“Азаттык”: - Буга чейинки чакырылыштагы парламентте айымдар жок болчу. Ошол убакта аялдар бир топ кампанияларды, акцияларды өткөрүп, а түгүл депутаттарды 8-март менен куттуктап, ушундай иш аракеттер жүргөн эле. Андан кийин мыйзам менен аялдарга квота берилип, учурда 28 аял депутат отурат. Аялдардын келиши менен парламентте кандай өзгөрүү болду, саясатка кандай салым кошо алдым деп ойлойсуздар.
Гүлжамал Султаналиева: - Бириничден, мен өзүм саясатка биринчи жолу мандат менен келип атканым менен, мен Кыргызстандагы саясатта болуп аткан окуялардын бардыгына дайыма көзөмөл жүргүзүп келгем. Бүгүнкү күндө салыштырганда аялдардын саясатка келиши менен социалдык, элдин күнүмдүк турмушунда кездешип аткан көп маселелер парламенттин деңгээлинде көтөрүлө баштады. Мына кайрылып кете турган болсок мисал катары, ошол эле балдардын укугу, жетим балдардын укугу, эл аралык асырап алуу, ошол эле учурда энелердин өлүмү, ВИЧ/СПИД боюнча маселелер, ушул маселелерди баардыгы бүгүнкү күндө парламентке аялдардын келиши менен жогорку деңгээлде ушул жөнүндө сөз боло баштады деп ойлойм.
“Азаттык”: - Динара айым, сиз айтсаңыз саясатта кандайдыр бир нерсени өзгөртө алдыңыдарбы?
Динара Молдошева: - “Москва дароо курулган эмес” дегендей чынын айтканда, аялдар келгени менен парламентке бир гана социалдык маселелер эмес, аялдар өздөрүнүн ролун качан көтөрөт, качан өздөрүнүн авторитетине ээ болуп, финансы, экономика жагынан, укук коргоо органдары жагынан, сот жагынан өздөрүнүн салымдарын кошсо, мен ойлойм, ошондо аял жөн эле аял катары гана эмес, саясатчы, депутат катары өзүнүн ролун көрсөтөт деп ойлойм. Анан сиз айткандай бүт кампаниялардын натыйжасы болуп, биздин президентибизидин демилгеси катары квоталарды убактылуу норма катары, убактылуу деп кайталап кетем, анткени эгерде 5 жылдын ичинде азыркы 28 аялдан түзүлгөн парламент өзүнүн жакшынакай натыйжасын бербесе, мен ойлойм ошондо деле электорат, биздин шайлоочуларыбыз өздөрүн чечимдерин чыгарат бул парламент жакшы иштедиби, же жаман иштедиби деген.
“Азаттык”: - Ушул жерден эркек саясат талдоочулардын пикирин угуп алып, андан ары уланталы. Мен маектешкенимде баары эле ооба саясатта аялдар керек деген пикирин айтышты. Азыр саясат талдоочу Кубан Абдымендин пикирин уксак.
Кубан Абдымен: - Азыркы Кыргызстандын чоң саясатында аялдардын ролу мурдагыдан бир аз көтөрүлгөнү байкалып атат. Бирок чоң саясаттын ичине киргендердин баары жетишерлик деңгээлде чыкпай атканы өкүнтөт. Бирок тенденция көбөйө турган жака бурулганы менен, ошол жакты жакшы билип, даярдыгы жетишээрлик деңгээлге чыккан аялдарды көрүш азыр кыйыныраак болуп атат. Азыркылардын көпчүлүгү булар мурдатан бери эле аттары чыгып, элге белгилүү болуп келген аялдар. Ал эми жаңы муундан чыгып аткандардын арасынан эки-үчөө эле болбосо, көпчүлүгү элге билинбеген адамдар. Ошон үчүн бул жактан биз көбүрөк көңүл буруп, аялдарды саясатка алып келип, алардын колунан келген иштерин пайда алып келе турган жака бурсак мамлекетке чоң пайда тиет. Дүйнөлүк деңгээлде болсо көп мамлекеттерде аялдардын чоң саясаттагы ээлген орду жыл өткөн сайын көбөйүп баратат. Европадагы мамлекеттер гана эмес, Азиядагы бир топ мамлекеттердин жетекчилери, президент болуп шайлангандар жыл өткөн сайын көбөйүүдө. Аялдар саясатта көбүрөк орун ала тургандай мүмкүнчүлүк түзүп берсек, анда бүт коомчулук, мамлекет өзү утуш гана алат.
Саясат таануучу Карыбек Байбосунов: - Квота маселеси боюнча 2002-жылы мен бир божомол кылдым эле, 2005-жылкы парламенттик шайлоодо аялдардын Жогорку Кеңешке өтүшү өтө талаш маселе болуп турат. Себеби эркектер аңды-дөңдү карабай эле аялдардын башын аттап кете беребиз. Ушундай тарбиясы жок жагыбыз бар. Ушул кемчилигибизди кайра эле кайталап коюшубуз ыктымал, эгерде мындан ары квота принциби улантылбаса . Ошондуктан Кыргызстанда аялдардын чоң орчундуу орду бар. Эч болбосо 42-45 пайыз бийликте аялзаты отуруш керек. Ансыз бизде тең салмаксыздык жүрө берет дагы, эсибизге келбей эле, дендароо болуп саясатта жүрө беребиз. Аялзаты жок саясат бул дендароо саясат, дейди саясат болуп калат. Ошону биз туура түшүнүшүбүз керек. Себеби ар нерсенин ысык-муздагы, тең салмагы бар.
“Азаттык”: - Бүгүн президент куттуктоо жөнөтүп, анан аялдардын ордун белгилеп өтүптүр, мисалы 28и Жогорку Кеңештин депутаты, 25тен ашык министрликтерде жетекчи аялдар, 50дөн ашуун мамлекеттик администрацияларда деп. Бул чынында эле саясаттагы салмактуу күч деп ойлойсуздарбы. Же жөн гана сандарбы?
Динара Молдошева: - Мен ойлойм, бардыгына убакыт керек, бир жылдын ичинде парламентке аялдарды киргизип салдык, жашообуз оңолуп калды дегенибиз туура эмес болот. Ар бир реформа 5-10 жыл өткөндөн кийин натыйжасы көрүнөт. Экинчиден, мен кошумчалайт элем, туура, биз аялдарды колдойбуз дегени менен, бирок тилекке каршы ошол эле министрликтерди алып көрөлү, башка борбордук органдарды алып көрөлү, аялдарды биз орунбасар катары эле кабыл алып атабыз бүгүнкү күндө. Эмнегедир биз биринчи позицияларга тилекке каршы аялдарды сунуштай албай жатабыз. Муну мен ойлойм, убакыт өтсүн, анан гендердик баланс деп гендердик саясатты жүргүзүп атсак, сөзсүз түрдө борбордук органдарга да жетекчи структура катары аялдарды да беришибиз керек деп
Гүлжамал Султаналиева: - Мен кошумчалап кетким келип турат. Эми биздин коомчулугубуз каалайбызбы каалайбызбы аял менен эркектен турат. Ошон үчүн коомчулукта ар бир жасалып аткан кадам ошол коомчулук түзүп аткан аял менен эркектин бирдей таштаган шилтеми, кадамы менен гана өнүгө алат. Ошон үчүн бүгүнкү күндө аялдын ролу саясатта, канчалык деңгээлде таасир тийгизди, тийгизбеди деген нерсе дагы туура эмес болсо керек. Чынында бизде гендердик саясатта аялдын ролу буга чейин, айрыкча саясий деңгээлдерде ылдый болуп келген. Буга чейинки эле парламент бир дагы аял жок жалаң эркек парламент болгон. Кандайдыр бир саясий чечимдер керек болчу. Ошону биздин президент жасап, бүгүнкү күнү ушуга жетип атабыз. Башында Динара жакшы айтпадыбы, “Москва бат эле курулуп кеткен эмес” деп. Ошон үчүн бүгүнкү күндө аялдардын кандайдыр бир деңгээлде чыгып атканы бул дагы бир чоң салымдардын бири, биздин коомчулуктун алдыга жылып аткан салымдарынын бири.
“Азаттык”: - Квота берилгенге чейин айтылып келчү, электорат, шайлоочулардын көбү эле аялдар, бирок аялдар өздөрүн түртмөлөбөйт, көтөрмөлөбөйт, ошон үчүн аялдар жок болчу деп, бул бирден бир аргумент болчу да. Буга чейинки парламентте эмне себептен аялдар болгон эмес, кандайдыр тоскоолдуктар болдубу?
Гүлжамал Султаналиева: - Бизде коомчулукта баары бир гендердик стереотиптер бар, канга сиңип калган көз караштар, аялдын колунан эч нерсе келбейт, аял үйдө гана отуруш керек, аял деген аял болуш керек, эне болуш керек деген. Мына ошол гендердик стереотиптик көз караш бүгүнкү күндө айрыкча айыл жерлеринде, биздин калктын 80 пайызы айыл жеринде тургандыктан, ошол кан-жинине сиңип калган нерседен эч качан шайлоого чыгып аткан аялдарды колдой алган эмес. Бирок бүгүнкү күндөгү аялдардын саясатка келиши менен, биздин жасаган салымыбызга жараша, эртеңки коомчулуктун көз карашы да өзгөрүшү керек. Ошон үчүн бүгүнкү күндө биз 28 аял отуруп атабыз, бирок ошол 28 аял канчалык деңгээлде бүгүнкү мамлекеттик, гендердик саясатты, коомчулуктун көз карашын өзгөрткөнгө салымыбызды кошо алдык? Мына ошону менен биздин 28 аялдын мандат менен бул жерде отургандыгыбыз, бизде чоң милдет бар, эртеңки мамлекеттик деңгээлде гендердик саясаттын алдыга жүрүшүнө биздин көп жоопкерчилигибиз бар экенин көрсөтөт.
Динара Молдошева: - Экинчи себепти айтып кетейин, биринчи себепти туура айтып беришти. Экинчиси, мурдагы буга чейинки парламенттер мажоритардык система боюнча шайланып келчү, бир манадаттуу округдар боюнча. Ал эми бир мандаттуу округдун өздөрүнүн арыктчылыктары бар, бул бүт эле өлкөлөргө тийиштүү, кимдин каражаты, материалдык ресурсу болсо ошол киши шайланат. Бир эле мисалды айтып кетейин, азыркы биздин статкомубуз анализдеп берген, аялдын жана эркектердин маянасын салыштыруп көрсөк эркектин маянасы дайыма жогору болот. Экинчисинен, дайыма чоң-чоң ишкерлер, коммерсанттар эркек кишилер болуп келчү. Ошон үчүн бир мандаттуу округдарда көбүнчө эркектер шайланып келчү, анткени аларда бүт ресурстар колунда болчу.
“Азаттык”: - Жана угуп кеттик, саясатта жаңы жүздөр, аялдар жок деп айтылды. Буга дагы эмне тоскоолдуктар болуп атат. Жаңы жүздөрдү, жаңы саясатчылардын муунун тарбиялап чыгуу үчүн балким кандайдыр бир программа керектир?
Гүлжамал Султаналиева: - Адам өзүнүн коомчулугуна жараша өнүгөт, бирөөнү ээрчип, кагыласың, согуласың, далай жолу жыгыласың, ошол учурда көтөрмөлөгөн кишилер да керек болот. Мына ушул аркылуу саясатчы болуп келесиң да. Бүгүнкү күнү жаңы саясатчылар кошулган жок, анын арасында жаңы аялдарды көргөн жокпуз дегенге кошулбайт элем. Бүгүнкү күнү парламентте болобу, же парламенттен сырткаркы бийлик структурасында, же жарандык коомдо болобу, мен ойлойм аялдардын арасында жаны-жаңы лидерлер чыгып келатат. Жөн гана аларды көрө билиш керек.
Динара Молдошева: - Мен суранат элем аялдар, эркектер деп бөлбөсөк. Анткени ошол эле эркектерди карап көрсөк, акыркы мезгилде жаны жүздөр жок болуп атат. Мен ойлойм, жаңы муун пайда болуп атат, анын арасынан эркек болобу, кыз киши болобу жакшынакай лидерлер өсүп атышат, партиялык структураларда, бейөкмөт уюмдарда. Биздин өлкөбүздүн эң актуалдуу чоң максаты болуш керек, жаңы муунду, жаштарды биз колдошубуз керек, аялдар же эркектер дебей.
“Азаттык”: - Сиз жана айтып кеттиңиз, квота аялдардын убактылуу механизми деп. Качан ушундан арылабыз, качан кыргыз коомчулугу аялдарды шайлап, демилге көтөргөнгө даяр болот?
Динара Молдошева: - Чынын айтканда, партиялык тизме менен келген парламент бүгүнкү күндө абдан туура кадам болгон. Партия аркылуу бир гана аялдар эмес, ошол эле жаштар, мурун жаштар да жок болчу, башка улуттун өкүлдөрү да келип атат. Ар бир процедуранын өзүнчө убактысы болуш керек, бул ишке ашырылганга чейин. Мен ойлойм, эгерде буюрса келечекте деле биз партиялык системадан кетпесек, же жарымы партия менен, жарымы бир мандаттуу округдар, бул деле жакшынакай система деп ойлойм. Бирок сөзсүз түрдө биз партиялык системаны калтырышыбыз керек, анан партиянын ичинде мыйзам чегинде эмес, ошол эле партиянын уставында болуш керек, эгерде тизмени берип атсаң шайлоого сөзсүз түрдө ошол тизмеде жаштар, аялдар, башка улуттардын өкүлдөрү болуш керек.
Гүлжамал Султаналиева: - Чынында мен 1993-жылдан бери генедердик саясатта жарандык коомдон келген өкүл катары жүрөм. 1999-жылы биз аялдарды жергиликтүү кеңешке биринчи жолу шайлоого чыгарабыз дегенде, ошол кампанияны өткөрүп атып, биздин өлкөдө аял президент болооруна үмүт кылдык эле. Бирок тилекке каршы ага жеткен жокпуз, бирок Жогорку Кеңешке 28 аял келип атат. Бул дагы жеңиштердин бири болсо керек. Ошон үчүн буга убакыт керек го.