Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

БЭКтин курултайы өтүүдө


Курултайга он миңдей эл чогулганы айтылууда
Курултайга он миңдей эл чогулганы айтылууда

Бириккен элдик кыймыл уюштурган үчүнчү Элдик курултай Аламүдүн районундагы Арашан айылында өтүүдө.

Курултайды БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров ачып, курултайды өткөрүүнүн максаты оппозициялык бириккен кыймылдын атынан президенттикке талапкерликке Алмаз Атамбаевди көрсөтүү экендигин билдирди. Андан тышкары БЭК президенттикке талапкерликке өзүн-өзү көрсөткөн мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду да колдоорун билдирди.
Белгилүү акын-жазуучулар М.Абылкасымова, С.Эралиев, С.Жусуев, Б. Жакиев жана башкалар

Андан соң Кыргыз эл баатыры Сүйүнбай Эралиев сүйлөп, жазуучуларды колдоо фондун жетектеп келаткан Алмаз Атамбаевдин талапкерлигин колдоорун жана ал президенттикке шайланаарына ишенээрин билдирди. Курултайга Сооронбай Жусуев, Бексултан Жакиев, Майрамкан Абылкасымова баштаган аксакал акын-жазуучулар да катышууда. Учурда аймактардан келген өкүлдөргө сөз берилүүдө. Элдик курултайга ар бир облустан 60тан өкүл келген.

Ушу тапта курултайга келген элдин саны 10 миңден ашып калганын “Азаттыктын” кабарчысына “Ата Мекен” партиясынын өкүлү Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Курултайга байкоо салуу үчүн барган айрым эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болсо чогулган элдин саны 4 миңдин тегерегинде экенин айтышууда.

Ошол эле учурда кээ бир талдоочулар да курултайга келген элдин саны 10 миңди чамалап калганын айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG