Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

Т. Үмөталиева: Конституцияда жок органдар кыргыз элин курмандыкка чалууда


Бүгүн Бишкекте бейөкмөт уюмдар президент Курманбек Бакиевдин Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу сунушунун мыйзамдуулук маселесин талкуулайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева “Азаттыкка” маек курду.

- Президенттин Баш мыйзамды өзгөртүү сунушунун легитимдүүлүгүн талкулоо зарылчылдыгы эмнеде улам келип чыкты?

- Азыр болуп аткан митингдер жана элдин нааразычылыгы эң биринчиден укуктук талаадан чыгып кеткенге байланыштуу болуп атат. Өзүңөр билгендей, 6 айдан бери жаңы реформа кылдык деп реформа Конституциянын ичинде жок нерсе болуп атат. Конституциянын ичинде жок органдар азыр кыргыз элин курмандыкка чалуу механизмин иштеп чыгып атат. Ошол курмандыкка чалуу механизми деген себебим, мына баардык тарифтердин эки жарым эсе көтөрүлүшү - бул кыргыз эли толугу менен Кыргызстандан көчүп кетиш үчүн жасалган механизм деп ойлойм. Себеби азыр эсептеп көрсөңөр, жөнөкөй бир бөлмөлүү үйдө эң аз дегенде, бүт салыктарды эсептеп келгенде 8 миңден ашык акча төлөш керек экен. Пенсионердин орто баа акчасы 2 миң сом, бир үй-бүлөнүн бир айлык чогулткан акчасы 5 миң сом болсо, кантип үй-бүлөсүн, өз жанын багат. Өз жанын да, үй-бүлөсүн да багалбайт экен. Баарын мамлекетке өткөрүп берип, дагы карыз болуп отуруп калат экен.

Азыр стратегиялык объектилерди “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелекомду” сатса, эртең Ош, Нарын электролор сатылат. Бюджетти көбөйтүп элге жардам берип, мамлекеттин негизин түзө турган объектилер итбекер сатылып атат. Күнүгө элдин нааразычылыгына карабай ошол объектилерди тендерге алып чыгып сатып атканы - бул Кыргызстандын келечегине балта чапкан болуп атат. Ушунун баары биздин Конституциянын кепили - президентибиз өзүнүн негизги иштерин аткарбай, Кыргызстанды башкарууну кичинекей бир ууч топ адамдарга берип койгонунун кесепети болуп атат. Бул Конституция бузулганынын негизи.

- Ушул талкуудан кийинки кадамдарыңыздар кандай болот?

- Бүгүн биз 3-4 стратегиялык учурда карап атабыз. Биринчи, ушул талкуудан кийин дагы дүйнөлүк коомчулукка кайрылабыз, анан биздин элге, парламентке, президентке кайрылып, кетирип аткан каталарын көрсөтүп кетебиз. Экинчи кадамыбыз, Конституциялык негизде берилген мүмкүнчүлүгүбүздү колдонуп 300 миңден ашык кол топтогонго аракет кылабыз, анан элдин уюштура турган курултайына чыгабыз деген оюбуз бар.

- Демек оппозиция уюштуруп жаткан курултайга барасыздар?

- Азыр оппозиция, пропозиция болуп бөлүнгөнгө болбойт. Азыр жалпы элдин курултайы деп атагым келет. Анткени азыр элди дубалга такап койду, эл менен бирге болуп туруп, эл менен чыгып, жалпы мамлекеттин коопсуздугун сактап калыш үчүн гана чыгып атабыз биз.

- Конституцияны өзгөртүү маселесине келсек. Президент жөнөткөн сунушта эгер өлкө башчысы кандайдыр бир себептерден улам милдетин аткара албай калса президенттин милдетин аткара турган адамды президенттик кеңешме аныктайт, деген жобо бар эле. Буга карата пикириңиз кандай?

- Ачык айтканда азыр Конституциянын эки негизги главасы бузулуп атат. Бул президенттин мүмкүнчүлүктөрү жана анын иштери. Ошол эле аткаруучу бийликтин мүмкүнчүлүктөрү жана анын иштери деген. Себеби Конституцияда органдар бар. Факты боюнча алып караганда бул органдардын баары жоюлду, бийликтин бутактары, тең салмактуулугу бузулду. Аткаруучу бийлик толугу менен эле президенттин эмес, президенттин кол астындагы уюштурулган топко баш ийип калды. Бул Конституцияда жок, бул бийликти басып алуу деп аталат.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG