Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Референдумга даярдыктар башталды


Учурда Кыргызстанда добуш берүүчүлөрдүн тизмеси такталууда.
Учурда Кыргызстанда добуш берүүчүлөрдүн тизмеси такталууда.

Учурда бардык аймактарда участкалык шайлоо түйүндөрүн түзүү, добуш берүүчүлөрдүн тизмесин тактоо иштери жүрүп жатат. Эл аралык байкоочулардын алгачкы тобу өлкөнү кыдырып, даярдык иштерине көз салууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жаркын Бапанованын билдиришинче, 27-июнга белгиленген жалпы элдик референдумга карата өлкөдө 2300гө жакын участкалык шайлоо комиссиясы түзүлөт. Учурда участкалык шайлоо комиссия мүчөлүгүнө саясий партиялар өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүп жатышат. Алардын сунуштары 4-июнга чейин кабыл алынып, 5-6-июнда тактоо иштеринин жыйынтыгында участкалык комиссиялардын курамры аныкталат.

Ал эми чет жерлерде шайлоо түйүндөрүн уюштуруу боюнча тышкы иштер министрлиги менен биргеликте иш чаралар жүргүзүлүүдө. Бул арада референдумдун жүрүшүнө көз салчу эл аралык байкоочулардын тобу Кыргызстандын аймактарына жөнөп кетишти.

-Азыр Кыргызстанга чет мамлкекттик байкоочулар келип жатат. Бардыгы 300дөй эл аралык байкоочу келет. Алардын отузу БШКга катталып, узак мөөтөттүк байкоо салчу 14 байкоочу республиканын региондоруна тарап кетти, - деди БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова.

Мындан тышкары "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы жергиликтүү байкоочуларды даярдап жаткандыгын билдирди. Уюмдун жетекчиси Динара Ошрахунованын маалымдашынча, 35 адам өлкөдө узак мөөнөттүк байкоолорду жүргүзүү үчүн, ал эми миң киши референдум күнү өлкө боюнча бардык шайлоо түйүндөрүндө көз карандысыз байкоолорду жүргүзүүгө даярдалды. Бул уюм учурда Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы менен шайлоочулардын тизмесин тактоо жана каттоо боюнча кызматташууну пландаштырууда.

- Шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча Биз БШКнын төрагасы менен сүйлөшкөнбүз. Азыр күтүп жатабыз. Эгерде биз каражат тапсак, ар бир областтагы 10 шайлоо участкасына барып, үйлөрдү кыдырып, тизмени тактайбыз. Алардын жыйынтыгын БШКга беребиз. Ага жараша БШК өзү чечими кабыл алсын. Биз кийин парламенттик шайлоого карата жакшы даярданыш үчүн, кайра ушундай жол менен тизмеге мониторинг жүргүзүп, тактап чыгышыбыз керек, - дейт Динара Ошрахунова.

Убактылуу өкмөттүн ушул жумадагы жыйынында ички жана тышкы миграциянын шартында адыдагы референдумга катыша турган өлкө жарандарынын санын тактоо бир топ оорчулуктарды пайда кылып жатканы белгиленген болчу:

- Референдум өтө оор саясий кырдаалда өтүп жатат. Анын үстүнө жай мезгилинде саясий активдүүлүк төмөн болот. Мындай шартта ар кандай фальсификациялык көрүнүштөргө жол бербөө үчүн кырдаалдан кантип чыгыш керек? Кырдаал татаал. Ошондуктан, биз жергиликтүү органдар тизме түзүп жатканда ким Россияда, ким башка өлкөдө, ким өз участогунан Кыргызстандын башка шаарларына чыгып кеткен жана референдумга келе албайт? Ушуларды тууган-уруктарынын кагаз жүзүндө көрсөтмөсү менен тастыктап, тизмеде ошол шайлоочулардын тушуна өзгөчө белги коюп, алардын шайлоо участогунда жок экенин тастыктоо керек. Кыргызстанда иш жүзүндө канча шайлоочу калганын биз 20 күндүн ичинде тактап чыгышыбыз керек, - деп айткан Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев.

БШКдан билдиришкендей, референдумду өткөрүү боюнча өкмөттөн 133 миллион сом каражат бөлүнгөн. Ошондой эле учурда эл аралык уюмдар да каржылык жактан колдоо көрсөтүп жатышат. Эгер акча каражаты жетиштүү деңгээлде боло турган болсо, анда референдумда бармакка белги коюу (маркировка) кайрадан пайдаланылышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG