Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:08

А. Сариев: Кыргызстан референдумга толук даяр


27-июнга белгиленген референдумга карата даярдыктар боюнча суроолорго БШК төрагасы Акылбек Сариев жооп берет.


- Референдум кандай болгон күндө дагы 27-июнда өткөрүлө тургандыгы маалымдалууда. Ага байланыштуу бюллетень чыгаруу, комиссияларды түзүү, техникалык иштер, дегеле даярдык толугу менен бүттүбү?

- Бардыгы даярдалып бүттү, азыр түштүк жергесине бюллетень жеткирүү маселеси калды, бүгүн-эртең жеткиребиз. Ошону менен толук даярбыз десек болот.

- Жарандардын арасында азыркыга чейин референдумга чакыруу баракчасы бериле электиги айтылууда. Чакыруу баракчасы качан таратылат?

-Чакыруу баракчалар таратылып жатат, түштүктө таратылбай калса керек. Алар мурун эле жеткирилди. Кээ бирлер албай калса керек.

- Бүгүнкү күндө Бишкектин ичинде дагы айрым райондордо, мисалы мен жашаган райондо дагы чакыруу баракчасы бериле элек? Балким бул эртең-бүрсүгүндөрдөн берилеби?

-Чакыруу баракчасын таратуу мөөнөтү так көрсөтүлгөн эмес. Участкалык комиссиялар өздөрүнүн шартына жараша таратат. Балким силердикин чукулдаганда тараталы десе керек. Бирок анын баары таратылат.

- Ал эми Ош, Жалал-Абаддагы коогалаңда жүз миңдеген качкындар өлкө аймагынан чыгып кеткени айтылууда. Аларды референдумга катыштыруу кандай болор экен?

-Алар боюнча биз Тышкы иштер министрлигине жолдомо берип, азыр Өзбекстан мамлекети менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атышат. Алар тараптан кандай мамиле болот, эгерде уруксат бере турган болсо анда биз ошол жерден уюштуруу иштерин карайбыз. Бирок экинчи маселе, ошол жердеги биздин жарандар добуш берүүгө макул болобу, болбойбу аны да карашыбыз керек. Эгер эки маселе тең чечиле турган болсо анда биз уюштуруп бергенге аракет жасайбыз.

- Кыргызстандын аймагынан сырткаркы, маселен Орусияда референдум өткөрүү боюнча көбүрөөк комиссияларды түзүү сунушталды эле мигранттар тарабынан. Бул маселе кандай чечилди?

- Бүгүнкү күндө мамлекеттен сырктары 38 участка түздүк, мурун 29 түзгөнбүз, кийин кошумча кылып дагы тогузду кошуп бердик. Ушул негизде иш аракеттерди Тышкы иштер министрлиги алып барып атат. Даярдыктар толуп көрүлүүдө. Ал жерлерде добуш берүү убагында жүргүзүлөт деп турабыз.

- Акылбек мырза, референдумдун өтпөй калышына кызыкдар күчтөр ар кандай тоскоолдук кылышы мүмкүндүгү кабарланууда. Коопсуздук маселеси кандай чечилүүдө?

- Коопсуздук маселеси Ички иштер министрлиги тарабынан колдоого алынып, азыр бардык жерде жардам берилип атат. Элдик кошуундарды колдонолу деп атабыз, ошого жараша коопсуздук азырак жерлерде көбүрөк күч тартабыз, жай жерде болсо 1-2 киши болот, өз ыктыяры менен жардам бере тургандар болсо аларды да жумушка тартабыз.

- Буга чейинки референдум, шайлоолордо таңгактап бюллетень таштаган мезгилдер болду эле. Ошондой нерсе кайталанбайбы бул референдумда?

Бул жерде антип ыргытканга шарт деле жок, ага кызыкдар кишилер деле жок азыр. Бирок биз кошумча чараларды көрдүк, протоколдор бүткөндөн кийин пакетке бекитип, бул жака жеткирүү боюнча. Добуш бергенден кийин протокол түзүп, “сейф-конверт” деп коебуз, ошого салып бир нускасы БШКга жеткирилиш керек. Себеби ага салынып кол коюлгандан кийин, таңгактап бюллетенди канча ыргытса деле бары бир жараксыз болуп чыгат. Себеби түп нускасы бизге келгенден кийин көрсөткүчтөрүн салыштырып көрсөк болот.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG