Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

Рахатбек Ирсалиев депутаттык мандаттан баш тартты


ЖКдагы СДП фракциясынын өкүлү Р.Ирсалиев бул тууралуу парламенттин бейшемби күнкү жыйынында жарыялап, мындан ары курулуш тармагындагы ишин улантаарын билдирди.

Рахатбек Ирсалиев мындай чечимин бизнес менен парламенттеги жумушту бир алып кетүү татаал экендиги менен байланыштырды.

СДП фракциясынын депутаты Мурат Жураев өзүнүн коллегасынын бул чечиминде эч кандай саясат жок экендигин белгиледи. Анын айтуусунда, Рахатбек Ирсалиев кечээ Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаевдин катышуусундагы СДП фракциясынын жыйынында өзүнүн чечими тууралуу билдирген эле.

-Биз муну мартта эле билгенбиз. Эми Ирсалиев расмий түрдө айтты. Өзү “Мен күткөн бизнесим келди,чоң акчалуу проекттер бар. Эки жерде иштей албайм. Бир тарап болуп бизнеске кетейин” деп айтты. Бул жерде эч кандай саясат жок.

"Ак жол" фракциясынын депутаты Алишер Мамасалиев Ирсалиевдин тандоосун туура деп эсептейт. Мыйзам боюнча кыргызстандын жараны депутат мандатты алгандан кийин башка иштеринен баш тартуусу керек.

-Конституцияда депутаттын статусу жөнүндө мыйзам жазылган. Депутаттык мандатты алгандан кийин, бизнести, мамлекеттик кызматты ташташы керек. Ирсалиев өзүнө приоритеттүү багытты тандады. Мен бул жигитти жоопкерчиликтүү, тың, патриот депутат деп эсептейм. Мен анын чечимин колдойм.

Саясат таануучу Марат Казакбаевдин ою боюнча, Ирасалиевдин депутаттыктан кетүүсүнө бийлик тараптан кысым болгон жок. Бирок ал мурунку курулушчу катары өзүнүн идеялары менен азыр парламентке керек адам болчу деп эсептейт саясат таануучу.

-Бул жерде ал өзү айткандай саясий бир мотив жок. Бирок мындай караганда, СДПнын лидерлеринин көбү оппозициялык позицияга өтүп жатпайбы. Балким Ирсалиев ошондуктан да кетип жаткандыр. Бул бир ой. Экинчи жагынан өзү айтып жатат, курулушка кайра кетем деп. Менин оюмча, ал депутат катары деле иштесе болмок, азыр курулуш боюнча мыйзам долбоору көп каралып жатпайбы. Мындай тажрыйбалуу депутат парламентке керек болчу.

Эми Рахатбек Ирсалиевдин ордуна тизме боюнча Турдубек Молдобаев келет. Негизи тизме боюнча Эдил Байсалов келиши керек болчу. Бул фракциянын өкүлү Мурат Жураев бирок Байсалов өлкөдө жок болгондуктан, анын ордуна тизмедеги андан кийинки киши келиши керектигин билдирди.

Буга чейин Рахатбек Ирсалиевден башка "Ак жол" фракциясынын эки депутаты Керим Турапов жана Сабырбек Жумабеков өз кесиптерин улантуу максатында депутаттык мандатын тапшырышканы белгилүү.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG