Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

Коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр башталды


А.Атамбаев, Р.Отунбаева жана Ө.Текебаев.
А.Атамбаев, Р.Отунбаева жана Ө.Текебаев.

“Ата Мекен” партиясы менен КСДП ортосунда башкаруучу коалицияны түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи бөлүгү аяктады.

Эгерде сүйлөшүүлөр жыйынтык бербесе, коалиция түзүү укугун алган КСДП биригүүнү башка бир үчүнчү партияга сунуштайт. “Атамекенчилер” менен Социал-демократтар сүйлөшүүлөрдө “Республика” партиясынын катышуусундагы үчилтикти түзүүнүн шарттары, же андан жыйынтык чыкпаса кеңейтилген коалицияга биригүү маселесин талкуулашты.

Жоопкерчилик менен бөлүшө турган бийлик

“Ата Мекендин” төрагасынын орун басары Равшан Жээнбеков мындан мурдарак партия коалицияга кирүүдө чечүүчү кызмат орундарынын бирдей бөлүштүрүлүшүн талап кыла тургандыгын белгилеген:
Равшан Жээнбеков

- Мисалы, үч партия коалиция түзө турган болсо, мамлекеттик бийлик үч партияга тең бөлүнүшү керек. Себеби биз барып алып, эч кандай маселе чечпеген портфелдерди, кызматтарды алып, сырттан карап туруп эле кандайдыр бир саясий-экономикалык жоопкерчиликти алуу – биздин партия үчүн аябагандай оор нерсе. Эгерде биз коалицияга кирип, жоопкерчиликти тең бөлүшүп, алардын оорун да, жеңилин да чогуу көтөрө турган болсок, анда биз саясий-экономикалык маселелерди чече турган күчтүү ролдорду алууга даяр болушубуз керек, алар да макул болуусу тийиш.

Бул жерде маселе Жогорку Кеңештин төрагалыгы жана өкмөттөгү айрым жогорку кызмат орундары туурасында сөз болуп жаткандай. Бирок буга чейинки көшөгө артындагы сүйлөшүүлөр аталган үч партиянын ортосунда пикир келишпестиктерге алып келген. Ошондуктан тышкы саясаттагы көз караштардын ажырымы болуп жатат деген шылтоолор менен макулдашуулар жыйынтык берген эмес.

Макулдашуудан майнап чыкпаса...

Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Чыныбай Турсунбеков бул жолу да макулдашууга жетишилбесе, анда алар башка бир партияны коалицияга кирүүгө чакырууга аргасыз экендиктерин ачыктады:

- "Ата Мекен" боюнча коалицияга кирүүчү башка бир партиянын талаптары болуп жатат да. Ошол жерден маселе чыгып атат. Болбосо биз алардын шарттарына макул эле болчубуз. Тилекке каршы ошондой маселе бар. Эгерде бул боюнча эки тараптын бирин да ынандыра албасак, анда калган дагы эки партия бар. Ошолордун бири менен сүйлөшүүгө барабыз. Анткени кырдаалдан чыгуу үчүн биз бардык саясий күчтөр менен мунасага барууга тийишпиз.

Буга чейин эле Социал-демократтар менен “республикачылар” башкаруучу коалицияга биригүү ниеттерин билдиришкен. Ошол эле учурда “Ар-намыс” жана “Ата Журт” партиялары саясий өнөктөштөр экендигин жарыялашкан. Ортодо “Ата Мекен” партиясы өз турумун ачык жарыялай элек болчу.

“Республиканын” карманган туруму

11-ноябрь күнү КСДП менен “республикачылардын” лидерлери кайрадан жолугушуп, коалиция түзүүнүн өзгөчөлүктөрүн такташкандыгы маалымдалды.

“Республика” партиясынын маалымат катчысы Кубат Болотканов анда беш партиянын катышуусундагы кеңейтилген коалицияны түзүү туруму өзгөрүүсүз калгандыгын белгиледи:

- Биздин төрага кеңейтилген коалицияга баруу демилгесинен кайткан жок. Ошол эле учурда буга чейин Социал-демократтар фракциясы менен коалицияга бирге баруу боюнча макулдашуу күчүндө кала берет. Биздин экономикалык программабызга шайкеш келген кайсы гана партия болбосун биз алар менен биригүүгө бара беребиз. Башкалар айтып жаткандай “Ата Мекен” партиясы менен деле көз караштарыбызда өзгөчө ажырымдар жок. Эми коалицияны түзүү укугун КСДП алгандан кийин, ошолор шарттарын айтып сүйлөшсүн. Ошого жараша чечим кабыл алынат.

Кыйчалышкан кыйынчылыктардын төркүнү кайда?

Талдоочулардын баамында, коалиция түзүүдөгү кыйынчылыктар ички жана тышкы факторлорго байланышкан себептерге барып такалат. Ички себептерге мурдагы саясий каршылаштар менен биригүүгө коомчулуктун тескери пикири кирсе, тышкы таасир катары саясий чөйрөдө расмий Кремлдин КСДП жана "Республика" партияларына койгон талаптары айтылууда.

Осмонакун Ибраимов
Мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов мындай шартта кеңири форматтагы коалиция түзүү максатка ылайыктуу деп эсептейт:

- Бул маселеде кээ бир партиялардын чет өлкөлүк кайсы бир мамлекеттин алдында берген милдеттемеси жана убадасы бар сыяктанып турат. Ошондуктан кайсы бир партия менен өкмөттүк коалиция түзгөнгө кыйын болуп жатат да. Мына ушуга байланыштуу жалпы эле коалицияга бириксек, ошондо чет жактагылар нааразы болбойт эле деген ойдо болуп жатышат. Бир четинен алганда бул туура чечим. Кеңейтилген коалициядагы өкмөт түзүлсө, өлкөдө саясий туруктуулук болушуна өбөлгөлөр болот.

Социал-демократтардын коалицияга биригүү үчүн койгон шарттарын “Ата Мекен” партиясы кабыл албай турган болсо, анда үчүнчү партия катары “Ата Журт” менен сүйлөшүүлөрдүн башталышы күтүлүүдө. Ошол эле учурда талдоочулар кеңейтилген коалицияга биригүү маселеси күн тартибине чыгып калышы мүмкүн экендигин да, жокко чыгарышпайт.

XS
SM
MD
LG