Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

А. Сейиталиев: Эл арасында бийликке нааразылык күчөп баратат


Бириккен элдик кыймыл былтыр март айында да бийликтин саясатына каршы митинг уюштурган. 2009-жылдын 27-марты.
Бириккен элдик кыймыл былтыр март айында да бийликтин саясатына каршы митинг уюштурган. 2009-жылдын 27-марты.

«Ак шумкар» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Айдар Сейиталиев карапайым калк арасында үй-бүлөлүк бийликтин бекемделишине, тарифтердин кымбатташына тынчсыздануулар көбөйүп баратканын айтат.

- Айдар мырза “Ак жол” фракциясынын депутаттары шайлоочулары менен жеринде жолугушуп келишти, айрым бир депутаттар “эл ичи тынч, жазгы айдап-себүүгө камынып жатышат, азыркы бийликтин саясатына колдойт”, - деп келишти. Сиз дагы эл арасында жүрөсүз, элдин маанайына сиздин пикириңиз кандай?

- Азыр элдин маанай жакшы эмес. Эл генерал Исмаил Исаковдун камалышына, тарифтердин көтөрүлүшүнө, Бакиевдин үй-бүлөлүк системасынын бекемеделишине абдан тынчсызданып жатат.

- Ал эми жазгы айдап себүүгө өкмөт тарабынан жардамдар бар бекен элге?

- Кредит беребиз деп жатышыптыр. Бирок ал элдин терең катмарына тарай элек, жөн эле сөз болуп жатат. Аны деле эл жазгы сооротуу, элди алдоо деп ойлоп, түшүнүп жатышат.

- 23-мартта бийлик өткөрүп жаткан Ынтымак курултайы менен БЭК өткөрө турган 17-марттагы Элдик курултайга элдин пикири кандай?

- 23-мартта өтө турган курултайга баягы эле бийликтин камчы чабарлары өздөрүнүн дүжүр кишилерин жиберет, анан баягы эле кол чабуулар менен бийлик өзүнүн каалаган саясий максаттарына жетет деп айтып жатышат. Ал эми Элдик курултайды уюштуруучулар 3-4 кишинин эле, өздөрүнүн кызыкчылыгын гана сунуштабай, жалпы элдик ой-тилек, мүдөөнү кабылдаса, анда эл абдан жакшы колдоп берет 17синдеги курултайды.

- Алай, Кара-Кулжа, Нарындагы митингдер тууралуу эл эмне деп айтып атышат, алардын пикири кандай?

- Азыр эл барына кулак төшөп, тынчсызданып турат чындыгында. Бүгүн жалпы эле Кыргызстандын эли бүгүнкү бийликтин жүзүн абдан жакшы билип калышты. Мурда интеллигенттер гана сезип, туйса, бүгүн жалпы катмар бүгүнкү бийлик жакшылыкка алып барбасын, мындай жол менен барса Кыргызстанды туңгуюкка алып келишин сезип, оппозициядагылардын бир аз тыныгуусун чындыгында тынчсыздануу менен кабыл алып жатышат. Эмнеге оппозиция элди көтөрбөйт деп жатышат. Бирок эл аябай толкуп калды бүгүн.

- Ушу тапта сиз кайсы жерде турасыз, кайсы жерден байланышып атабыз сиз менен?

- Мен азыр Сокулук районунун Төш-Булак айылында турам. Келгениме 3 күн болсо дагы эл кандай болот, эмнеге оппозициядагы күчтөр унчукпайт, бир нерсе кылсак болот эле, минтип отурсак аягы жакшы болбойт го деп менден аябай тынчсызданып сурап жатышат.

- Эл арасында социалдык жарылуу пайда болушу мүмкүнбү?

- Ооба, эгер элди баштаган лидерлер жакшынакай ой-максаттар менен элдин башын бириктирип, бүгүнкү бийликке альтернативдүү өзүнүн ой-мүдөөсүн алып чыкса, эл толук колдоп берүүсүнө бүгүн толук ишенсе болот.

- Ал эми жергиликтүү бийлик айыл эли менен байланышы кандай экен, тыгыз бекен, же бийлик менен элдин ортосунда ажырым пайда болуптурбу?

- Жергиликтүү бийлик жогору жактан айткан буйруктарды аткарганга аргасыз чындыгында. Алар деле бүгүнкү бийликтин жасап жаткан жумуштарына көз караштары өтө деле түз эмес. Айласыздан жогору жактан келген буйруктарды аткарып жатышат го деп ойлойм.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG