Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:18

"Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын президенти Кыргызстанда


"Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын президенти Жеффри Гедмин баштаган топ Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын кабыл алуусунда, 6-сентябрь, 2010-жыл.
"Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын президенти Жеффри Гедмин баштаган топ Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын кабыл алуусунда, 6-сентябрь, 2010-жыл.

6-сентябрда “Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын президенти Жеффри Гедмин Кыргызстанга жасаган иш сапары учурунда президент Роза Отунбаева, коомдук-саясий ишмерлер, ММК жееткчилери менен жолугушту.

Бул жолугушууларда Жеффри Гедмин маалымат таратууда калыс, чынчыл жана бейтарап болуу, ошол кабар үчүн журналисттин жоопкерчиликтүү мамилеси өтө маанилүү экенин белгилди.

Кыргыз президентинин баасы

Президент Роза Отунбаева менен жолугушуу
Өлкө президенти Роза Отунбаева "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын президенти Жеффри Гедмин менен болгон жолугушууда “Азаттык” үналгысына өз баасын берип, азыркы тапта калыс жана бейтарап маалыматтар коомчулукка зарыл болгонун, түштүктөгү жаңжалдан кийин абалды жөнгө салуу боюнча бардык аракеттер жасалып, ар кандай жолдору каралып жаткандыгын билдирди.

Араздашкан эки элди элдештирүү багытында ислам дининин жардамы чоң болгонун белгилеген президент айым, айрыкча алдыдагы шайлоодо чыр чыгып кетүү коркунучун алдын алып, жалпы журналисттерди калыс маалымат таратууга чакырды. Ошондой эле Роза Отунбаева түштүктөгү абал салыштырмалуу турукташканы менен Тажикстандагы жардыруулар кооптонуу жаратып жатканын да кошумчалады.

Жеффри Гедмин болсо Кыргызстан бийлиги “Азаттык” үналгысынын берүүлөрүнүн обого эркин чыгышына мүмкүнчүлүк берип жатканына ыраазычылыгын билдирип, түштүктөгү карама-каршылыктарды жөнгө салуу, араздашкан тараптарды элдештирүү максатында Бишкекте регионалдык-аналитикалык борбор ачуу сунушун айтты.

"Бизди уга турган, окуй турган адамдар жок өлкөдө биз иштебейбиз"
"Азаттыктын" сайты кыргыз тилинде эң көп маалымат бере турган, эң көп окула турган сайтка айланды...
Э. Байсалов

"Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын президенти Жеффри Гедмин иш сапарынын алкагында бул күнү Кыргыз Улуттук университети жана Борбор Азиядагы Америка университетинин мугалимдер жамааты, студенттери менен да жолугушууларды өткөрдү. Жеффри мырза маалымат таратууда калыс, чынчыл жана бейтарап болуу, ошол кабар үчүн журналисттин жоопкерчиликтүү мамилеси өтө маанилүү экенин белгилди.
КУУдагы жолугушуу

Студенттер менен окутуучулар жамаатын негизинен “Азаттыктын” ишмердүүлүгү, июндагы түштүктө болгон капсалаңды кыргыз-өзбек кызматтары кандай чагылдырды деген суроолор кызыктырды. Мындан сырткары кабар жазуудагы жоопкерчилик жана жалпы эле Америка туурасында да суроолор болду. Улуттук университеттин окутуучуларынын бири:

- Дүйнөлүк маалымат булактары бизди жырткыч катары көрсөткөнү менен биз чындыгында эле меймандоспуз. Сиз ошону белгилеп айтканыңзга рахмат. Экинчиден, Ош окуясын чагылдырганда кыргыз жана өзбек кызматтары канчалык деңгээлде бейтараптуулукту аткара алды деп ойлойсуз? - деп сурады.

Бул суроого Жеффри Гедминдин жообу мындайча болду:

- Өтө кызыктуу суроо, ошондогу окуя учурунда эки кызматта тең ички талаш-тартыштар тынбай жүрүп турду. Журналистика – бул химия же башка илим сыяктуу катып калган илим эмес. Бул адамга теңештирген кесип. Ошондуктан жетекчи катары ар бир окуяны чагылдырууда, же кайсы бир сүйлөмдө да адамгерчилик деген нерсе жогору турат деп эсептейм. Бул жерде журналисттик жоопкерчилик жогору туруш керек.
...биз абдан туура, ачык, айкын жана калыс маалыматты таратуу менен жоопкерчиликтүү журналистиканы жайылткыбыз келет. Ж. Гедмин

Жеффри Гедмин студенттер менен жолугушуу учурунда университет жетекчилиги менен келишим түзүү идеясы жаралганын жана анын жол-жоболору караларын белгиледи.

Андан соң Гедмин мырза коомдук-саясий ишмерлер, укук коргоочулар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуу суроо-жооп иретинде өтүп, "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын президенти массалык маалымат каражаттарынын кайсы түрү болбосун чоң мааниге ээ экенин белгиледи:
RFE/RL президенти Жеффри Гедмин студенттер менен жолугушууда.

- Бизди уга турган, окуй турган адамдар жок өлкөдө биз иштебейбиз. Демократияга өтүп жаткан өлкө катары Кыргызстанда, Иран сыяктуу авторитардык өлкөлөрдө биз абдан туура, ачык, айкын жана калыс маалыматты таратып жана жоопкерчиликтүү журналистиканы жайылткыбыз келет. Албетте, биз баардыгын мыкты жасап жатабыз деп айта албайбыз. Биздин да катачылыктарыбыз бар. Журналистика абдан татаал иш. Башкысы – бул сөз эркиндигин таратуу. Албетте, профессионалдык журналистиканы жасоо абдан кыйын. Ошондуктан биз окуяны кандай өңүттө берүү керек, өлкөдөгү окуяны кантип чагылдыруу керек деген маселенин үстүндө күн сайын, саат сайын талашып-тартышабыз.

Жолугушуу учурунда “Азаттык” үналгысына сунуштар да айтылды. Жыйындын айрым катышуучулары соңку кездерде ободон кайталоолор көбүрөөк болуп жатканын, өзүнчө толкун алуу сунушун да козгошту. Мындан сырткары “Азаттыктын” убактысын кеңейтүү, кыйчалыш кырдаалда аймактагы кабарчыларга өзгөчө көңүл буруу сыяктуу сунуштар айтылды. Маселен саясатчы Эдил Байсаловдун сунушу төмөнкүчө болду:

- Акыркы жылдары кайталоолор көп болуп кетти. Азыр "Азаттыктын" сайты абдан жакшы иштеп атат. Кыргыз тилинде эң көп маалымат бере турган, эң көп окула турган сайтка айланды. Ошондуктан эфирге эле эмес сайтка да көбүрөөк көңүл буруш керек.

Жеффри Гедмин мырза жыйын соңунда мындай сунуштар сөзсүз эске алынарын белгиледи.

“Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын баш кеңесеси Прагада жайгашкан. Мындан сырткары Вашингтондо жана 20 өлкөдө чакан бюролор бар. Географиялык жактан алганда Орусиядан баштап Ооганстан, Пакистандан Жакынкы Чыгышка чейин жайгашкан.
XS
SM
MD
LG