийлик өзгөрсүнчү көрөлү деген пикирде туруп атат.

«Азаттык»: Эсенаман мырза, биз шайлоого даяр барабызбы, же добушканага кирип алып ошол жактан тандообузду жасайбызбы, бирөөнү чийип салабыз, мага бул сан жагат деп ошону тандайбызбы?

Эсенаман Бешкемпиров: Азыр мен көп эле кишилер менен сүйлөшүп атам, көбү эле Таштанбек мырзанын айтканындай болуп, "баштарыбыз маң болуп" деп атышат. Себеби бир нерсени кыргыздар айткандай жасап берем деген көп, анан ишке келгенде кандай болот деп, “сүткө оозун күйгүзгөн айран үйлөп ичет” деген сыяктуу кылып коюшту. Канча жолу шайлап көрдүк көңүл жубаткан эч нерсе бололек, жылдан жылга начар болуп бараткансыйт. Ошон үчүн элдин кээ бир бөлүгү ошондой болуп атканы чындык. Мунун баары адамдын психологиясынан эмес, бул коомдогу болуп аткан тарыхтын жана азыркы абалдан болсо керек.

Программага карайбызбы же лидергеби?

«Азаттык»: Карыбек мырза, сиз кызыктуу программалар дедиңиз. Бирок ошол программаларды окушабы шайлоочулар? Таштанбек мырза, сиз ошол пратиялардын программаларын окудуңузбу?

Таштанбек Жанузаков: Мен бир топторунукун окудум. Негизи партиялардын программалары баары эле элге убада кылышат “кыйратабыз, жыргатабыз, электр энергияны өзүнүн маянасы чыккан боюнча беребиз”- дейт, бирөө айтат “мыйзамдын темир калканы болобуз” деп. Биз анын баарын көргөнбүз, ким боло алат, ким боло албайт. Баары эле популисттик программаларды чыгарып, эптеп биздин добушубузду алыш керек. Ала тургандардын ичинде ким билет кандай болот, бийликке келет да, кол ирисине тартат деп баягы эле коррупция жолуна, элди тономойго киришет го деген күмөнүбүз бар.

27-июндагы добуш берүү, Бишкек, 2010
Карыбек Байбосунов: Албетте эл азыр программаларды көп карабайт. Себеби азыр программалар көпчүлүгү окшош. Бардыгы эле бюджеттик кызматкерлердин айлыгын, пенсияны көбөйтөбүз, социалдык базаны жогорулатабыз, электр энергиянын тарифин ылдыйлатабыз деген сыяктуу көнүмүш нерсе. Бул жерде элди анча-мынча кыжалат кылып, ачуусуна тийип аткан нерсе ушул болуп атат, мурда кайда жүрдүңөр эле, бийликте турдуңар эле, эл башкарып турган болчусуңар, анан эмне бүгүн келечекке кайра убада берип атасыңар, кечээ эмне кылып жүрдүңөр эле деген сыяктуу элдин мыйзамдуу суроосу чыгып атат.

«Азаттык»: Убада демекчи, ар кандай убадаларды укса болот, кээде күлкүң келет, кээде өкүнүчтүү убадаларды угасың. Мисалы, жакында эле биздин эфирден кызыктуу программа кетти, ошондо талдоочулардын бири айтып атат, Кыргызстанда мектептердин 50 пайызы гана китептер менен камсыздалган экен, китептер жетпей жатса кайсы бир партия мектептерди акысыз компьютерлер менен камсыз кылабыз деп атышат. Эсенаман мырза, ошол убадаларды бергенде эмнени ойлошот партиялар, саясатчылар, же эл жеңил эле ишенип калат дешеби?

Эсенаман Бешкемпиров: Эл баарына күйүп бүтпөдүбү. Биз мындайынан карай турган болсок, кээде ойлойбуз сиз айткандай эле эмне үчүн убагында эч нерсе жасаган жок деп. Бирок аларга деле мүмкүнчүлүк берген жок да. Элдин башында турган киши толук бийликти алып алгандан кийин булар эч нерсе кылалган жок, бир чети. Экинчи чети, жеңил эле убада бере бериши оңой эле. Анан ушунча болуп бирөө бир нерсе жасап койгонун көрө элекпиз да. Ошон үчүн адамдарда психологиясында кыйналуу болуп атат. Мен бүгүн атайын берүүгө даярданып, ондон ашык киши менен сүйлөштүм, ошонун ичинен бирөө эле 5-6 партиянын программасын окудум дейт. Калганы программа боюнча түшүнүгү жок экен. Баары көчөгө иле беришет плакаттарын, бирок программа элге жете элек.

Жарнаманын таасири

«Азаттык»: Көчөлөргө илет дейсиз, рекламанын таасири жөнүндө айтсак. Таштанбек мырза, сиз орто статистикалык катардагы шайлоочусуз. Сизге реклама кандай таасир этет?

Таштанбек Жанузаков: Бул плакаттар элге таасирин көп тийгизбейт. Кээ бир плакаттар чоң, элдер көрүп алып айтып атат, ой сонун экен, келишкен киши экен, ушуга добушубузду беребиз деп, андайлар да бар. Негизи ар кайсы жыгачтарга, тамдарга илингенди карабайт эл, ошол бойдон калат алар. Элдин көпчүлүгү, базарда деле, кайсы жерде болбосун кимди шайлайбыз деп сурашат бири-биринен. Шайлаганда таасир бербейт. Кылган иши менен көрүнсө жакшы болот эле. Кылган иши менен азыркылардын ичинен эки-үчөө бар, менин оюмча.

27-июндагы добуш берүү
«Азаттык»: Карыбек мырза, реклама темасын улантсак, тескери таасир этиши мүмкүнбү. Мисалы аябай көбөйүп кетти, тажадык дегендер көбөйүшү мүмкүнбү, иренжүү пайда болушу мүмкүнбү?

Карыбек Байбосунов: Рекламага мамиле ар кандай болуп атат, бирөлөргө жакса, бирөлөргө жакпай атат. Себеби адамдардын тынчын алып, күндүз, кечинде дагы эшигин каккылап макулатураны таштап кетишет. Ал макулатура болуп калып атат. Себеби муну караган деле эч ким жок. Айрым партиялар өтө терең аналитикалык материалдарды берип атышат, окусаң кызык.

«Азаттык»: Бирок сиз адис катары окуп атасыз, катардагы шайлоочу кандай?

Карыбек Байбосунов: Катардагы шайлоочунун көбү буга убактысы да, кызыгы да жок, көңүл да бурбайт. Себеби анын кызыкчылыгына жооп бере турган бир гана нерсе акча маселеси болуп атат, ушул партия бизге канча акча берет экен деп. Жергиликтүү маселелер чечилет бекен, мисалы көчөлөрдүн оңдолушу, суу түтүктөрү, турак-жайлардын кейпи, коммуналдык чарба деген сыяктуу жергиликтүү маселелерди чечмейинче жалпы программага эл ишенбей атат.

«Азаттык»: Эсенаман мырза, мен шайлоочунун психологиясы боюнча бир нече макала окуп чыксам ушул берүүгө даярданып атып, анда көпчүлүк психологдор шайлоочулар рационалдуу тандоо жасашат дейт, чечмелеп айтсак, мындан кандай болот деген суроо коюшат экен. Бул жерде сөз экономикалык пайда жөнүндө жүрүп жатабы?

Эсенаман Бешкемпиров: Экономикалык жагы да болсо болгондур, бирок бул жерде көп нерсе башкача жагынан деле өтөт, мисалы идеологиялык деле болот. Кээ бири тиги тигини алып келет, бул муну алып келет деп. Башка түрү бар, имиджи, мисалы бул киши тигиндей, же мындай экен, класс боюнча, мисалы бул агрардык сектордон, тиги дагы башка жактан, административдик, проблемалык деген программасына карашат, кандай программаны сунуштап атат элге, материалдык жагы, социалдык-экономикалык деп коюшат экен, бул деле рационалдууга окшош, бирок ар ким өзүнүн билгениндей чечмелеп, ушундай экономикалык багытка чыкса, бул жетише алабы деп эксперт болуп аткандар андан көп болуп атат. Реклама боюнча да айтып кетким келип атат. Реклама бир-экөө болсо адам окуйт экен, анан кайсы жакты карасаң реклама болуп калганда тескери натыйжа бере баштайт. Мисалы менин таанышым, дарбазасына илип кетет экен, ошону жууп кетире албай атам дейт. Ушундай илгендерге такыр добушумду бербейм деп атат.

Жек-жаат сунушу суу кечеби?


«Азаттык»: Кыргыз менталитетинин өзгөчөлүгүн ушул шайлоодо эмнеден байкаса болот?

Эсенаман Бешкемпиров: Кыргыз ментатилитетинин өзгөчөлүгү бизде президенттер боюнча болбодубу. Бизде эмне үчүн президенттик жүрбөй калды? Себеби бизде улууну сыйлап, улуунун айтканын аткарам деп, мисалы биринчиси болобу, экинчиси болобу туугандарын коё баштабадыбы, мисалы аксакал, энеси тигини-муну коюп бер десе, алардын көңүлүн сындыралбай. Ошон үчүн биз президенттиктен артка чегинип атабыз. Бирок ушул оору биздин кыргыздын өзгөчөлүгү эми депутаттарга жабышат деп ойлойм. Бизде кыргыздарда улуу киши айтса сындыралбайбыз да.

27-июндагы добуш берүү.
«Азаттык»: Мисалы, менин кошунам "кудам болот, ушуга добуш берип кой" десе оңой эле көнүшөбү?

Эсенаман Бешкемпиров: Эгерде мындай келе турган болсо, сындырбай макул деп коет. Бирок кабинетке барганда өздөрү чече турган болуп калыптыр, мен байкадым.

«Азаттык»: Карыбек мырза, азыр Эсенаман мырза авторитет жөнүндө сөз кылды. Авторитет күчтүү да кыргыздарда. Сиз чечтиңиз мен баланча партияга добуш берем, анан үй-бүлө мүчөлөрүңүздү көндүрөсүзбү ушуга добуш бергиле деп, сизди угушабы?

Карыбек Байбосунов: Мен өзүмдүн жеке пикиримде, андай жек-жааттыкка, туугандыкка, жакшы санаалаштыкка үндөбөйм, мен эч кимди эч нерсеге үндөбөйм. Ал эми жалпы өзүңүз айтып аткан, туура белгиледиңиз, кыргыз психологиясына тийиштүү тууган, куда-сөөк, жек-жаат деген нерсе абдан күчтү ойноп атат. Ал эми азыр ар бир добуш үчүн салгылашат. Ар бир добуш азыр алтындын баасына барабар болуп калды. Анткени мурун бийликте шайлоону бурмалаганга оңой болчу. Азыр бурмалай албайт. Анткени 29 партия биринин жемин бири жедирбейт. Азыркы бийликте турган партиялар дагы өзгөчө утушка ээ болушу да күмөн болуп турат. Ошондуктан кыргыз менталитети бул жерде роль ойной албайт. Бул жерде ачык болуп калды көпчүлүгү. Анан соттошуп атышып соттон башы чыгышпайбы деп чочуйм.

«Азаттык»: Таштанбек мырза, сиз чече элек экенсиз кайсы партияга добуш бересиз. Бүгүн кечинде жакшы коңшуңуз, сиз менен чогуу иштеген кишилерден, же туугандарыңыздан келип ушуга эле добуш берип кой деп айтса оңой эле көнөсүзбү?

Таштанбек Жанузаков: Жок, мен эч качан көнбөйм. Мен өз оюмду эч кимге бербейм. Себеби мен өзүм адам катары туура чечишим керек ээрчий бербей. Негизи бизде айылдарда аксакалдар, билермандар чогулуп алып ушул биздин бала эле ушуга добушубузду берели дегендер көп эле. Мен темадан кичине айтайын, элдердин көпчүлүгү тынч эле болгусу келет, ушул шайлоо тынч өтсө экен деп атышат. Анан негизги күткөн нерсебиз экономикабыз күчтүү болсо экен, ал экономиканы көтөрүш үчүн жетекчибиз мыкты болуш керек, жетекчи мыкты болуш үчүн коррупциядан алыс болуш керек. Бир жери бар 120 депутат деген кичинекей Кыргызстанга аябай эле көп болот. Мен эсептеп көрсөм, Орусиянын нормасы боюнча биздин депутаттыкка 30-35 киши эле болсо болмок экен , же 45 кылса жетмек.
Узун бюллетен убара кылбайбы?

«Азаттык»: Депутаттардын көптүгүн бюллетенден деле көрсө болот, 72 см. экен, өлчөп көрдүм, бул узун эле экен. Анан ошол тизмени окуп көрдүм. Билбейм, мен ушундай узун тизмени акыркы жолу университетке тапшырганда окусам керек өзүмдүн атымды издеп өткөндөрдүн арасында. Чынын айтканда чыдамың жетпейт. Шайлоо күнү барып алып добушканадан окуган кишилер болобу ошол тизмени?

Оштогу аскерлердин алдын-ала добуш берүүсү, 8-октябрь
Эсенаман Бешкемпиров: Билбейм ушуну. Биз ушундай абалга биринчи жолу келип атпайбызбы. Ар ким эле караганга аракет кылса керек, мен 1-2 тизмени карап көрдүм, жөн эле тааныш фамилиялар барбы деп. Бирөөнү карадым, экинчисин аягына жетким келбей койду. Болот го карагандар, бирок көбү карабайт, балким биринчи он кишини карайт.

Карыбек Байбосунов: Ошол нерсени эсепке алып, азыр ар бир партия өзүнүн номурун аябай элге жаттатканга аракет кылып атат, мына менин номурум баланча, ушуну жаттап калгыла, үй-үйлөргө кичинекей кагаздарды, календарларды жиберишип, номур элдин көңүлүндө калсын деп аракет кылып атышат. Бирок тизменин башында турган 5-6 партия көбүнчө ооп кетиши мүмкүн. Себеби кээде эл окубай туруп эле, белги коюп койгон убактар болот. Ал эми алган акчасын актайлы деп ошол номурду жакшылап жаттаганга да аракет кылган адамдар болот.

Үчүнчүдөн, чын эле мен ушул партияга ишенем, мен ушуга добуш берем деп чын жүрөктөн атайын издеп таап ошол партияга добуш берген учурлар да болот. Бирок жанагы 72 см. бул проблема, санаганда да проблема болот. Добуштарды оодарып жибергенге абдан оңой болот. Ошол жерден партиялар бирин-бири абдан кайтарат болуш керек.

«Азаттык»: Ушул жерде ак жана кара пиар жөнүдө сөз кылсак. Ак пиар, мисалы мен партиянын лидеримин, мен өзүмдү даңазалайм, менин шериктерим мени даңазалашат дегенге багытталат. Кара пиар болсо башка бирөөнү жамандаган. Мисалы бул кишиге добуш бербегиле деп. Ушул жагынан караганда кайсынысы көбүрөк таасир этет шайлоочуларга?

Карыбек Байбосунов: Азыр өзүн даңазалоо көбүрөк болуп атат. Бирөөнү бирөө жамандаган партияларды азырынча көрө элекмин. Бирок айрым партия лидерлеринин кээде чабышып кеткен учурларын барыбыз эле көрүп атпайбызбы. Ал партиялар аралык мамилеге андай терең деле таасир этпейт. Бирок эл деле азыр партиялардын мүнөзүн билип калды. Ошого жараша эл добушун берет. Ошондуктан мен айтып аткан экиге бөлүнгөн нерсе ошол болуп атат, же мурда бийликке аралашып, бийликтен оппозицияга аралашып, оппозициядан кайра бийликке аралашып жүргөндөргө беребизби, ошолордун тажрыйбасы бар деп, же болбосо жок бардыгынан тажадык жаңы адамдарга добуш беребиз деп эки жаатта турат азыр эл.

Эмнеге көңүл буруш керек?

«Азаттык»: Таштан мырза, азыр билбейт экен кайсы партияга добуш берерин. Сиз кандай дейсиз, Ташатан мырза биздин орто статистикалык шайлоочубуз кайсы критерийге таянып добушун берет?

Эсенаман Бешкемпиров: Менин оюмча, бул адамдын өзүнүн дүйнөгө көз карашы, билимине жана башка көп шарттарына байланыштуу тандайт го деп ойлойм. Эгерде билимдүү болсо программасын окуп, ошого байланышат. Бизде кыргыздарда андай сөз жок, психологияда бар, сыртка багытталган көз караш деп коет, андай болсо сырткы көрүншүнө карайт, эгерде ойлоно турган киши болсо анда программаларын окуйт, дагы убакыт бар.

«Азаттык»: Карыбек мырза, сиз кандай кеңеш берет элеңиз Таштан мырзага, туура тандаш үчүн эмнеге көңүл буруш керек?

Карыбек Байбосунов: Негизинен ойлору, программасы, платформасы ишке аша турган партия бекен, ошол партия берген убадалары негиздүү бекен, ушуну карашыбыз керек окшойт эң биринчи иретте. Анан лидердин сапатына байланыштуу болуп аткандан кийин ким эртең бийликке келет, кимдин колуна түшөбүз, маселе ошондо. Анан тагдырыбызды бүгүн аныктап албасак, эртең өзүбүдүн колубузду өзүбүз ысык шорпого малып алып отурбайлы.

«Азаттык»: Таштан мырза, сиз тандооңузду жасаганда эмнеге таянасыз. Сизде саналуу эле күн калды, шайлоого катышуу ниетиңиз барбы?

Таштан Жанузаков: Бар сөзсүз. Биз өзүбүздүн тагдырыбызды өзүбүз чечебиз.

«Азатытк»: Кантип чечип коесуз?

Таштан Жанузаков: Мен программаны карайм, окуйм, анан адамкерчилик сапаттарын да карайм.

«Азаттык»: Лидердин сырткы келбети таасир этеби сизге?

Таштан Жанузаков: Жок, сырткы келбетине карабайм, мен өзүнүн кылган ишине карайм. Бул жетекчилердин барын эле билебиз да, кылган иштерин да билебиз. Азыр кылып атканын да билебиз.

«Азаттык»: Мисалы бүгүн кечинде ал жөнүндө терс материал чыгып кетти дейли, аны жамандаган, каралаган макала окуп калдыңыз гезиттен, же радиодон угуп калдыңыз, сиз оюңузду өзгөртөсүзбү?

Таштан Жанузаков: Мен аларга ишенбейм. Себеби азыр өзүңөр айтпадыңарбы, кара пиар деп. Азыр партиялар каалагандай кара, ак пиарларын чыгарып атат. Адамдарда кээде адашкандар да болот. Бирок негизги критерий бул эл үчүн иштей ала турган адам болуш керек, коррупциядан алыс болуш керек, ишти билген киши жана кол астындагыларды иштете ала турган киши болуш керек.

«Азаттык»: Рахмат. Таштан мырза, сиз шайлаган партия сиздин үмүтүңүздү актасын.

XS
SM
MD
LG